Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 10-марты № 151 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары А.А.Бекна-заров жана Д.Садырбаев демилге көтөрүшкөн "Кыргыз Республикасынын Эмгеккодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макул-дук берилсин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна корутунду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин депутаттары А.А.Бекназаров жана Д.Садырбаев демилгекөтөрүшкөн "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо жанаөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын дол-боорун карап чыгып, аны кабыл алууга төмөнкүдөй сын-пикирлерди эскеалуу менен макулдук берет. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 6-мартындагы № 98Жарлыгы менен 24-мартты Улуттук майрамдоо күнү деп жарыялангандыгынкөњүлгө алуу максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. Премьер-министр Ф.Кулов