Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-декабрындагы № 600 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 22-марты № 182 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64 жана 65-статьяларынаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына толук-тоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору-на макулдук берилсин. 2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө бол-гон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталганмыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде кароо учурун-да Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 10-мартындагы №139 "Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына толуктоокиргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"токтому күчүн жоготту деп табылсын. Премьер-министр Ф.Кулов