Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 2-марты № 141 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын 1-3-этаптарынын иш-чараларын жүзөгө ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчету тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин тармактык экономиканы,ишкердикти өнүктүрүү жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча коми-тетинин тапшыруусу боюнча даярдалган "Кыргызэнерго" акционердик коомунмамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын 1-3-этаптарыныниш-чараларын жүзөгө ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн тиркелген отчетун карап чыгып Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргызэнергохолдинг" кыргыз мамлекеттик-акционердик холдингкомпаниясын мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасыжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 23-апрелиндеги N239 токтому менен жактырылган "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамле-кеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын 1-3-этаптарыныниш-чараларын жүзөгө ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн отчету жактырылсын. 2. Бул отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосунажиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитетинин төрагасы көрсөтүлгөн отчетту Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн рас-мий өкүлү болуп дайындалсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казыпалуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов