Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-мартындагы № 156 токтому менен бекитилген Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо 1. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча Ведомстволораралык мамлекеттик комиссия (мындар ары-Комиссия) консультациялык-кењеш берүүчү орган болуп эсептелет жана кыйроолор, катастрофалар,табигый жана башка кырсыктар менен шартталган өзгөчө кырдаалдардыналдын алуу жана жоюу жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жанажүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында түзүлгөн. 2. Комиссия өзүнүн ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынынминистрликтери, мамлекеттик комитеттери, админстрациялыкведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары, менчиктин бардык түрүндөгү ишканалары,мекемелери жана уюмдары, ошондой эле коомдук бирикмелер менен өз арааракетте ишке ашырат. 3. Комиссиянын негизги милдеттери төмөндөгүлөр боюнча сунуштардыиштеп чыгуу болуп эсептелет: - жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардыналдын алуу жана жоюу жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү; - өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоого жанакоопсуздугун камсыз кылууга багытталган укуктук, экономикалык,уюштуруучу-техникалык жана башка чаралардын системасын түзүү; - өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн финансылык жана материалдыкресурстардын резервин түзүү; - өзгөчө кырдаалдардан коргоо жагында калктын, аларды жоюуга түздөн-түз катышкан адамдардын укуктарын жана милдсттерин ишке ашыруу; - өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун бирдиктүүмамлекепик системасын жакшыртуунун жана андан ары онүктүрүүнүн негизгибагыттарын аныктоо; - өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюуга, калкты жана өлкөнүнаймагын өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган мамлекеттикмаксаттуу жана илимий-техникалык программалардын долбоорлорун иштепчыгууну уюштуруу жана бул программаларды аткаруу боюнча иштикоординациялоо; - кыйроолордун, катастрофалардын жана башка кырсыктардыннатыйжасында жана чеккен жарандарды, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардынкесепеттерин жоюуга катышкан адамдарды социалдык - эономикалык жанаукуктук жактан коргоо, медициналык жактан калыбына келтирүү маселелерибоюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо; - өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жагында эл аралыккызматташуунун негизги багыттарын аныктоо;- адамдардын жугуштуу оорууларынын жана массалык уулаыууларынын,жаныбарлардын жугуштуу ылањдарынын жана өсүмдүктөрдүн оорууларыныналдын алууга, локалдаштырууга жана жоюуга, өзгөчө коркунучтууинфекцияларды Кыргыз Республикасына ташып келүүдөн жана таратуудан чекараларды жана аймактарды санитардык коргоого багытталганминистрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардыктүрүндөгү ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын ишин координациялоо. 4. Комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнчатөмөндөгүлөргө укуктуу: - өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жагындаминистрликтердин, мамлекеттик комитеттердии, администрациялыкведометволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын, илимий, коомдук уюмдардынжана бирикмелердин аракеттерин координациялоо боюнча чараларды иштепчыгууга; - кабыл алынган чечимдердин аткрылышын контролдоого жана алараткарылбай калганда жоопкерчиликтин чаралары жана дењгээли боюнчасунуштарды киргизүүгө; - Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча КыргызРеспубликасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин,администрациялык ведомстволорунун, жергиликтүү мамлекеттикадминистрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын,менчиктин бардык түрүндөгү ишкана, мскемелеринин жана уюмдарымын,ошондой )ле коомдук бирикмелердин кызмат адамдарын угууга; - Кыргыз Республикасынын министрликтеринен, мамлекеттик комигетгерипсн, администрациялык ведомстволорунан, жергиликтүү мамлекеттикадминистрацияларынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан,менчиктин бардык түрүндөгү ишкана, мекемелеринен жана уюмдарынан,ошондой эле коомдук бирикмелерден Комиссияиын иши үчүн керектүү болгоналардын иштери боюнча маалыматтарды сурап алууга; - министрликтердин, мамлекеттик комитеггердин, администрациялыкведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик адмииистрациялардын,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин кайсы түрүнөтаандык экендигине карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттердин өзгөчөкырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун маселелери боюнча мамлекеттикмаксаттуу программаларды аткаруусуна анализ жана контрол жүргүзүүгө,анын ичинде программалык иш-чараларды аткарууга бюджеттен бөлүнгөнкаражаттардын максаттуу пайдаланылышына анализ жана контрольжүргүзүүгө; - өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун маселелери боюнчааналитикалык, эксперттик жана башка жумуштарды аткаруу үчүн(жетекчилери менен макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынынишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын адистерин тартууга. 5. Комиссиянын Төрагасы болуп Кыргыз Республикасыныи Премьер-министри эсептелет. 6. Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп Кыргыз РеспубликасынынӨзгөчө кырдаалдар министри эсептелет. 7. Комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо КыргызРеспубликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлөт. 8. Комиссия өз ишин анын төрагасы бекиткен иш планга ылайык ишкеашырат. Комиссиянын жыйыны зарылдыгына жараша, бирок кварталына биржолудан кем эмес өткөрүлөт. Комиссиянын чечи.ми протокол менен.таризделет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чечүүнү талап кылган маселелер боюнчаКомиссия белгиленген тартипте тийиштүү сунуш киргизет. 9. Комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кыйла маанилүүмаселелер боюнча системалуу түрдө маалымат берип турат.