Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-февралы, №128 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 608 «Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маселелери» жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
«Мамлекеттик органдын статс-катчысынын Жогорку администрациялыкмамлекетгик кызмат ордун түзүү жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдүкиргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 16-январындагы № 10
Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдьш 23-декабрындагы № 608«Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маселелери» жөнүндө
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз РеспубликасынынМаданият министрлиги жөнүндөгү
жободо: - 10-пункт төмөнкү редакцияда бекитилсин: «10. Министрдин статс-катчысы жана эки орунбасары болот. Статс-катчыны кызматка Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушужана министрдин макулдугу менен менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындайт жана кызматтан бошотот. Статс-катчынын милдеттерименен ыйгарым укуктары Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш бекиткен статс-катчы жөнүндөгү жобо менен аныкталат. Министр статс-катчыга башка ишмилдеттер менен ыйгарым укуктарды жүктөшү да мүмкүн. Министрдин орунбасарларын министрдин сунушу боюнча КыргызРеспубликасынын Премьер-министри дайындайт, алар министрге түздөн түзбаш ийет жана ишмердигин өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде ишкеашырат.»; - 11-пункттун 5-абзацы «министрдин орун басарлары,» деген сөздөрдөкийин «статс-катчысы,» деген сөздөр менен толукталсын; - 7-пункттун 17-абзацы «ведомствого караштуу мекемелер,» дегенсөздөрдөн кийин «маданиятты башкаруунун аймактык органдары,» дегенсөздөр менен толукталсын; - 12-пункт «министр (коллегиянын төрагасы)» деген сөздөрдөн кийин«стас-катчы» деген сөз менен толукталсын. Премьер-министр Ф.Кулов