Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт үйү2006-жылдын 20 марты №174 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздоодогу кырдаалды турукташтыруу боюнча өзгөчө чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрүп жаткан чараларгакарабастан жарандарды паспорт менен камсыздоодогу кырдаалөтө татаалдашып жана коомдук чоњ резонансты жаратууда.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дарегине белгиленгентартипте паспортторду алуудагы чоњ кыйынчылыктар жана КыргызРеспубликасынын ички иштер органдарынын паспорттукподразделениелер системасында коррупциянын жогору экендигитууралуу жарандардан даттануулар жана арыздар дайыма түшүпжатат. Түзүлгөн кырдаал мамлекет өз жарандарын паспорт мененкамсыздоо боюнча башкы функциялардын бири улуттук проблемагаөсүп жетти деп айтууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жанаКыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечимдерининайрым пункттары толук дењгээлинде аткарылбай жатат. Региондордо паспортторду берүүдөгү абалды талдоо талапкылынуучу документтерди туура толтуруу маселелериндежарандардын начар кабардар экендигин, ошондой эле алардынарасында паспорттук подразделениелердин кызматкерлеритарабынан түшүндүрүү иштеринин жоктугун көрсөтүп турат. Ошентип, паспорт проблемасы али да болсо өтө курч бойдонкалууда. Республиканын жарандарын паспорттоштуруудагыкырдаалды жарандарды паспорт менен камсыздоо боюнчаоблустук, райондук мамлекеттик администрацияларды жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу мененжооптуу министрликтердин жана ведомстволордун иштериндесистемалуулук, пландаштыруу, ачык-айкындык жана бекемотчеттуулук принциптерин колдонуу аркылуу гана өзгөртүүгөмүмкүн болот. Паспортторду алуу процессин тездетүүгөбагытталган маалыматтык-түшүндүрүү мүнөзүндөгү чаралардыкөрүү зарыл. Атап айтканда, документтерди толтуруу жана 16жашка чыккан адамдарга паспортторду берүү мүмкүнчүлүгүнтүздөн-түз билим берүү мекемелеринде кароо максаткаылайыктуу. Республиканын жарандарын паспорттоштуруунужакшыртуу боюнча маанилүү милдеттерди чечүү үчүн облустукжана шаардык штабдарды түзүү зарыл. Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспортторменен камсыздоодогу кырдаалды турукташтыруу боюнча өзгөчөчараларды көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын жарандарынпаспорттор менен камсыздоо маселеси боюнча КыргызРеспубликасынын Ички иштер министрлигинин, КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министрлигинин,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууМаалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттикагенттигинин иштери канааттандырарлык эмес деп табылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигиКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтыкресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги,облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ошшаарларынын мэриялары мененбирдикте: -облустарга, райондорго, шаарларга жана айыл өкмөттөрүнөкарата паспорттоштурууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынынжарандарын бардык жерде эсепке алууну уюштуруу боюнчашашылыш чараларды көрсүн жана ар бир декада сайын КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө жалпыланган маалымат берип турсун; -Кыргыз Республикасынын жарандарын паспортторменен камсыздоо боюнча милдеттерин аткарышпаганкызмат адамдарынын жоопкерчилиги тууралуу маселени карасын. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууМаалыматтык ресурстар жана технологиялармамлекеттик агенттиги Кыргыз РеспубликасынынИчки иштер министрлиги жана КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте: Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2004-жылдынүлгүсүндөгү паспорттору талаптарга ылайык келиши жөнүндө Эларалык жарандык авиация уюмунун корутундусун тез арада берүүбоюнча чараларды көрсүн; 2006-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө 2006-жылдынулуттук паспортторунун үлгүлөрүн даярдоону аякташсын; Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун берүүнүэсепке алууну жүргүзүүгө катуу контролдук белгилесин; Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынынпаспорттук подразделениелерин жана КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдукмекемелерин зарыл сандагы арыз берүү бланктары мененөз учурунда камсыз кылсын; 2006-жылдын 26-мартына чейинки мөөнөттө КыргызРеспубликасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигименен бирдикте Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунжана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандыкпаспортун тариздөө, берүү жана эсепке алуу тартиби жөнүндөведомстволор аралык нускамаларды белгиленген тартипте иштепчыксын жана бекитсин; 2006-жылдын 30-мартына чейинки мөөнөттө КыргызРеспубликасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигименен бирдикте Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдынүлгүсүндөгү паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун тез арадатариздөө, даярдоо жана Кыргыз Республикасынын жарандарынаберүү тартибин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынынжаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун жана КыргызРеспубликасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпыжарандык паспортун тез арада тариздөө, даярдоо жана КыргызРеспубликасынын жарандарына ыктыярдуу негизде берүү боюнчаакы төлөтүүчү кызматтардын өлчөмүн Кыргыз РеспубликасынынМонополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүүбоюнча улуттук агенттик менен белгиленген тартиптемакулдашсын; -республиканын региондорунда тез документтештирүүбөлүмдөрүн түзсүн; -Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагыжана Казакстан Республикасындагы дипломатиялыкжана консулдук мекемелеринде тез документтештирүүбөлүмдөрүн түзүү мүмкүнчүлүгүн карасын; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгекылынган"Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзам долбоору тууралуу" КыргызРеспубликасынын 2005-жылдын 22-июнундагы № 253 Мыйзамдолбоорун биринчи кезектеги тартипте кароону КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинен сурасын; - семинарларды өткөрүүнү, жалпыга маалымдоо каражаттарындачыгууларды кошо алганда Кыргыз Республикасынынжарандарынын паспортторду алуу маселелери боюнчакалкттын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралардын комплексин жүргүзсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги: -арыздарды кабыл алууда жана паспортторду алуугадокументтерди толтурууда башаламандыктарды жанакечиктирүүлөрдү болтурбоо боюнча чараларды көрсүн; -республиканын ички иштер органдарынын паспорттукподразделениелеринин көрсөтүлгөн тартип бузууларга жолберишкен кызматкерлерин иштен бошотууга чейинкидисциплинардык жоопкерчиликке тартсын; -Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын арбир паспорттук подразделениесинде паспортту толтуруу жанаалуу үчүн зарыл документгердин тизмесин, паспорталууга арыздардын бланктарын толтуруу үлгүлөрүн,паспорттордун баасын, мамлекеттик пошлинанын жана тиешелүүакы төлөнүүчү банктардын жайгашкан жерин жана банктыкреквизитгерин жазуу менен көрсөтүлүүчү кызматтарүчүн банктар тарабынан алынуучу төлөмдөрдүнөлчөмдөрүн көргөзгөн маалыматтык такталарды үч күндүкмөөнөттө орнотсун; - 2006-жылдын 25-мартына чейинки мөөнөттөпаспортторду берүүгө арыздардын бланктарына инвентаризацияжүргүзсүн. Инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнчакөрсөтүлгөн бланктардын тиешелүү эсебин албагандыгы үчүнкызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселеничечсин; - 2006-жылдын 30-апрелине чейинки мөөнөттө КыргызРеспубликасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясатыминистрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууМаалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттикагентгиги менен бирдикте Кыргаз Республикасынын жарандарынынпаспортторун тариздөө жана берүү боюнча орто, орто-атайынжана кесиптик-техникалык билим берүү мекемелерининокуучуларынын арасында түшүндүрүү иштерин уюштурсун. 5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги: -Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгүпаспортунун, жалпы жарандык, дипломатиялык жанакызматтык паспортторунун жоболору, сүрөттөлүшү жана үлгүлөрүбекитилгенден кийин кыска мөөнөттүн ичинде аларды дүйнөнүнтиешелүү өлкөлөрүндө мыйзамдаштыруу боюнча чараларды көрсүн; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгүпаспортун Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн,Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүнжана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундажарандардын өз ара визасыз баруулары жөнүндө 2005-жылдын 24-мартында Астана шаарында кол коюлган 2000-жылдын 30-ноябрындагы Макулдашуунун протоколунда каралган баруу,чыгуу, транзистик жүрүү, болуу үчүн документтердинтизмесине киргизүү жөнүндө Казакстан РеспубликасынынӨкмөтү, Россия Федерациясынын Өкмөтү жана ТажикстанРеспубликасынын Өкмөтү менен макулдашууга жетишүү боюнчаиштерди улантсын. 6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансыминистрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарынынпаспортторун даярдоо, персонификациялоо жана берүү үчүнКыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникацияларминистрлиги тарабынан ишке ашырылуучу ташуулардыкаржылоо булагын бир айлык мөөнөттө аныктасын. 7. Облустардын мамлекеттик администрациябашчылары - губернаторлору, Бишкек жана Ош шаарларынынмэрлери: - жарандарды паспорттор менен өз учурундакамсыздоо үчүн жарандарды паспорттоштуруу боюнча облустукжана шаардык штабдарды түзүп, алардын курамынашаардык жана облустук ички иштербашкармалыктарынын начальниктерин, өкмөттүк эмесуюмдардын (мындан ары - ӨЭУ) жана жалпыгамаалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн киргизишсин; - иш жүзүндөгү керектөөлөргө жараша жергиликтүү бюджеттинкаражаттарынын эсебинен ички иштер органдарына убактылуукошумча штаттык бирдиктерди, жабдууларды, кабинеттердибөлүүгө, паспорттук подразделениелерди көрсөтмөкуралдары менен жабдууга жардам көрсөтүшсүн,ошондой эле паспортторду алуу үчүн жарандаргапрактикалык жардам көрсөтүү максатында мугалимдердин,студенттердин, калкты иш менен камсыздоо кызматтары аркылуужумушсуз адистердин, пенсионерлердин, паспорттук-визалыккызматтардын жана укук коргоо органдарынын, ӨЭУнунөкүлдөрүнүн, айыл өкмөттөрүнүн жана мамлекеттикоргандардын кызматкерлерин волонтерлор катарында алардызарыл документтерди толтурууга үйрөтүү менен ишке тартуужөнүндө маселени чечишсин. 8. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигиКыргыз Республикасынын жарандарын паспорттор мененкамсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштероргандарынын паспорттук подразделениелеринин ишин жекекураторлукка алсын. 9. Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттоштуруубоюнча мамлекеттик органдардын жана штабдардын жетекчилериушул токтомдун аткарылышына жекече жоопкерчилик тартатургандыгы белгиленсин. 10. Бул токтомдун аткарылышынконтролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министрининАппаратына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов