Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 22-февралы № 123 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү өзгөчө эсепке алуу менен эњ төмөнкү эмгек акыны белгилөө жөнүндө Эл аралык эмгек уюмунун 131-конвенциясын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына жана "КыргызРеспубликасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү өзгөчө эсепке алуу менен эњтөмөнкү эмгек акыны белгилөө жөнүндө Эл аралык эмгек уюмунун 131-кон-венциясын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбо-оруна макулдук берилсин. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши кара-ган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-далсын. Премьер-министр Ф.Кулов