КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 1-марты, №136 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорт менен камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорт менен камсыздоомаселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынганчечимдерин тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: "Кыргыз Республикасынын Жаранынын өздүк күбөлүгү жөнүндө жобонубекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-майындагы № 375 токтому менен бекитилген Кыргыз РеспубликасынынЖаранынын өздүк күбөлүгү жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизилсин: - 2-пункттагы "2 жылга чейин" деген сөз "алты айга чейин" дегенсөздөр менен алмаштырылсын; - 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын; - 5-пунктта: биринчи абзацтагы "берилет" деген сөздөн мурда "КыргызРеспубликасынын жарандарына" деген сөздөр менен толукталсын; экинчи абзацтагы "жок болсо" деген сөздөр "паспорту же өздүккүбөлүгү жоголсо" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөдө алмаштырылсын; - 6-пункттун биринчи абзацында "түшүнүктүү кол жазмасы менен" дегенсөздөр "басма тамгалар менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын; - 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "7. Өздүк күбөлүктү толтурууда арыз ээсинин фамилиясы, аты-жөнүжана башка маалыматтары туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же туулгандыгытууралуу актылык жазуунун көчүрмөсүнүн негизинде жазылат."; - 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "9. Паспорту жоголгон учурда, ошондой эле Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн атайын чечимдеринде түздөн-түз каралган учурларда арызКыргыз Республикасынын жараны тарабынан жашаган жери боюнча тиешелүүпаспорттук подразделениеге берилет."; - 10-пунктта "ыйгарым укуктуу органдарда" деген сөздөр "тиешелүүпаспорттук подразделениелерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын; - 11-пункттун онунчу абзацында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттикгерби түшүрүлүп" деген сөздөр "тиешелүү паспорттук подразделениенин"деген сөздөр менен алмаштырылсын; - 12-пунктта "ыйгарым укуктуу орган тарабынан" деген сөздөр"тиешелүү паспорттук подразделение тарабынан" деген сөздөр мененалмаштырылсын; - 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "13. Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгүн алмаштыруубелгиленген формада арыз берилген күндөн тартып үч жумушчу күнүнүнаралыгында жүргүзүлөт."; - 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "19. Өздүк күбөлүктү нотариалдык бүтүмдөргө, банктык операцияларгажана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурлардаколдонууга уруксат берилбейт."; - 23-пункттун экинчи абзацынын акыркы сүйлөмү алып салынсын; - 24-пунктта "19" деген сан "21" деген санга алмаштырылсын. 2. Жогоруда көрсөтүлгөн Жобого "Кыргыз Республикасынын жаранынынөздүк күбөлүгүн сүрөттөө" деген тиркемеге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизилсин: - жыйырма экинчи абзац алып салынсын; - төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма алтынчы жана жыйырма жетинчиабзацтар менен толукталсын: "Инсандын күбөлүгү паспортту убактылуу алмаштырган документ болупсаналат, башка учурларда нотариалдык бүтүм түзүүдөн, банкоперацияларын жүргүзүүдөн, жана башка Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына көрсөтүлгөн учурларда жарабайт.Жарактуу мөөнөтү алты ай."; - төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма тогузунчу жана отузунчу абзацтарменен толукталсын: "Инсандын күбөлүгү нотариалдык бүтүмдөрдү түзүүдөн, банктыкоперацияларды жасоодон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындакаралган башка учурлардан тышкары паспортту убактылуу алмаштыруучудокумент болуп саналат. Жарактуу мөөнөтү алты ай.". 3. Кыргыз Республикасынын жаранынын мурда эки жылдык мөөнөткөберилген өздүк күбөлүгү анда көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин жарактуу,ошондой эле 2006-жылдын 1-декабрга чейинки мезгилде нотариалдыкбүтүмдөрдү түзүү жана банктык операцияларды жасоого жарактуу экендигибелгиленсин. 4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргыз Республикасынын жарандарына паспортторду берүүнүн айрыммаселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-январындагы № 38 токтомунун 2-пункту; - "Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорт менен камсыздоо боюнчачаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-майындагы № 181 токтому; - "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпыжарандык паспортунун наркын белгилөө жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2005-жылдын 23-июлундагы № 304 токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 259-6буйругунун 4-пункту; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-июлундагы № 309-6буйругу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-июлундагы № 318-6asipscs; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-июлундагы № 329-6буйругу. 5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансьш. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштерибөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов