Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-февралындагы № 121
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга ата-энесинен кароосуз калган балдарды берүүнүн эрежелери жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 11-январындагы № 117 токтомунун редакциясына ылайык) 1. Жалпы жоболор 1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк
кодексине, КыргызРеспубликасынын Жарандык-процесстик
кодексине, Баланын укугу жөнүндөгү
конвенцияга, ошондой эле эларалык укуктун жалпы кабыл алынганпринциптерине жана ченемдерине ылайык иштелип чыкты жана КыргызРеспубликасынын жарандары болгон балдарды Кыргыз Республикасынынжарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар асырап алууда (мындан ары- асырап алуу) балдардын кызыкчылыгын жана укуктарын коргоогобагытталат. 1.2. Бул Жобо төмөнкү тартиптерди аныктайт: - Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды асырап алуугаКыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган КыргызРеспубликасынын жарандарына берүүнү; - Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды асырап алуугачет өлкөлүк жарандарга берүүнү; - Кыргыз Республикасынын аймагында да, анын чегинен сырткары дажашаган Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды асырап алганүй-бүлөлөрдө алардын жашоо жана тарбиялануу шарттарына көзөмөлдүктүишке ашырууну. 1.3. Жашы жете элек балдарды асырап алууга төмөнкү учурларда жолберилет, эгерде бирден бир атасы же энеси, же экөө тењ:- каза болуп калса; - дайынсыз жоголуп, сот тарабынан дайынсыз жок делип же каза болдудеп таанылса; - сот тарабынан жарамсыз деп табылса; - сот тарабынан ата-энелик укуктан ажыратылса; - белгиленген тартипте асырап алууга макулдук берилсе; - сот тарабынан себепсиз деп таанылган себептер боюнча, бала менен6 айдан ашык чогуу жашабаса, аны тарбиялоодон жана багуудан баштартса. Ата-энеси белгисиз болуп, табылган баланы (таштанды баланы) асырапалуу Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте ички иштероргандары тарабынан берилген тиешелүү актынын негизинде жүргүзүлүшүмүмкүн. 1.4. Асырап алуучулар эрезеге жеткен эркектер да, аялдар да болушумүмкүн, буларга төмөнкүлөр кирбейт: 1) сот тарабынан жарамсыз деп табылган же жарамдуулугу чектелгенадамдар; 2) бири сот тарабынан жарамсыз же жарамдуулугу чектелген дептабылган жубайлар; 3) сот тарабынан ата-энелик укуктан ажыратылган же сот тарабынаната-энелик укугу чектелген адамдар; 4) мыйзам тарабынан ага тагылган милдетин тиешелүү аткарбагандыгыүчүн камкорчу (көзөмөлчү) милдетинен четтетилген адамдар; 5) мурда бала асырап алгандар, эгерде сот тарабынан алардын күнөөсүбоюнча асырап алуу жокко чыгарылса; 6) ден соолугуна байланыштуу ата-энелик укугун аткара албаганадамдар; 7) асырап алуу учурунда асыралган баланын жашоо-турмушу жанаөнүгүшү үчүн нормалдуу шартты камсыз кылуучу кирешеси жок адамдар; 8) туруктуу жашаган жери жок адамдар; 9) асырап алуу мезгилинде жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнөкаршы атайын кылмыш үчүн соттуулугу бар адамдар; 10) алкоголду, бањги каражаттарын ашкере пайдалангандар; өнөкөтжугуштуу оорулар менен ооруган адамдар. Никеге катталбаган адамдар бир эле баланы бирге асырап алаалышпайт. 1.5. Асырап алууга талапкерлер төмөнкүлөргө жеке милдеттүү: - асырап ала турган баланын документтери менен таанышууга; - баланын ден соолугу жөнүндөгү медициналык корутунду менентаанышканын жазуу жүзүндө ырастоого; - асырап алуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин бала менентаанышуу жана (же) маектешүү үчүн балдардын жатак мекемесине жолдомоалууга жана маектешүү өткөрүүгө асырап алуучу бала жашаган аймактагыжергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттикадминистрациянын тиешелүү камкордук жана көзөмөлчүлүк органынакелүүгө; - асырап алууга бериле турган бала менен таанышууга жана байланыштүзүүгө; - ушул Жобого ылайык зарыл болгон документтерди даярдоого; - асырап алуу боюнча чечимди алууга (Кыргыз Республикасынын жараныүчүн - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын чечими; Кыргыз Республикасынын аймагынынчегинен сыртта туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны, четөлкөлүк жарандар үчүн - соттун чечими); - асырап алуу жөнүндөгү чечимди алгандан кийин баланы жашаган жетурган жеринен алып кетүүгө. 1.6. Асырап алуу боюнча ортомчулук иш-аракетке, башкача айткандабала асырап алууну каалаган адамдардын атынан же аньш кызыкчылыгындаасырап алууга балдарды тандоо жана берүү максатындагы башка адамдардынже коомдук уюмдардын бардык иш-аракетгери, анын ичинен бала жөнүндөмаалымат, балдардын сүрөтүн жана көрмө тасмаларды берүүгө жана асырапала турган баланы кошумча медициналык экспертизадан өткөрүүгө кескинтыюу салынат. 2. Кыргыз Республикасынын жараны болгон балдарды Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын асырап алуусу 2.1. Кыргыз Республикасынын бала асырап алууну каалаган жарандарыөздөрү жашаган жердеги же баланын жашаган жериндеги камкордук жанакөзөмөлчүлүк органына асырап алуучу болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндөкорутунду берүүнү өтүнүп, төмөнкү документтерди тиркөө менен арызберет: 1) толук өмүр баяны; 2) иштеген жеринен ээлеген кызматын жана эмгек акысын көрсөткөнмаалымкат же кирешеси жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; 3) жарандардын чогуу кирешеси жөнүндөгү маалыматтардын көчүрмөсүжана жашаган жериндеги үй китепчесинен көчүрмө же болбосо турак-жайынаменчик укугун тастыктаган документ; 4) ички иштер бөлүмүнөн соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат; 5) асырап алууну каалаган адам жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн денсоолугу жөнүндө мамлекеттик дарылоо-алдын алуучу мекемесинен КыргызРеспубликасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген тартиптетаризделген медициналык корутунду; 6) жашаган жериндеги камкордук жана көзөмөлчүлүк органынан асырапалуучу болууга мүмкүнчүлүгүн ырастаган (асырап алуучу үй-бүлөнүн арбир мүчөсүнө) корутунду; 7) нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (эгерде никеде турса); 8) иштеген жана жашаган жеринен мүнөздөмө; 9) үй-бүлөнүн жашоо-тиричилик шартын текшерүү актысы; 10) жашаган жеринен жана үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат. Бул пункттун 2-4-пунктчаларында саналган документтер берилгенкүндөн баштап үч айга чейин, ал эми ден соолугу жөнүндөгү медициналыккорутунду бир айга чейин жарактуу. Асырап алуу өтүнүчү менен кайрылган адам паспортун, ал эми КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында каралгањ учурларда ким экендигинтастыктаган башка документин көрсөтүшү керек. 2.2. Камкордук жана көзөмөлчүлүк органы балага үй-бүлөлөрдү тандапберүүнү ишке ашырат, Кыргыз Республикасынын жарандарына бала асырапалууга байланыштуу маселелерди түшүндүрүп берет. 2.3. Камкордук жана көзөмөлчүлүк органдары асыроочу болуумүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду даярдоо үчүн бала асырап алуунукаалагандардын социалдык-тиричиликтик шарттарын текшерүүнүннатыйжасында акты түзөт. 2.4. Арыздын жана ага тиркелген документтердин, ошондой эле балаасырап алууну каалагандардын социалдык-тиричилик шартгарын изилдегенактынын негизинде камкордук жана көзөмөлчүлүк органдары арыз түшкөнкүндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде алардын асырап алуучу болуугамүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду даярдашат, ал бала асырап алуугаталапкер катарында каттоого алуу үчүн негиз болуп саналат. Көзөмөлчүлүк жана камкордук органдары терс корутундуну жана аганегизделген асырап алууга талапкерлер катарында каттоодон баш тартуунуага кол коюлган күндөн баштап 5 күндүн ичинде арыз берүүчүгөбилдиришет. Ошол эле убакта арыз берүүчүгө бардык документтерикайтарылып берилет жана камкордук жана көзөмөлчүлүк органы тарабынанкабыл алынган чечимге даттануунун тартиби түшүндүрүлөт. 2.5. Асырап алууга талапкер катары жарандарды каттагандан кийинкамкордук жана көзөмөлчүлүк органдары аларга асырап алышы мүмкүнболгон бала (балдар) жөнүндө маалымат беришет жана баланын (балдардын)жашаган (турган) жерине барууга жолдомо беришет. 2.6. Бала асырап алууга талапкерлер төмөнкүлөргө укуктуу: - бала жана анын болгон туугандары жөнүндө толук маалымат алууга; - бала жашаган мекеменин өкүлүнүн катышуусу менен асыралуучу баланымедициналык көз карандысыз кайрадан күбөлондүрүү өткөрүү үчүнмедициналык мекемеге кайрылууга. 2.7. Эгерде баланы асырап алууга талапкерлер өздөрү жашаган жерденбала тандай алышпаса, өзүнүн каалоосу боюнча башка камкордук жанакөзөмөлчүлүк органы же болбосо Кыргыз Республикасынын Билим берүү,илим жана жаштар саясаты министрлигине асырап алуучу бала жөнүндөмаалымат алуу үчүн кайрыла алышат. 2.8. Конкреттүү баланы асырап алуу мүмкүндүгү жөнүндө маселеничечүү үчүн негиз болуп асырап алууну аныктоо тууралуу өтүнүч мененасырап алууга талапкерлердин арызы эсептелет, аны алар баланын жашаган(турган) жериндеги камкордук жана көзөмөлчүлүк органына КыргызРеспубликасынын үй-бүлөлүк
кодексинде жана Кыргыз РеспубликасынынЖарандык-процесстик
кодексинде белгиленген тартипте беришет. 2.9. Он жашка чыккан баланы асырап алууда анын жазуу жүзүндөгүмакулдугу талап кылынат. Баланын макулдугу камкордук жана көзөмөлчүлүкорганы тарабынан аныкталат жана өзүнчө документте же болбосо асырапалуунун негиздүүлүгү жөнүндөгү жана анын асыралуучу баланын таламынаылайыктыгы жөнүндөгү корутундуда чагылдырылат. Эгерде жергиликтүү мамлекеттик администрацияга асырап алуу жөнүндөарыз бергенге чейин бала асырап алуучунун (алуучулардын) үй-бүлөсүндөжашаса жана аны (аларды) өз ата-энем деп эсептесе асырап алуу өзгөчөтартипте асыралуучунун макулдугусуз жүргүзүлүшү мүмкүн. 2.10. Ата-энеси баланы асырап алууга конкреттүү адамга же болбосоконкреттүү адамды көрсөтпөстөн макулдук бере алат. Ата-энелердиналардын баласын асырап алууга макулдугу ал төрөлгөндөн кийин ганаберилиши мүмкүн жана нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 2.11. Асырап алуу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жешаардын мэриясынын чечими менен баланын туруктуу жашаган жери боюнчаКыргыз Республикасынын жарандык-процесстик мыйзамдарында белгиленгентартипте жүргүзүлөт. 2.12. Асыралуучу баланын туруктуу жашаган (турган) жери боюнчакамкордук жана көзөмөлчүлүк органы асырап алуунун негиздүүлүгү жөнүндөжана асыралуучу баланын таламына анын ылайыктыгы тууралуу асыралуучубала менен асырап алуучунун (асырап алуучулардын) жекемаектешүүсүнүнүн фактысы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү мененкорутунду даярдайт. Балага таандык мүлктүн турган жерин жана анынсакталышы боюнча көрүлгөн чараларды көрсөтүү менен мүлктүн тизмесиндаярдайт. 2.13. Асырап алуучулардын жана асыралуучу баланын укуктары жанамилдеттери баланы асырап алууну аныктагандыгы жөнүндө жергиликтүүмамлекеттик администрациянын чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөнбаштап пайда болот. 2.14. Асырап алуучулар паспортун же асырап алуучунун ким экендигинырастоочу башка документин жана жергиликтүү мамлекеттикадминистрациянын чечимин көрсөтүп, баланы жашаган (турган) жериненжеке өзү алып кетүүгө милдеттүү. 2.15. Мамлекеттик балдар мекемесинде тарбиялануудагы баланы асырапалууда ушул мекеменин директорунун жазуу жүзүндөгү макулдугу талапкылынат. Бала өкмөттүк эмес кайрымдуулук балдар үйүндө, жетим балдарүйүндө болгон учурда мекеменин жайгашкан жериндеги камкордук жанакөзөмөлчүлүк органынын макулдугу талап кылынат. 2.16. Ата-энелеринињ камкордугусуз калган балдар туруучу балдаринтернаттарынын же башка балдар мекемелеринин администрациясынынасыралышы же көзөмөлдүккө, камкордукка берилиши мүмкүн болгонбалдардын ушул мекемелерде болушу жөнүндө маалыматтарды билдирүүсүнөжана ушундай балдар жөнүндө маалыматтарды камкордук жана көзөмөлчүлүкорганынан, Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштарсаясаты министрлигинен башка айрым жарандарга же юридикалык жактаргаберишине таптакыр тыюу салынат. Ата-энелеринин камкордугусуз калганбалдар турган интернат мекемелери жайгашкан жердеги камкордук жанакөзөмөлчүлүк органынын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз ушул балдар мененаларды асырап алуу, көзөмөлчүлүк, камкордук көрүү, асырап алуунукаалаган адамдардын көзөмөл кылуусу же балага көзөмөлчүлүк, камкордуккөрүү максатында Кыргыз Республикасынын жарандары менен тааныштыруугажол берилбейт. 2.17. Балдардын кызыкчылыгына асырап алуу туура келген учурлардыкошпогондо бир туугандарды (ага, ини, карындаш, эже) түрдүү адамдардынасырап алышына жол берилбейт. 2.18. Асырап алууда бир туугандарды бөлүү асырап алуучулар асырапалуунун сырын сактоону суранбаганда жана асырап алынган баланын биртуугандары менен мамиле түзүүсүнө тоскоол болбоого милдеттенме алганучурда уруксат берилет. Асырап алууда бир туугандарды бөлгөн учурда жергиликтүү мамлекеттикадминистрациянын алдындагы камкордук жана көзөмөлчүлүк органы жежергиликтүү өз алдынча башкаруу органы асырап алуучуларга баланын биртуугандары бар экендигин жана алардын турган жерлери жөнүндө билдирүүмилдетин жүктөйт. 2.19. Асырап алынган балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарынкоргоо максатында асырап алынган баланын жашаган жериндеги камкордукжана көзөмөлчүлүк органы анын жашоо жана тарбиялануу шартынаконтролдук жүргүзөт. 2.20. Аймагында баланы асырап алуу жүргүзүлгөн камкордук жанакөзөмөлчүлүк органы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечимимыйзамдуу күчүнө киргенден кийин 7 күндүк мөөнөттө асыралган баланынжашоосунун жана тарбиялануусунун шарттарына контролдук жүргүзүү үчүнтиешелүү маалыматты асыралган бала менен асырап алуучунун(алуучулардын) жашаган жериндеги камкордук жана көзөмөлчүлүк органынажиберет. Айтылган маалыматтарды жиберүүдө асырап алуунун сырысакталууга тийиш. Аны жайылтып жиберүүгө күнөөлүү адамдар КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 2.21. Асыралган баланын жашоосунун жана тарбияланышынын шарттарынконтролдук текшерүү камкордук жана көзөмөлчүлүк органынын балалыктыкоргоо боюнча инспектору тарабынан асырап алуу аныкталгандан кийинкиалгачкы үч жылдын ичинде жыл сайын жүргүзүлөт. үч жыл өткөндөн кийинконтролдук текшерүү жүргүзүү зарылдыгы асырап алуучунун (алуучулардын)үй-бүлөсүндө түзүлгөн конкреггүү жагдайга ылайык камкордук жанакөзөмөлчүлүк органы тарабынан аныкталат. Асыралган баланын жашоосунунжана тарбиялануусунун шарттарын контролдук текшерүү асырап алуунунсырын сактоо менен жүргүзүлөт. 2.22. Камкордук жана көзөмөлчүлүк органынын балалыкты коргоо боюнчаүй-бүлөгө келген адиси контролдук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнчаасыралган баланын жашоосунун жана тарбиялануусунун шарттары жөнүндөотчет түзөт. Отчетто баланын ден соолугунун абалы, окуусу, анынэмоционалдык жана жүрүм-турумдук өнүгүшү, өзүн-өзү тейлөө көндүмү,тышкы көрүнүшү жана үй-бүлөдөгү өз ара мамилеси жөнүндө маалыматтарчагылдырылууга тийиш. 3. Кыргыз Республикасынын жараны болгон балдарды чет өлкөлүк жарандардын асырап алышы (КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 11-январындагы № 117 токтомуна ылайык күчүн жоготту)