Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 10-марты № 150 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун, "Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосунда Алтын үчүн акы төлөө жөнүндө макулдашуунун колдонулуш мөөнөтүн узартуу тууралуу Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы "Кыргызалтын" ачык акционердиккоомунун аффинаждоо заводунда эритиндини андан ары кайра иштетүү жанааффинаждалган алтынды кийинки сатуу үчүн "Кумтөр Оперейтинг Компани"жабык акционердик коомунан алтын камтылган Доре эритиндисин сатып алуу-нун туруктуу системасын иштеп чыгуу аяктаганга чейин "Кыргызалтын" ачыкакционердик коомунун аффинаждоо заводунун туруктуу иштешин камсыз кылуумаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы N 2токтому менен жактырылган, "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун,"Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабыкакционердик коомунун жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коо-мунун ортосунда Алтын үчүн акы төлөө жөнүндө 2005-жылдын 22-декабрында-гы макулдашуунун колдонулуш мөөнөтү эки айга узартылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети: - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун акционерлеринин кезексизжалпы чогулушунда "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун, "ЦентерраГолд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердиккоомунун жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосун-да Алтын үчүн акы төлөө жөнүндө 2005-жылдын 22-декабрындагы макулдашуу-нун жана "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун, "Центерра Голд Инк."компаниясынын, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунунжана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосунда Күрөөжөнүндө 2006-жылдын 11-январындагы келишимдин колдонулуш мөөнөттөрүнэки айга узартуу жөнүндө маселени карасын; - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы -президентине жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун жана Келишимдин колдо-нулуш мөөнөтүн узартууга байланыштуу бардык зарыл документтерге кол ко-юуга ыйгарым укук берсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казыпалуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов