Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 24-февралы N 125 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 11-майындагы N 198 "Республиканын минералдык чийки зат негизин өнүктүрүүгө каражат чегерүү, геологиялык чалгындоо иштерин жана геология тармагын финансылоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасын-дагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 11-майындагы N 198"Республиканын минералдык чийки зат негизин өнүктүрүүгө каражат че-герүү, геологиялык чалгындоо иштерин жана геология тармагын финансылоожөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө жана калыбына келтирүүгөкоторуулар жөнүндө"; - 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө жана калыбына келтирүүгөкоторуулар республикалык бюджетке түшөт"; - 5-пункт күчүн жоготту деп эсептелсин; - 2-пунктундагы ", Кыргыз Республикасында геологиялык чалгындоожумуштарын жана геологиялык тармакты каржылоо" деген сөздөр алып салын-сын. 2. Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Республиканын ми-нералдык чийки зат негизин өнүктүрүүгө каражат чегерүү, геологиялыкчалгындоо жумуштарын жана геология тармагын финансылоо жөнүндө жобоготөмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө жана калыбына келтирүүгөкоторуулар жөнүндө жобо"; - 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Жер казынасын пайдалануучу ишканалардын минералдык-сырьелукбазаны өнүктүрүүгө жана калыбына келтирүүгө которуулары кирешелер боюн-ча операциялардын квалификациялык структурасынын 26000-коду боюнча ча-гылдырылат"; - 8, 9, 10, 11 жана 12-пункттар күчүн жоготту деп эсептелсин; - 6-пунктундагы "Кыргызстан Республикасынын Геологиямамкому" дегенсөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөэдөргө алмаштырыл-сын. Премьер-министр Ф.Кулов