Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы № 130
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор II. Маммүлккомдун максаттары III. Маммүлккомдун милдеттери IV. Маммүлккомдун иш милдеттери V. Маммүлккомдун укуктары VI. Маммүлккомдун иштерин уюштуруу VII. Мамлекеттик мүлк фонду VIII. Банкроттук иштери боюнча башкармалык IX. Маммүлккомдун аймактык органдары X. Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары менен өз ара карым-катнашы XI. Финансы жана чарбалык иштер Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитетинин, анын органдарынын иш-аракеттеринин укуктук жа-на уюштуруу негиздерин, алардын өз ара, ошондой эле мамлекеттик бийликжана башкаруу органдары менен өз ара мамилелерин аныктайт. I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети (мындан ары - Маммүлкком) мамлекеттик мүлктүн ээсикатары мамлекеттин таламдарын көздөөчү, мамлекеттик мүлктү башкаруу жа-на менчиктештирүү, банкроттукту алдын алуу, банкроттук процессин ишкеашыруунун шарттарын камсыз кылуу, баалоо иш-арекеттерин өнүктүрүүнү иш-ке ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органы болупсаналат. 2. Маммүлкком өз ишинде Кыргыз Республикасынын
Конституциясын,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти-нин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ток-томдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укукактыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат. 3. Белгиленген тартипте Маммүлккомдун өз компетенциясынын чегиндекабыл алынган буйруктарын, нускамаларын аткаруучу бийликтин Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн органдары, жергиликтүү мамлекеттик администраци-ялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер,уюмдар жана Кыргыз Республикасынын жарандары аткарууга милдеттүү. 4. Маммүлкком юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик герби менен өз аталышы мамлекеттик жана расмий тилдердетүшүрүлгөн мөөрү, ошондой эле казыналык системасында жана Кыргыз Рес-публикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Борбордук казыналыкбанк-агенттеринде эсептери болот. 5. Маммүлккомдун борбордук аппаратынын түзүмү жана кызмат орундарыКыргыз Республикасын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет. Ве-домстволук жана аймактык органдардын түзүмү менен кызмат орундарыМаммүлккомдун буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилегенкызматкерлердин чектелген санынын алкагында бекитилет. II. Маммүлккомдун максаттары 6. Маммүлккомдун максаттарына төмөнкүлөр кирет: - мамлекеттик мүлктү пайдалануунун, башкаруунун жана менчиктеш-тирүүнүн натыйжалуулугун камсыз кылуу; - ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана банкроттук-ту алдын алуу боюнча чараларды камсыз кылуу; - Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттерин өнүктүрүү үчүншарттарды түзүү. III. Маммүлккомдун милдеттери 7. Маммүлккомдун негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет: 7.1. Мамлекеттик менчикти башкаруу жана тескөө жана мамлекеттикмүлктү менчиктештирүү саясатын ишке ашыруу. 7.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жолу менен мам-лекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, заманбап баш-каруу кадрларын түзүү, мамлеккеттик менчикти башкарууга, эсепке алуугажана аларды пайдаланууну контролдоого квалификациялуу башкаруучулардытартуу. 7.3. Ишканалардын банкроттугун (кудуретсиздигин) алдын алуу жанаКыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарын ишке ашыруу боюн-ча мамлекеттик саясаты жүргүзүү. 7.4. Төлөөгө кудуретсиз чарбакер субъектилерди банкроттоо процес-синин алкагында чыњдоо. 7.5. Менчиктештирүү, банкроттоо процесстеринде ачык-айкындуулуктукамсыз кылуу. 7.6. Кыргыз Республикасынын мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарынкоргоону камсыз кылуу. 7.7. Баалоо институгтарын аларды укуктук жактан камсыз кылуу жанакоординациялоо жолу менен өнүктүрүү жана өркүндөтүү. IV. Маммүлккомдун иш милдеттери 8. Коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн Маммүлкком төмөнкү ишмилдеттерди аткарат: 8.1. Тармактык саясаттын иш милдеттери: - мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын, республиканынэкономикасы үчүн стратегиялык жактан маанилүү секторлордун жана объек-тилердин тармактык концепцияларын жана жекече программаларын иштеп чы-гуу; - мүлк мамилелерин, менчиктештирүү процесстерин, мамлекеттикмүлктү башкарууну, тескөөнү, сарамжалдуу пайдаланууну жана сакталышынконтролдоону, банкроттоо маселелерин, баалоо иш-аракеттерин жөнгө салу-учу ченемдик укуктук актыларды, программаларды, методикалык документ-терди иштеп чыгуу; - банкроттоо жана аны алдын алуу жагында Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык макулдашылган мамлекеттик саясатты жүргүзүү; - баалоо иш-аракеттерин өнүктүрүү боюнча мамлекеттин саясатын ишкеашыруу, укуктук камсыз кылуу жолу менен Кыргыз Республикасында баалооинститутун өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруу. 8.2. Жөнгө салуу иш милдеттери: - банкроттоо процессинде жарандардын иш-аракеттерин администратор-лор катары лицензиялоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыклицензияны алып коюу; - мамлекеттик мекемелер менен ишканаларга түзүлүп жаткан юридика-лык жактардын уюштуруучусу катары чыгуусуна жана алардын уюштуруучулар-дын курамынан чыгуусуна макулдук берүү. 8.3. Координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо иш милдеттери: - мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү бо-юнча мамлекеттик органдардын жана коммерциялык структуралардын иш-ара-кеттерин координациялоо жана иштерин уюштуруу; - мүлк мамилелерин жана менчиктештирүү процесстеринин маселелерин,мамлекеттик мүлктү башкаруу, тескөө, сарамжалдуу пайдалануу, сактоо ма-селелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларынын аткарылышын конт-ролдоо; - баалоо иш-аракеттерин өнүктүрүү боюнча иштерди координациялоо; - мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишимдери менен аныкталгансатып алуучулардын милдеттемелеринин аткарылышын эсепке алуу, контрол-доо жана камсыз кылуу; - маалыматтардын дивиденддик базасын түзүү жана жүргүзүү, акция-лардын мамлекеттик пакети үчүн дивиденддерди туура эсептөөгө көз салуу,дивиденддерди өз убагында төлөөнү камсыз кылуу боюнча чараларды жанаконтролду ишке ашыруу; - мамлекеттик мүлктү ижарага алгандыгы үчүн ижара акысын өз уба-гында төлөөнү контролдоо; - менчигинде акциялардын мамлекеттик пакети (үлүшү) болгон мамле-кеттик ишканалар жана мекемелерде, чарбакер шериктиктерде (коомдордо)мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча иштер, мамле-кеттик мүлктү сактоо жана сарамжалдуу пайдаланууну контролдоо боюнчаиштерди уюштуруу, мамлекеттик менчикти тескөө маселелери боюнча мамле-кеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо; - мамлекеттин акциялар пакети бар акционердик коомдордун башкарууоргандарынын иш-аракеттерин талдоо, корпоративдик башкаруунун натыйжа-луулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу; - менчигинде мамлекеттин үлүшү болгон объекттердин иш-аракеттеринмониторингдөө; - администраторлордун отчеттук маалыматтарын жыйноо жана КыргызРеспубликасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык аларга талаптар-ды бекитүү; - Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мый-замына ылайык банкроттоо процессинин шарттарын ишке ашырууну камсыз кы-луу жана Кыргыз Республикасынын бакроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайыкбанкроттоо процессинин жол-жоболорун администраторлордун жүргүзүүсүнөконтролдук кылууну ишке ашыруу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктагантартипте, аларга карата мамлекет кредитор болгон, карызкорлорго банк-роттоо процессинин жол-жоболорун козгоо маселелеринде мамлекеттин жал-гыз өкүлүнүн ыйгарым укугун ишке ашыруу. Алардын катышуучусу (менчикээси) мамлекет болгон, карызкорлорду банкроттоо процессинде мамлекеттинкызыкчылыгын көздөө; 8.4. Кызмат көрсөтүү иш милдеттери: - мамлекеттик менчикти менчиктештирүү боюнча практикалык чаралардыишке ашыруу; - мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелери боюнча жеке адам-дардын жана юридикалык жактардын даттанууларын жана арыздарын та-лаш-тартыш учурларында белгиленген тартипте кароо; - менчигинде акциялардын мамлекеттик пакети (үлүшү) болгон мамле-кеттик ишканалар менен чарбакер шериктиктерде (коомдордо) иштөө үчүнзаманбап башкаруу кадрларын түзүү; - мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу уку-гунда бекитүү, мамлекеттик мүлктү ижарага, мамлекеттик мүлктү ишенимдүүбашкарууга жана күрөөгө берүү, мамлекеттик мүлктү күрөөгө коюга макул-дук берүүдө экспертизаны белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Топто-мо реестрге киргизилген администрациялык имараттарды (жайларды) баланс-тан баланска өткөрүүнү (берүүнү) ишке ашыруу; - мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү, банкроттоо, баалоо иш-аракет-тери жагында жүргүзүлгөн мамлекеттик саясат боюнча Кыргыз Республикасы-нын мамлекеттик органдарына консультация берүү; - ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган менен бирге ири, эконо-микалык же социалдык жактан маанилүү чарбакер субъектилерди финансылыкжактан жакшыртуу боюнча сунуштарды, аларга карата банкроттоо процесси-нин жол-жоболорун колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуш-тарды даярдоо, мындай объектилерде банкроттоо процессин козгоо жанабанкроттоо процессинин алкагында аларды жакшыртуу маселелеринде комп-лекстүү мамилени ишке ашыруу; - менчиктештирүү боюнча комиссияларды түзүү жана алардын ишине ка-тышуу, төлөмгө кудуретсиз карызкорлордун мүлкүнүн наркын баалоо жанаинвентаризациалоо боюнча иштерге катышуу; - соттун, прокуратуранын же башка ыйгарым укук берилген органдынсуроо-талабы боюнча төлөмгө кудуретсиз чарбакер субъектилердин белгиле-ри болгондугу жөнүндө корутунду даярдоо; - администраторлордун отчеттору боюнча (банктардын банкроттугунантышкары, сот тартибинде банкроттоо процессин жүргүзгөндө) сотко кору-тундуну берүү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аукциондорду (кон-курстарды) уюштуруу, анын ичинде төлөмгө кудуретсиз карызкорлордунмүлкүн сатуу боюнча; - банкроттоо процессин ишке ашыруу жол-жоболору боюнча администра-торлорду, ошондой эле баалоо иш-аракеттерин, кризиске каршы башкаруунужана башка багыттагы иштерди ишке ашыруучу адамдарды даярдоо, кайра да-ярдоо жана адистигин жогорулатуу; - банкроттук, баалоо жана баалоо иш-аракеттери жөнүндө мыйзамдардыколдонуу боюнча практикалык курстарды жана семинарларды уюштуруу жанаөткөрүү. 8.5. Колдоо иш милдеттери: - мамлекеттик мүлктүн менчиктештирилген объектилерин, мамлекеттинакциялар пакети бир акционердик коомдорду эсепке алуу жана реестринжүргүзүү, чет өлкөдөгү мамлекеттик менчикти эсепке алуу; - мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана мамлекеттен ажыратуупрограммасын ишке ашыруунун жүрүшүндө менчиктештирүү процессинин дина-микасына мониторинг жүргүзүү жана талдоо; - ижарага берүүдөн түшкөн кирешелерди, дивиденддерди жана мамле-кеттик менчиктен түшкөн башка кирешелерди, мыйзамдарда белгиленген тар-типте жана ченемдерге ылайык мамлекеттик мүлктү сатып алуу үчүн акчакаражаттарын алуу жана которуу; - ири, экономикалык же социалдык жактан маанилүү чарбакер субъек-тилердин финансы-экономикалык абалын эсепке алуу (мониторинг) жана тал-доо, мыйзам тартибинде банкрот (кудуретсиз) деп таанылган (жарыяланган)чарбакер субъектилердин уюштуруу-укук формаларына жана менчигининтүрүнө карабастан төлөмгө кудуретсиз карызкорлорду эсепке алуу (монито-ринг), банкроттоо процессинин жол-жоболору колдонулган чарбакер субъек-тилердин иш-аракеттерин талдоо жана бул жол-жоболорду колдонуунун прак-тикасын жалпылоо; - менчиктештирүү, мамлекеттик менчикти башкаруу, банкроттоонунжол-жоболору, баалоо иш-аракеттери, бул чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттыжүргүзүү маселелери боюнча үгүттөө жана түшүндүрүү иштерин мааалыматтыкжана программалык камсыз кылуу; - белгиленген тартипте иш кагаздарын жүргүзүү, Кыргыз Республика-сынын Президентинин жарлыктарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнтоктомдорун жүзөгө ашыруунун жүрүшүнүн мониторингин ишке ашыруу, доку-менттердин өз убагында аткарылуусун оперативдүү контролдоо, документ-тердин эсебин жана сакталуусун, архив жүргүзүү, Маммүлкомдун документ-теринин жашырындуулук режимин камсыз кылуу, документтердин мамлекеттик,расмий жана чет тилдерге которулуусун камсыз кылуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Маммүлккомдун систе-масындагы кадрларды тандоо жана жайгаштыруу, аларды окутуу жана кызма-тын жогорулатууну ишке ашыруу; - Маммүлккомдун системасындагы финансы-чарбалык иштерине бухгал-тердик эсеп жана отчеттуулукту жүргүзүү. V. Маммүлккомдун укуктары 9. Маммүлкком ага жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүнтөмөнкүлөргө укуктуу: - мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу, менчиктештирүү жанабашкаруу, кудуретсиз ишканаларды банкроттоочу, баалоо иш-аракеттеринжөнгө салуучу ченемдик укук актыларын, методикалык документтерди өзкомпетенциясынын чегинде иштеп чыгууга жана бекитүүгө, ошондой элеаларды колдонуу тууралуу түшүндүрмө берүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттин атынанменчиктештирүү процессинде түзүлгөн юридикалык жактардын уюштуруучу ка-тары чыгууга, акцияларынын мамлекеттик пакети (үлүштөрү) бар чарбалыкшериктиктерде (коомдордо) акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарынишке ашырууга; - акционердик коомдордун башкаруу органдарында мамлекеттик өкүлдөраркылуу мамлекеттик менчикти (үлүштү) башкарууну ишке ашырууга; КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык акционердик коомдорго акциялардынмамлекеттик үлүшүн башкаруу боюнча өкүлдөрдү дайындоого, аларды эсепкеалууга; - мамлекеттин акциялар пакети бар акционердик коомдордун башкарууоргандарына шайлоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды белгиленген тар-типте киргизүүгө; - мамлекеттик ишканаларды акционердик коомдорго өзгөртүп уюштуруу-да мамлекет үчүн акциялар пакетин аныктоого жана сактоого; - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик менчигин баш-каруу боюнча иштерди ишке ашырууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү тарабынан ишке ашыруу укугу башка министрликтерге, мамлекет-тик комитеттерге жана администрациялык ведомстволорго берилген юридика-лык арекеттерден башка ишканаларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу бо-юнча чараларды жүргүзүүгө; - мамлекеттик мүлктү юридикалык жактарга алар менен түзүлгөн кели-шимдин негизинде чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга, ижарага жанапайдаланууга берилген тартипте берүүгө; - чарба жүргүзүү укугу менен ишканаларга жана мамлекеттик мекеме-лерге бекитип берилген, ошондой эле башка жактарга белгиленген тартиптеберилген мамлекеттин менчигиндеги мүлктүн өз багыты боюнча пайдаланышынжана сакталышын контролдоого; - башка мамлекеттер менен Кыргыз Республикасындагы жана анын сыр-тындагы мамлекеттик мүлктүн объектилерин ээлөө укугун белгилөөгө, пай-даланууга жана тескөөгө келишимдерди түзүүгө катышууга; - мамлекеттин менчигинде болгон объектилерди менчиктештирүүжөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алуу-га; - Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мый-замына ылайык банкроттоо процессин ишке ашыруунун шарттарын камсыз кы-лууга жана анын ишке ашырылышын контролдоого; - төлөмгө кудуретсиз ишканаларды кайра уюштурууга же ыктыярдуу жо-юу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабылалууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган шартта банк-тарда улуттук жана чет өлкөлүк валютада кредиттерди пайдаланууга; - анын компетенциясына кирген маселелер боюнча эсперттик жанакењеш берүүчү коллегиялуу органдарды түзүүгө; - менчиктештирүү, банкроттоо, баалоо иш-аракеттерин, ошондой элеченемдик укук документтерин иштеп чыгууну ишкеё ашыруу үчүн зарыл бол-гон белгилүү бир иштерди жана кызмат көрсөтүүнү аткарууга укугу барконсультациялык фирмаларды, консалтингдик, баалоочу, аудитордук юриди-калык жана башка түзүмдөрдү, эксперттерди жана адистерди, анын ичиндечет өлкөлүктөрдү дагы тартууга; - сотто доогер жана жоопкер катары чыгууга; - Маммүлккомдун компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн рес-публиканын статистикалык органдарынан, жергиликтүү мамлекеттик адми-нистрациялардан, министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, ишкана-лардан, уюмдардан жана мекемелерден зарыл болгон статистикалык маалы-маттарды, республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан,уюмдарынан жана мекемелеринен статистикалык маалыматтарды, маалыматтыкжана талдоо материалдарын суроого жана алууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мил-деттүү түрдө лицензиялануучу жана Маммүлккомдун компетенциясына кирги-зилген ишмердиктин түрлөрү боюнча лицензияларды берүүгө, лицензиялоонуишке ашырууга жана тиешелүү эсепти жүргүзүүгө; - Маммүлккомдун кызыкчылыктарынын жана компетенциясынын чөйрөсүнөкирген маселелер боюнча басма ишмердигин ишке ашырууга (ченемдик-мето-дикалык, жарнамалык-маалыматтык, маалымдама жана башка материалдар) жа-на басып чыгарылган материалдарды сатууга; - менчиктештирүү жөнүндө чечимдер өзгөртүлгөн же түзүлгөн бүтүмдөрбузулган учурда берилген менчик укугу тууралуу күбөлүктү, сатыпалуу-сатуу келишимин мыйзамдарда белгиленген тартипте жокко чыгарууга; - менчиктештирүү, банкроттук, баалоо иш-аракеттери жагында мамле-кеттик саясатты ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдар-дын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын тартуу-га; - мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө, банкроттоо процессинжүргүзүүдө, баалоо иш-аракеттерин өнүктүрүүдө зарыл болгон илимий-не-гизделген сунуштарды иштеп чыгууга, изилдөөлөрдү жүргүзүүгө илимий ме-кемелер, окуу жайлары, убактылуу эмгек жамааттары, окумуштуулар мененкелишимдерди түзүүгө; - менчиктештирүү процесстери, мамлекеттик менчикти башкаруу, банк-роттоо, баалоо иш-аракеттери менен байланышкан маселелерди чечүү үчүнадистерди даярдоого жана кайра даярдоого катышууга; - ата мекендик ишканалардын инвестициялык жагымдуулугун жогорула-туу, мамлекеттин мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу, менчиктеш-тирүү жана башкаруу, ишканалардын кудуретсиздигин алдын алуу жана баа-лоо иш-аракеттерин өнүктүрүү маселелеринде башка мамлекеттердин орто-сунда өз ара пайдалуу кызматташууну активдештирүү максатында башка мам-лекеттерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу боюнчаМаммүлккомдун өкүлчүлүгүн ачууга же өкүлдөрүнүн болуусуна; - чет өлкөлүк мекемелер, эл аралык уюмдар, ошондой эле Кыргыз Рес-публикасынын уюмдары менен өз ара пайдалуу негизде өз ара аракеттешүүгөжана кызматташууга, мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жана башкаруу,банкроттоо, баалоо иш-аракеттери жагында башка өлкөлөрдүн жетишкендик-терин жана тажрыйбасын изилдөөгө жана иш жүзүндө пайдаланууга; - мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары мамлекеттин укугун жанакызыкчылыгын коргоону ишке ашырууга; - мамлекеттик мүлктү сатып алуучулардын, башкаруучулардын жанаижарага алуучулардын келишимдик милдеттемелеринин аткарылышын контрол-доого; - мамлекеттик менчикти менчиктештирүү, банкроттоо процессин ишкеашыруунун шарттарын камсыз кылуу, баалоо иш-аракеттерин өнүктүрүүгө ба-гытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башкаиш-аракеттерди жүзөгө ашырууга. VI. Маммүлкомдун иштерин уюштуруу 10. Маммүлкком төмөнкүлөрдөн турган борборлоштурулган система бо-луп саналат: - борбордук аппарат; - ведомстволук органдар: - Мамлекеттик мүлк фонду; - Банкроттук иштер боюнча башкармалык; - аймактык органдар; - аймактык башкармалыктар. Маммүлкком ведомстволук жана аймактык органдардын иштерине белги-ленген тартипте контроль жүргүзөт. Маммүлккомдун чет өлкөлөрдө Маммүлккомдун компетенциясына киргенмаселелер боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу өкүлдүктөрү (өкүлдөрү) болушумүмкүн. Маммүлккомго караштуу өкүлдүктүн (өкүлдөрдүн) иш-аракеттерининконкреттүү укуктук жана уюштуруу негиздери, иш милдеттери жана түзүүкаражаттарынын булактары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талапта-рына ылайык аныкталат. Маммүлкомдун алдында банкроттоонун жол-жоболорун, кризиске каршыбашкарууну, баалоо жана баалоо иш-аракеттери, башка багыттардагы масе-лелер боюнча даярдоочу, кайра даярдоочу, адистигин жогорулатуучу Окууборбору иштейт. Мамүлкком Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкОкуу борборунун иш-аракеттеринин укуктук жана уюштуруу негиздерин, ишмилдеттерин түзүү каражаттарынын булактарын аныктайт. 11. Маммүлкомду төрага жетектейт, аны Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин сунушу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайын-дайт жана кызматтан бошотот. Маммүлккомдо жогорку администрациялык мамлекеттик кызматстатс-катчынын кызмат орду түзүлгөн. Статс-катчыны Мамлекеттик кызматбоюнча кењештин сунушу жана Маммүлккомдун төрагасынын макулдугу мененКыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Рес-публикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошо-тот. Маммүлккомдун статс-катчысынын иш милдеттери жана ыйгарым укугуМамлекеттик кызмат боюнча кењеш бекиткен, Мамлекеттик органдынстатс-катчысы жөнүндө жобо менен аныкталат. Маммүлккомдун төрагасыстатс-катчыга башка иш милдеттерди жана ыйгарым укуктарды, атап айткан-да Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши менен боло турган күндөлүк иш-терди иш жүзүнө ашырууну тапшырышы мүмкүн. Маммүлккомдун төрагасынын эки орун басары болот, алар Маммүлкком-дун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министритарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Төраганын орун басарлары төрагага түздөн-түз баш ийет жанаөздөрүнө жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегиндеМаммүлккомдун ишин уюштурат. 12. Маммүлккомдун төрагасы: - Маммүлкомдун иш-аракеттерине жалпы жетекчилик кылат; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, башка мам-лекеттер, чет өлкөлүк эл аралык өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдар ме-нен мамилелерде Маммүлккомдун атынан чыгат; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча өкмөттөр ара-лык келишимдерге жана макулдашууларга, ошондой эле башка документтергекол коет; - Маммүлккомдун компетенциясынын чегинде буйруктарды жана башкаченемдик укуктук актыларды, ошондой эле уюштуруу жана башка документ-терди чыгарат жана кол коет; - Маммүлккомдун ведомстволук жана аймактык органдарынын ортосундаыйгарым укуктарды бөлүштүрөт. - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык статс-катчынын макул-дугу менен Маммүлккомдун жана анын бардык ведомстволук жана аймактыкоргандарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин кызматка дайындайт жанабошотот, алардын функционалдык (кызматтык) милдеттерин бекитет, квали-фикациялык экзамендин, аттестациянын жыйынтыктары боюнча жанастатс-катчынын сунушу менен мамлекеттик кызматчыларга тиешелүү даражачинин ыйгарат, сыйлоо жана тартиптик жазалоо чараларын көрөт, башкарма-лыктардын жана борбордук аппараттын бөлүмдөрүнүн, ведомстволук жана ай-мактык органдардын жетекчилеринин жоопкерчилик дењгээлин мыйзамдаргаылайык белгилейт; - Маммүлккомдун атынан ишеним кат берет, Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык Маммүлккомдун мүлкүн жана каражаттарын тескейт; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Маммүлккомдун мамлекеттик кыз-маткерлеринин чектелген саны боюнча сунуш киргизет; - Маммүлккомдун кызматкерлерине сыйлык берүү маселесин чечет, жекеүстөктөрдү белгилейт. Маммүлккомдун төрагасы өз ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүнстатс-катчы жана төраганын орун басарларынын ортосунда бөлүштүрүүгөукуктуу. Маммүлккомдун төрагасы Маммүлккомго жүктөлгөн милдеттер менен ишмилдеттердин аткарылышына жоопкерчиликте болот. 13. Маммүлккомдун төрагасы өзү жок учурда өз ыйгарым укуктарынстатс-катчыга же төраганын бир орун басарына жүктөөгө укуктуу. 14. Маммүлккомдо курамына кызматы боюнча Маммүлккомдун төрагасы(коллегиянын төрагасы), статс-катчы, төраганын орун басарлары, ошондойэле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын, Кыргыз Рес-публикасынын Экономика жана финансы министрлигинин, Кыргыз Республика-сынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин өкүлдөрү, Маммүлкком-дун төрагасынын көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-нистри бекитүүчү жана бошотуучу Маммүлккомдун жетекчи кызматкерлерикирген 9 кишиден турган коллегия түзүлөт. Коллегия өз жыйындарында Маммүлккомдун иш-аракеттеринин маселеле-рин, Маммүлкомдун негизги милдеттерин жана иштерин аткарууга байланыш-кан маселелерди карайт, Маммүлккомдун ведомстволук жана аймактык орган-дарынын жетекчилеринин докладдарын жана отчетторун угат. 15. Маммүлккомдун коллегиясы төмөндөгү ыйгарым укуктарга ээ: - мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүүконцепцияларынын жана программаларынын аткарылышын уюштурууга; - стратегиялык объектилер боюнча мамлекеттик менчикти башкаруу,мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү жана чарбакер субъектилердибанкроттоо боюнча токтомдорду кабыл алууга; - Маммүлккомдун, ведомстволук жана аймактык органдарынын структу-ралык маселелерин, мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жана банкроттукмаселерин чечүү үчүн аларды түзүү, кайра уюштуруу, жоюу маселелерин,ошондой эле белгиленген тартипте өз алдынча чарбалык эсептеги структу-раларды түзүү маселелерин кароого; - ведомстволук жана аймактык органдардын чечимдерин, алар КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык келбеген учурда жоюуга; - коллегиянын төрагасынын же анын мүчөлөрүнүн сунушу боюнча мамле-кеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү, чарбакерсубъектилерди банкроттоо, баалоо иш-аракеттеринин башка маселелерин ка-роого. Коллегиянын жыйындары зарыл болгон учурда өткөрүлөт жана протоколменен таризделет. Коллегиянын жыйыны эгерде анын мүчөлөрүнүн үчтөн эки-си катышса укукка ээ болот. Коллегиянын жыйындарындагы чечимдер колле-гия мүчөлөрүнүн жалпы санынан көпчүлүгү добуш бергенде кабыл алынып жа-на токтомдор түрүндө таризделет. Добуштар тењ болуп калган учурлардатөрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат. Маммүлккомдун төрагасы ишти жетектейт жана жыйынды алып барат, алжок учурда бул иш милдетти статс-катчы же төраганын орун басарларынынбири аткарат. Коллегиянын чечими коллегия мүчөлөрүн катыштырбастан коллегиямүчөлөрүн кат жүзүндө сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн. Коллегиянын ишинин тартиби төрага бекиткен Маммүлккомдун иш регла-менти менен аныкталат. Маммүлккомдун ведомстволук жана аймактык органдарынын жетекчилериаларга берилген ыйгарым укуктар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-на ылайык жоопкерчилик тартат. 16. Маммүлккомдун жалпы мааниге ээ актылары приказ түрүндө чыгары-лат. Ченемдик эмес мүнөздөгү актылар буйрук түрүндө чыгарылат. Приказ-дарга Маммүлккомдун төрагасы, ал жок учурда статс-катчы жана төраганынорун басарлары белгиленген тартипте кол коет. Буйруктарга Маммүлккомдун төрагасы, ошондой эле өз компетенциясынакирген маселелер боюнча статс-катчы жана төраганын орун басарлары колкоюшат. 17. Маммүлккомдун иш милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө пайда болгонталаш-тартыштар төмөнкү тартипте чечилет: - ведомстволук жана аймактык органдардын чечимдери Маммүлккомгодаттанылат; - Маммүлккомдун чечимдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө даттаны-лат; - эгер Маммүлккомдун, анын ведомстволук жана аймактык органдарыкабыл алган чечимдердин негизинде юридикалык бүтүмдөр түзүлсө, андаалар республиканын тиешелүү сотторуна даттанылышы жана бузулушу мүмкүн. VII. Мамлекеттик мүлк фонду 18. Мамлекеттик мүлк фонду (мындан ары - Фонд) Маммүлккомго караш-туу өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, казыналыкта эсеби, КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик герби жана өз аталышы мамлекеттик жана рас-мий тилдерде түшүрүлгөн мөөрү бар. 19. Фондго Маммүлкомдун иш милдеттерине ылайык төмөндөгү негизгииш милдеттерди аткаруу жүктөлгөн: - менчиктештирүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкпрактикалык чараларды ишке ашыруу; - белгиленген тартипте мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жана ижа-рага алынган мамлекеттик мүлк үчүн ижара акысынын өз убагындатөлөнүүсүнө контролдук кылуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктүбашкарууга берүү жана мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу жанатескөө боюнча иштер; - белгиленген тартипте мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү жана опе-ративдүү башкарууга бекитүүнү ишке ашыруу; - менчиктештирүү комиссиясынын ишин түзүү жана ага катышуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген берилген ый-гарым укуктун чегинде башка иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу. 20. Фонд ага жүктөлгөн иш милдеттерди аткаруу үчүн төмөндөгү укук-тарга ээ: - мамлекеттин атынан чарбалык шериктиктердин (коомдордун) уюштуру-учусу катары чыгат, акциялардын мамлекеттик пакети (үлүшү) бар чарбалыкшериктиктерде (коомдордо) акционердин (катышуучунун) ыйгарым укугун иш-ке ашырат; - мамлекеттик ишканаларды акционердик коомдорго өзгөртүп уюштуруу-да мамлекет үчүн акциялардын пакетин аныктоо жана сактоо; - мамлекеттик мүлктү белгиленген тартипте чарба жүргүзүүгө, опера-тивдүү башкарууга, ижарага жана пайдаланууга берүүгө; - мамлекеттин менчигинде турган объектилерди менчиктештирүүжөнүндө чечимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабылалууга; - менчиктештирүүнү, баалоо иш-аракеттерин ишке ашыруу үчүн зарылболгон консультациялык фирмаларды, консалтингдик, баалоо, аудитордук,юридикалык жана башка, анын ичинде чет өлкөлүк дагы структураларды тар-тууга; - Фондун компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн республика-нын статистикалык органдарынан, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лардан, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, өзүн өзү башкаруу органдарынан, ишканалар жана мекемелерден за-рыл болгон статистикалык маалыматтарды, маалыматтык жана аналитикалыкматериалдарды суроого жана алууга; 21. Фонд мыйзамдарда каралгандан башка учурларда чарбалык иштердижүргүзүүгө укугу жок. 22. Фондду Маммүлкомдун төрагасы дайындаган директор башкарат. 23. Фондун директору: - Фонддун иш-аракеттерин жетектейт жана Фондго жүктөлгөн милдеттерменен иш милдеттердин аткарылуусуна жеке жоопкерчиликте болот; - үчүнчү жактар менен мамилесинде Фондун атынан чыгат; - Фондун компетенциясынын чегинде приказдарды, буйруктарды, ошон-дой эле уюмдаштыруу жана башка документтерди чыгарат жана кол коет; - Фонддун атынан ишеним кат берет; - менчиктештирүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө чечим кабыл алат; - мамлекеттик мүлктүн объектилеринин баалоо наркын бекитет; - мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жөнүндө чечим кабыл алат; - конкурстарды, аукциондорду өткөрүү боюнча комиссия түзүү жөнүндөчечим кабыл алат; - объектилерди сатууга коюу жөнүндө чечим кабыл алат; - менчиктештирүү объектилерин баалоого (акциялардын мамлекеттикпакеттери, үлүштөр) көз карандысыз баалоо уюмдарын (жеке баалоочу) тар-тат жана келишимдерди түзөт. 24. Директор жок болгон учурда директордун милдетин директордунорунбасары аткарат. 25. Фонддо 5 кишиден турган башкарма түзүлөт. Башкарманын курамынакызматы боюнча Директор (башкарманын төрагасы), директордун орунбасары,бөлүмдөрдүн начальниктери, сектор башчылары кирет. Башкарма өз заседаниелеринде Фондун иш-аракеттеринин маанилүү ма-селелерин карайт. 26. Фондун башкармасы төмөндөгү ыйгарым укуктарга ээ: - Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын аткарууну уюш-турат; - мамлекеттик менчиктин объектилерин менчиктештирүү жөнүндө, аныничинде башка мамлекеттердин аймагында жайгашкандар боюнча да чечимдердибелгиленген тартипте кабыл алат; - Фонд өткөргөн аукциондор, конкурстардын жыйынтыгын бекитет; - башкарманын төрагасынын же анын мүчөлөрүнүн сунуштары боюнчабашка маселелерди карайт. 27. Башкарманын заседаниеси зарыл болгон учурда өткөрүлүп жанапротокол менен таризделет. Башкарманын чечими башкарманын мүчөлөрүнүн катышуусуз башкарманынмүчөлөрүн кат жүзүндө сурамжылоо аркылуу кабыл алынышы мүмкүн. Фондун директору башкарманын ишине жетекчилик кылат жана жыйындыалып барат, ал жок болгон учурда ал иш милдеттерди директордун орунба-сары аткарат. 28. Фонддун ишинин конкреттүү укуктук жана уюштуруу негиздери, ишмилдеттери жана каражат түзүү булактары тиешелүү ченемдик укук актыларжана Маммүлкком бекитүүчү Фонд жөнүндө жобо менен аныкталат. VIII. Банкроттук иштер боюнча башкармалык 29. Банкроттук иштер боюнча башкармалык (мындан ары - Башкармалык)Маммүлккомго караштуу өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, ал аркы-луу Маммүлкком банкроттукту алдын алуу, ошондой эле "Банкроттук (куду-ретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банкроттоопроцессин ишке ашыруунун шарттарын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик сая-сатты ишке ашырат. Башкармалыктын казыналыкта эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекет-тик герби жана өз аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде түшүрүлгөнмөөрү бар. 30. Башкармалыкка Маммүлккомдун иш милдеттерине ылайык төмөндөгүнегизги иш милдеттерди аткаруу жүктөлгөн: - "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-замына ылайык банкроттоо процессин ишке ашыруунун шарттарын камсыз кы-луу жана анын жүрүшүнө контроль жүргүзүү; - ири, экономикалык же социалдык маанилүү чарбакер субъектилердинуюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан алардынфинансы-экономикалык абалына талдоо жүргүзүүнү ишке ашыруу, мындайсубъекттерди финансылык жактан чыњдоо боюнча сунуштарды Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнө берүү; - ири, экономикалык же социалдык маанилүү чарбакер субъектилердинэсебин камсыз кылуу; - "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-замында белгиленген учурларда жана тартипте банкроттоо процессин соттукжана соттон тышкары тартипте козгоону камсыз кылуу; - банкроттоо боюнча адистердин (администраторлордун) кесиптикдењгээлин баалоо, даярдоо системасын уюштуруу, банкроттоо процессиндежарандардын ишмердигин администраторлор катары лицензиялоону жана ли-цензияны кайтарып алууну камсыз кылуу; - Башкармалыктын компетенциясынын чегинде приказдарды, буйруктар-ды, ошондой эле уюштуруу жана башка документтерди чыгаруу жана кол ко-юу; - банкроттоого жана анын алдын алууга байланышкан маселелер боюнчаченемдик укук актыларды өз компетенциясынын чегинде иштеп чыгуу жанабелгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү, ошондой элеалардын аткарылышын контролдоо; - банкроттоо процессинде администраторлордун ишин өнүктүрүүгөкөмөктөшүү; - сот тартибинде банкроттоо процессинин жол-жоболорун жүргүзүүдөадминистраторлорду дайындоо, чететтүү жана бошотуу; - жок болгон карызкорду банкроттоону ишке ашырууда шарттардытүзүү; - банкроттоо процессинде администраторлор катары кесиптик иш-ара-кеттерди жүзөгө ашырган адамдарга талаптарды бекитүү; - администраторлордун отчеттору боюнча сотко корутунду берүү(банкроттоо процессин сот тартибинде жүргүзгөн учурда); - администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана мыйзамтартибинде белгиленген администрациялык жазаларды берүү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштердижүзөгө ашыруу. 31. Башкармалыктын ишинин конкреттүү укуктук жана уюштуруу негиз-дери, иш милдеттери жана каражаттарды түзүү булактары Кыргыз Республи-касынын тиешелүү ченемдик укук актылары жана Маммүлкком бекиткен Баш-кармалык жөнүндө жобо менен аныкталат. IX. Маммүлккомдун аймактык органдары 32. Аймактык органдар Маммүлккомдун чечими боюнча түзүлөт, кайрауюштурулат жана ишин токтотот. 33. Аймактык органдарга Маммүлкомдун иш милдеттерине ылайыктөмөндөгү негизги иш милдеттерди аткаруу жүктөлгөн: - тиешелүү облустарда жана Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттикмүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү боюнча практикалык ча-раларды иштеп чыгуу жана иштерди уюштуруу; - менчиктештирүү процессинин динамикасын, мамлекеттик мүлктү мам-лекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программаларынын аткарылышынынжүрүшүн талдоо жана алардын аткарылышы жөнүндө отчет берүү; - мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча иштер-ди аткаруу, мамлекеттин атынан акцияларында мамлекеттин пакети (үлүшү)бар чарбалык шериктиктердин (коомдордун) акционеринин (катышуучусунун)ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу; - мамлекеттик мүлктүн сарамжалдуу пайдаланылышын жана сакталышын,аны инвентаризациялоону, эсепке алууну жана баалоону контролдоо ишинуюштуруу; - мыйзамдарда белгиленген тартипте банкроттоо процессин ишке ашы-руунун шарттарын камсыз кылуу; - региондордо ишканаларды кайра уюштуруп түзүү, структурасынөзгөртүү, жоюу боюнча иштерди уюштуруу; - мамлекеттик менчик объектилеринин эсебин алуу; - менчиктештирүү процесстерине ишкерлерди тартуу жолу менен рес-публикада чакан жана орто бизнести, жеке менчик секторду өнүктүрүүгөкөмөктөшүү; - Маммүлккомдун мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн натыйжасындатүшкөн дивиденддерди менен акча каражаттарын Кыргыз Республикасынынмыйзамдарда белгиленген тартипте нормативдерге ылайык алуу жана кото-руу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктүижарага, ишенимдүү башкарууга жана күрөөгө берүүнү ишке ашыруу, ижарагаже ишенимдүү башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн пайдаланылуусунаконтролдук кылуу. 34. Мамүлккомдун аймактык органдарынын жетекчилери алардын иш-ара-кеттеринде кетирилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулары үчүнтолук жоопкерчилик тартат. 35. Маммүлккомдун коллегиясынын чечимдерин, приказдарын, буйрукта-рын ведомстволук жана аймактык органдар аткарууга милдеттүү. 36. Аймактык органдарда курамында аймактык органдын начальниги(Кењештин төрагасы), начальниктин орунбасары, бөлүмдүн начальниги, фи-нансы жана юридикалык маселелер боюнча кызматкерлери болгон Кењештүзүлөт. Кењеш мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү, төлөмгө кудуретсизишканалардын жетекчилерин кызматтан алуу жана дайындоо, банкроттоо про-цессинин жол-жоболорун колдонуу, ошондой эле Кењештин төрагасынын суну-шу боюнча башка маселелер жөнүндө чечим кабыл алат. Аймактык органдардын иштеринин конкреттүү укуктук жана уюштуруунегиздери, иш милдеттери жана каражат түзүү булактары Маммүлкком бе-китүүчү тиешелүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жанаАймактык органдар жөнүндө жобо менен аныкталат. 37. Аймактык органдар өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, ка-зыналыкта жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрли-гинин Борбордук казыналыгынын банк-агенттеринде эсептери, Кыргыз Рес-публикасынын Мамлекеттик герби жана өз аталышы мамлекеттик жана расмийтилдерде түшүрүлгөн мөөрү болот. X. Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары менен өз ара карым-катнашы 38. Маммүлкком жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө КыргызРеспубликасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын ат-карылышы жөнүндө жана мамлекеттик менчикти менчиктештирүү процессининжүрүшү жөнүндө, ошондой эле анын компетенциясына кирген башка маселелербоюнча отчет берет. 39. Маммүлкком квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мен-чиктештирүүнүн темпи жана көлөмдөрү, программаларды аткаруунун дењгээлижана мөөнөттөрүн сактоо жөнүндө, каражаттардын менчиктештирүүдөн түшүшүжана сарпталышы жөнүндө, ишканаларды кайра уюштуруунун, санациялоонунжана банкроттоонун жүрүшү, мамлекеттик мүлктү башкаруу жөнүндө маалы-маттарды берет, Зарыл учурда Маммүлкком Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн кат жүзүндөгү суроо-талабы боюнча оперативдүү маалыматтардыберет. 40. Маммүлкком министрликтер, мамлекеттик комиттер жана админист-рациялык ведомстволор менен бирдикте Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүпрограммасын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жактыру-усуна берет. 41. Маммүлкком тармактын ишканаларын мамлекеттен ажыратуу жанаменчиктештирүү жөнүндө айрым министрликтердин, мамлекеттик комитеттер-дин жаиа администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин отчетун угуу-нун зарылдыгы жөнүндөгү сунушун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кир-гизүүгө укуктуу. XI. Финансы жана чарбалык иштер 42. Маммүлкомдун мүлкү негизги фонддордон жана жүгүртүү каражатта-рынан турат. 43. Маммүлккомдун мүлкүн түзгөн булактар төмөнкүлөр: - мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн алынуучу сатуу баасынанашык 7% өлчөмдөгү комиссиялык жыйымы негизин түзгөн Маммүлккомдун өздүккаражаттары; - белгиленген тартипте бекитилген Мамлекеттик менчиктештирүү фон-дунун каражаттарын пайдалануунун тартиби жөнүндө жобого ылайык Мамле-кеттик менчиктештирүү фондунун каражаттары; - депозиттерден кирешелер; - банктын жана башка кредиторлордун кредиттери; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башкабулактар. 44. Маммүлкком атайын каражаттарды үнөмдөөдөн Маммүлккомдун кыз-маткерлерин материалдык жактан колдоо жана өнүктүрүү фондун Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарга ылайык түзүүгө укуктуу. 45. Маммүлкком системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.