Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 22-марты №178 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨИТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө Коомдо Кыргыз Республикасынын жарандарына паспорт берүүгөбайланышкан чыњалууну жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгүпаспортунун жарактуулук мөөнөтү 2010-жылдын 31-декабрына чейинузартылсын.2. Төмөнкүлөр белгиленсин: - 2010-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын жаранынын1994-жылдын үлгүсүндөгү, бузулган (химиялык, механикалык жана башкабузулуулар болбогон) паспортторду кошпогондо, жарактуулук мөөнөтүбүткөн паспорту узартылат; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуакысыз, жарандын каалоосу боюнча, берген арызынын негизинде узартылат. 3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Көз карандысызМамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин тышкы иштерминистрликтерине Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдынүлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтү 2010-жылдын 31 -декабрыначейин узартылганы жөнүндө кабарласын. 4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги паспорттунжарактуулук мөөнөтүн узартууда зарыл шарттарды түзсүн жана жарандардыннатыйжалуу тейленишин уюштурсун. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштерибоюнча бөлүмүнө жүктөлсүн. 6.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов