Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 27-марты № 198 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жанасатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-замынын долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбе-син. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр Ф.Кулов 2006-жылдын 27-марты № 19-57/44 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши "Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин депутаттары Ө.Т.Бабанов, Р.М.Ирсалиев жана А.А.Шадиев тарабы-нан демилге көтөрүлгөн "Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө,сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасы-нын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна таянып аны кабыл алуутөмөнкүдөй себептер боюнча ылайыксыз деп эсептейт. "Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана са-тып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-замынын долбоорунда "Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө,сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамын жањы редакцияда баяндоо каралган. Бул мыйзамдолбоорунда айрым жакшы жактары бар, бирок жалпысынан Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарына бир катар орчундуу карама-каршылыктар жана шайкешэместиктер бар. Мыйзам долбоорунун 2-статьясына ылайык "алкоголдук продукция" де-ген түшүнүккө өсүмдүк сырьедон алынган, этил спиртинин үлүшү бир жарымпроценттен ашкан тамак-аш продукциясы кирет. Демек, бул түшүнүккө ачы-туунун натыйжасында алынган ар кандай продуктулар, анын ичинде квас,шоро жана ачытылган сүт продуктулар да кириши мүмкүн. Мындан тышкары, алкоголдук продукциянын тизмесине пиво сыяктуупродукциянын кириши Мыйзамдын долбоорунун текстинин өзүнө карама-каршы-лык киргизет, анткени Мыйзамдын долбоорунун алкоголдуу продукциялардынтүрлөрүн аныктаган 5-статьясы: пиво - бул алкоголу аз, көмүртектин дву-окисине каныккан, хмель кошулган угуттуу аталаны пивонун ачыткысынаачытуу жолу менен алынган көбүктүү суусундук деп аныктамалайт, башкачаайтканда, пиво жасоонун ыкмасын баяндоо "алкоголдук продукция" дегентерминди аныктамалоодо көрсөтүлгөн алкоголдуу продукция жасоонун ыкма-сынан айырмаланат. Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунда башка алкоголдуу продукциягасалыштырганда пивону соодалоого байланышкан ишке карата айрым талаптар-ды чектеген бир топ нормалар каралат. Мыйзамдын долбоорунун 3-статьясында этил спиртин жана алкоголдукпродукцияиы өндүрүүдөгү, сактоодогу жана сатып өткөрүүдөгү мамлекеттикмонополиянын милдеттерине азык-түлүк жана азык-түлүк эмес сырьедоналынган этил спиртине жана алкоголдук продукцияга экоиомикалык жактаннегизделген бааларды белгилөө кирет. Бирок ар башка өндүрүшчүлөрдүн алкоголдуу продукцияларынын өздүкнарктары ар башка болгондуктан, алкоголдуу продукцияга туруктуу баабелгилөө кээ бир өндүрүшчүлөрдө кирешесинин негизсиз көбөйүшүнө, ал эмиайрымдарында киреше азайышына, ошондой эле атаандаштыктын чектелишинеалып келет. "Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана са-тып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынынколдонуудагы Мыйзамына салыштырганда, мыйзам долбоорунда этил спиртинжана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү, сактоону жана сатып өткөрүүнүконтролдоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктукабалын аныктоочу статья киргизилген, бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан аныкталууга тийиш. Мында бул органдын функцияларынын баарын Мыйзамдын өзүндө толукбелгилөө анын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталганыйгарым укуктарын чектеп коюшу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзам долбоорунун этил спирт жанаалкоголдуу продукция чыгаруучу ишканаларды Кыргыз Республикасынын айма-гында ар бир облуста бирден ашык эмес жайгаштыруу жөнүндө жоболорунамакулдук берүүгө болот деп эсептейт. Сунушталган Мыйзам долбоору менен "өндүрүштүн паспорту" дегентүшүнүк киргизилип жатат, ал негизги документ катары колдо болгон жаб-дуулардын пайдаланылышын, техникалык процесстин сакталышын, негизгисырьену, ингредиенттерди, көмөкчү материалдарды сарптоо нормаларын жанадаяр продукциянын, коштонду продуктулардын чыгыш нормаларын жанаөндүрүштөгү коромжулуктарды аныктайт. Мыйзам долбооруна ылайык, өндүрүштүн паспортун өндүрүшчү өзү бе-китүүгө тийиш жана паспорттун болушу этил спиртин жана алкоголдуу про-дукцияны өндүрүү үчүн негиз болуп эсептелет. Бирок көрсөтүлгөн продукцияны чыгаруу бекитилген технологиялыкнормаларга, нускамаларга, улуттук стандарттарга жана техникалык шарт-тарга ылайык жөнгө салынат. Дегустациялык комиссия түзүү чыгарылчу жана алынып келчү алкогол-дуу продукциянын жана спирттин сапатын коомдук контролдоо чөйрөсүндөжакшы иш болоор эле. Ушуну менен бирге эле, Мыйзам долбоорунун тексти боюнча ал комис-сиянын ишине тиешелүү нормаларда ар башкачалыктар бар. Атап айтканда,мыйзам долбоорунун 8-статьясында этил спиртин жана алкоголдуу продукциячыгаруучулардын коомдук комиссияларынын Дегустациялык комиссия түзүүсүкаралган. Ошол эле учурда Дегустациялык комиссия жөнүндө жобо ыйгарымукуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. Лицензиялоону жөнгө салуучу статьялар боюнча, Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарына ылайык, ишкердикти лицензиялоого же ишкердиктин лицен-зиялануучу айрым түрлөрүн мамлекеттик лицензиялоого байланышкан мамиле-лер Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Ишкердиктинайрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Ишкердик-тин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого ылайык жөнгө салынат. Лицензиялоо тармагындагы нормаларды кодификациялоо максатында Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн бир нормативдик укуктук актысында норма-тивдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө"Мыйзамына ылайык келтирүү боюнча чоњ иш жүргүзүлгөн жана бул мыйзамдолбоорго лицензиялоо боюнча жоболорду киргизүү ал ишке карама-каршыкелет. Атап айтканда, мыйзамдын сунушталган долбоорунда этил спиртин жанаалкоголдуу продукцияны чыгаруу жана жүгүртүү боюнча ишкердикти лицензи-ялоонун эрежелери жана шарттары, ошондой эле лицензия бергендик үчүнакы алуунун тартиби жана өлчөмү толук регламенттелген. Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунда ишкердиктин лицензияланчутүрлөрүнүн тизмеси кењейтилген, ал эми Кыргыз Республикасынын "Лицензи-ялоо жөнүндө" Мыйзамынын 3-статьясында лицензияны ушул Мыйзамда лицен-зиялоо каралган ишкердиктин түрлөрүн жүргүтүү үчүн гана алуу керектигибелгиленген. Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык ли-цензияны ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берет. Мыйзам долбоорундаболсо этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны чыгарууга жанажүгүртүүгө лицензия берүү укуктарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органменен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда бөлүштүрүүсунушталган. Лицензиардын функцияларын бөлүштүрүү ылайыксыз, анткени этил спир-тин жана алкоголдуу продукцияны чыгаруучулар иш жүзүндө бул продукциянысакташат жана дүњ сатышат. Лицензияны ар түрдүү органдардан алуу бюрок-ратиялык тоскоолдуктар көбөйүшүнө алып келет. Лицензия бергендик үчүн акынын өлчөмү да лицензиялоо тармагындагыатайын актылар менен аныкталган. Мында арызды карагандык, керектүү экс-пертиза жүргүзгөндүк жана лицензия берүүгө документгерди таршдегендикүчүн акынын өлчөмү лицензиялоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдынтийиштүү чыгымдарына жараша аныкталат, бирок минимум орточо эмгек акы-нын үч айлык өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес. Акылардын өлчөмдөрүн көбөйтүү, ошондой эле лицензияны пайдаланган-дык үчүн жыл сайынкы алымдарды киргизүү ата мекендик алкоголдуу продук-циянын өздүк наркы көбөйүшүнө алып келет. Бул калктын азыркы сатып алуужөндөмүнүн шартында контрафакттык жана контрабандалык продукция рыногуөнүгүшүнө алып келет. Мыйзамдын долбоорунда этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны чы-гаруунун жана жүгүртүүнүн эрежелерин жана шарттарын бузгандык үчүн жо-опкерчилик чараларын жөнгө салуучу статьяны, атап айтканда белгиленгенстандарттарга ылайык келбеген, чыгарылган жери аныкталбаган, КыргызРеспубликасынын аймагына мыйзамсыз алынып келген, лицензиясыз ишкердик-тин объекти болгон спиртти жана алкоголдуу продукцияны конфискациялоонутаанууну сунуш кылат. Бирок, конфискация администрациялык жазалоонун бир түрү болупэсептелет жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин жана Кыр-гыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексининнормаларына ылайык колдонулат. Мыйзамдын долбоорунда бул чөйрөдөгү мамлекеттик монополияны рефор-малоо каралган, бул мамлекеттик монополияны камсыздоо боюнча калыптан-ган атайын чаралардын системасы бузулушуна алып келиши ыктымал. Жањы мыйзам долбооруна демилге көтөрүү үчүн олуттуу шарттар болушукерек. Биринчиден, колдонулуп жаткан Мыйзамдын актуалдуулугу болбой ка-лууга, экинчиден, аны андан аркы ишке ашыруу механизмдери жоголууга жеорчундуу өркүндөтүүгө муктаждык болууга тийиш. "Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана са-тып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы калыптанган практикага жооп берет. Колдонулуп жаткан Мыйзамдамамлекет менен спирт жана алкоголдуу продукция чыгаруучу чарбакер субъ-екттердин өз ара байланыш схемасы иштелип чыккан, аны ишке ашыруу меха-низмдери турмушка жарактуу жана алкоголдуу продукция рыногунун учурдагышарттарына кыйла ыњгайлаштырылган. Спирт жана алкоголдуу продукция чыгарууга жана жүгүртүүгө мамле-кеттик контролду күчөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Спирттижана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгөмамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл деп эсептейт. Тактап айтканда, спирт жана алкоголдуу продукция чыгарган ишкана-ларда алардын чыгарылыш көлөмү жөнүндө маалыматтын автоматташтырылганберилишин камсыздоочу контролдук эсептегич приборлорду орнотуу боюнчаталаптарды киргизүүгө, алкоголдуу продукцияны чекене сатууну тартипкесалууга тийиштүү нормаларды, ошондой эле спиртти жана алкоголдуу про-дукцияны чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү эрежелерди бузгандык үчүнчарбакер субъекттердин жоопкерчиликтерин катаалдатууга тиешелүү норма-ларды белгилөө зарыл. Ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларыжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясына ылайык, жаран-дардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүүнормативдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердикжүргүзүүнү жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлорумыйзамды чыгаруучу органдын расмий сайтында коомдук талкуулоо үчүн мил-деттүү түрдө жарыяланууга тийиштигин белгилейбиз. Мыйзамды чыгарган ор-гандын расмий сайты жок болсо, ошондой эле Мыйзамда каралган учурлардамыйзамды чыгарган органдын чечими боюнча нормативдик укуктук актыларжалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат. Түшкөн сунуштар менен пи-кирлерди мыйзам чыгаруучу орган долбоорлорду толуктап иштеп чыгууда ка-роого тийиш. Мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин чечими боюнча аныкталган тартипте жалпы элдик талкууга коюлу-шу мүмкүн. Спиртти жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүүчөйрөсүндөгү мамлекеттик монополиялык чаралар системасын өнүктүрүү жанаөркүндөтүү проблемаларынын актуалдуулугуна, бул тармакты мамлекеттикбашкаруунун ар кыл механизмдерин караштырган мыйзам долбоорлору барболгондукка байланыштуу мыйзам долбоорлорун жаратуучулардын, спирт, ал-коголдуу продукция жана пиво чыгаруу боюнча иштеген чарбакер субъект-тердин өкүлдөрүн, саламаттык сактоо системасынын, фискалдык жана укуккоргоочу органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана башка кызыкдар та-раптардын эксперттерин катыштырып тегерек үстөлдөрдү өткөрүү эарыл депэсептейбиз. Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү"Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатыпөткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-мына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынындолбоорун кабыл алуу ылайыксыз деп эсептейт жана "Спиртти жана алкогол-дук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттикмонополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан Мыйзамынажогоруда айтылган пикирлерди жана сунуштарды эске алып Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарында аныкталган тартипте өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-лорду киргизүүнү сунуш кылат. Премьер-министр Ф.Кулов