Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 20-февралы № 120 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Тамчы айылындагы "Ысыккөл" эл аралык аэропортун" реконструкциялоо жөнүндө Кыргыз Республикасында туризмди андан ары өнүктүрүү жана ТУ-154тибиндеги жана ошого окшош аба кемелери менен учууларды ишке ашыруу,Тамчы айылындагы "Ысыккөл" эл аралык аэропортун" реконструкциялоонуаяктоо үчүн инвесторлорду тартуу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте төмөнкүлөр сунуштал-сын: - Тамчы айылындагы "Ысыккөл" эл аралык аэропортунун" мүлктүк комп-лексине баалоо жүргүзүү; - Тамчы айылындагы "Ысыккөл" эл аралык аэропортунун" реконструкци-ясын аяктоо үчүн 2006-жылдын биринчи кварталында инвесторлорду конкурс-тук негизде ВОТтун ("Вuilt, Ореrаtе, Тrаnsfer") же ВООТтун ("Вuilt,ОWN, Ореrаtе, Тrаnsfer") негизинде, кийин биргелешкен ишкана түзүү жана"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун курамынан чыга-руу менен тартуу; - Тамчы айылындагы "Ысыккөл" эл аралык аэропортунун" реконструкци-ясынын биринчи фазасын 2006-жылы аяктоо боюнча иштерди улантуу. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов