Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 2-марты № 140 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн кызматтык автотранспорт алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 20-февралындагы №49 буйругун аткаруу үчүн жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыњдоогомамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялыкведомстволорго айыл өкмөттөрүнүн кызматтык пайдалануусу үчүн автотранс-портту Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы аркылуу бор-бордоштуруп сатып алууга финансылык жардам катары атайын каражаттардыпайдаланууга уруксат берилсин. 2. Акционердик коомдорго жана мамлекеттик ишканаларга айылөкмөттөрүнүн кызматтык пайдалануусу үчүн автотранспортту Кыргыз Респуб-ликасынын Президентинин Иш башкармасы аркылуу борбордоштуруп сатып алуумаксатында демөөрчүлүк жардам көрсөтүү сунуш кылынсын. 3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына айылөкмөттөрүнүн кызматтык пайдалануусу үчүн россиядан чыгарылган жењил ав-томашиналарды демөөрчүлүк жардамдын эсебинен сатып алууга уруксат бе-рилсин. Көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын сатып алуу "Мамлекеттик са-тып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тар-типте ишке ашырылсын. 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы сатып алын-ган автотранспорт каражаттарды Кыргыз Республикасынын айыл өкмөттөрүнөөткөрүп берүүнү аныкталган тартипте уюштурсун. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Иш башкармасына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов