Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 2-марты № 179 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек
кодексин жүзөгө ашыруу максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8-февралындагы №34 "Социалдык камсыздандыруу боюнча пособиелер менен камсыз кылуунунтартиби жөнүндө"
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - преамбуладагы "Жогорку Кењештин 1994-жылдын 13-апрелиндеги №1471-XII
"Кыргыз Республикасынын граждандарын пенсиялык камсыз кылуужөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартибитууралуу" токтому" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек
кодекси-нин 194-статьясы жана
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 374"Эмгектин зыяндуу шартында иштегендерге сүт жана башка ага тењештирил-ген тамак-аш азыктарын, самын, кир жуучу жана дезинфекциялоочу каражат-тарды акысыз берүү жөнүндө"
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргызстанпрофсоюздар Федерациясынын Кењешинин ортосунда социалдык-экономикалыкжана эмгектик маселелер боюнча Генералдык макулдашуу" деген сөздөр"Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 219-статьясы" деген сөздөр ме-нен алмаштырылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-июлундагы № 408"Эмгек акыга кирген сыйлык акылардын Тизмесин бекитүү жөнүндө"
токтому-на төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - преамбуладагы "Эмгек акы" деген 213-статьянын 2-пункту" дегенсөздөр "152-статья" деген сөз менен алмаштырылсын. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 14-мартындагы №135 "Эки ишти айкалыштыруучуларды жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө
Жобону бекитүү тууралуу"
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек
кодексинин508-статьясын аткарууда" деген сөздөр алып салынсын; - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эки ишти айкалыштыруу-чуларды жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Жобонун 8-пунктундагы "6"деген сан "11" деген сан менен алмаштырылсын. 5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов