Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 22-марты, № 187 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республйкасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртуүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КыргызРеспубликасынын Мыйзам
долбооруна макулдук берилсин. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининкароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын адилет министри аталган мыйзам долбоорунКыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр Ф.Кулов