Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 23-марты № 197 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик бирикмелеринде анык аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматынын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматтын кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2006-жылдын апрель-июнунда жарандарды анык аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик мил-деттүүлүгү жөнүндө" жана "Альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөөжөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу иретинде жана Кыр-гыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 20-февралындагы № 74"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик бирик-мелеринде анык аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматы-нын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер жана альтернативдик (аскер-ден тышкары) кызматтын кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле2006-жылдын апрельиюнунда жарандарды анык аскердик жана альтернативдик(аскерден тышкары) кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндөгү" Жарлыгынаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Анык аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматынынбелгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер жана альтернативдик (аскердентышкары) кызматтын кызматкерлери 2006-жылдын апрель-июнь айларында за-паска бошотулсун. 2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги чакырылган күнгө ка-рата 18 жашка толгон, чакырылуусун создуктурууга укугу жок жарандарды,ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырууга укугун жоготкон чакыруу ку-рагындагы улуу адамдарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жанабашка аскердик бөлүктөрүнө анык аскердик, ошондой эле Кыргыз Республи-касынын министрликтеринде жана административдик ведомстволорунда, ишка-наларында, мекемелеринде жана уюмдарында альтернативдик (аскерден тыш-кары) кызмат өтөөгө 2006-жылдын апрель-июнунда чакырууну уюштурсун. 3. Анык аскер кызматына биринчи кезекте чакыруудан узартуу мөөнөтүбүткөн же түрдүү себептер менен Кыргыз Республикасынын КуралдууКүчтөрүнө белгиленген мөөнөттө чакырылбаган чакырылуучу улуу курактагыжарандар чакырылууга тийиш экендиги белгиленсин. 4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдарынын жетекчилери жарандарды анык аскердик жанаальтернативдик (аскерден тышкары) кызматка чакырууну жүргүзүү үчүн: - облустарда, райондордо (шаарларда) чакыруу комиссияларынтүзүшсүн, аларды медициналык кароодон өткөрүү үчүн зарыл болгон медици-налык куралдар жана аспаптар менен жабдылган чакыруу (чогултуу) пунк-ттары менен камсыз кылышсын; - жарандын чакыруу пункттарына уюшкандыкта келишин камсыз кылуучараларын көрүшсүн; - чакыруу комиссияларынын иштешин камсыз кылуу үчүн автотранспорт,техникалык кызматкерлер жана тейлөө кызматчыларын бөлүп беришсин; - төмөнкүлөр үчүн зарыл акча каражаттарын бөлүп беришсин: - канцелярдык товарларды (бланка продукцияларын даярдоо) чакырууучасткаларында, республикалык жана облустук чогултуу пункттарында чакы-рылгандардын тиричилигин, тамактануусун, маданий эс алуусун уюштурууга; - чакыруу комиссиялары жиберген чакырылгандарды медициналык тек-шерүүгө жана дарылоо жүргүзүүгө; - чакырылгандарды чакыруу участкаларына жана чогултуу пункттарыначейин жеткирүүгө; - республикалык жана облустук чогултуу пункттарынын коммуналдыккызматына акы төлөөгө; - техникалык кызматкерлерди жана автотранспорт бербеген учурда ас-кер комиссариаттарына техникалык кызматкерлерди күтүү жана транспорттуккызматтарга чыгымдарды төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынынэсебинен зарыл акча каражатын бөлүүнү карашсын; - чакыруу участокторунда, чогултуу пункттарында жана чакырылуучу-ларды салтанаттуу узаткан жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кы-лышсын. 5. Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы жана Республикалыкчакыруу комиссиясынын резервдик курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. 6. Республикалык чакыруу комиссиясына төмөнкүлөр жүктөлсүн: - кийинкиге калтыруу мөөнөтүн берүүнүн же чакыруудан бошотуунун,ошондой зле альтернативдик (аскерден тышкары) кызматка жиберүү жөнүндөчечимдин тууралыгын текшерүү; - тиешелүү талаптарды эске алуу менен аскерлердин түрү боюнча ча-кырылуучулардын багытталышынын тууралыгын контролдоо; - райондук (шаардык) жана облустук чакыруу комиссияларынын аракет-терине жарандардын даттанууларын кароо. 7. Чакыруу комиссияларынын мүчөлөрүнүн, врачтардын, техникалыккызматкерлердин жана тейлөө кызматындагы адамдардын иштеген мезгилиндеалардын негизги иштеген жериндеги орточо эмгек акылары сакталаары бел-гиленсин. 8. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги: - чакырылгандарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн квалификация-луу адис врачтарды жана медициналык орто кызматкерлерди зарыл сандабөлүп берсин; - ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылу-учуларды дарылоо-алдын алуу мекемелеринде кезексиз стационардык (амбу-латориялык) текшерүүнү жана дарылоону камсыз кылсын. 9. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды аныкаскердик жана апьтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөөгө чакыруужүргүзүүдө, анык аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматөтөөдөн качып жүргөн адамдарды издеп табууну уюштурууда, ошондой элеаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тарту-уда райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жардам жана көмөккөрсөтүшсүн. 10. Кыргыз Республикасынын жарандарын анык аскердик жана альтерна-тивалуу (аскерден тышкары) кызматка чакырууну жүргүзүүнү контролдооКыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн. 11. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-юнча бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-мартындагы № 197 токтомуна тиркеме Республикалык чакыруу комиссиясынын КУРАМЫ Шопоков С.А. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш- кы штабынын Уюштуруу-мобилизациялоо башкы баш- кармалыгынын аскерлерди чакыруу жана комплектөө башкармалыгынын начальниги, комиссиянын төрага- сы. Комиссия мүчөлөрү: Караталов Б.Ө. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнүн референти; Каримов Р.М. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги- нин Ички аскерлер штабынын медициналык кызматы- нын начальниги; Эркегулов Ш.Э. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми- нистрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана лицензиялоо боюнча башкы башкармалыгынын баш- тапкы медициналык-санитардык жардам бөлүмүнүн начальниги; Ташбаев А.А. - Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын укук коргоо органдары жана коргонуу секторунун башчысы. Республикалык чакыруу комиссиянын резервдик курамы Иманалиев Т.Г. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш- кы штабынын Уюштуруу-мобилизациялоо башкы баш- кармалыгынын аскерлерди чакыруу жана комплектөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары - бөлүм начальниги, комиссиянын төрагасы. Комиссия мүчөлөрү: Асанходжаев Р.Г. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнүн эксперти; Салимжанов З.З. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги- нин күжүрмөн кызмат башкармалыгынын начальниги- нин орун басары - ички аскерлер штабынын кадр- лар, өздүк курамды комплектөө жана эсепке алуу кызматынын начальниги; Шахнабиев М.Ш. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми- нистрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана лицензиялоо башкы башкармалыгынын башкы адиси; Орозбаков А.Э. - Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын укук коргоо органдары жана коргонуу секторунун жетектөөчү адиси. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Жетекчиси - министр Т.Коеналиев