Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28 -мартындагы 203
токтому менен бекитилген Ош шаарындагы Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун филиалы жөнүндө ЖОБО 1. Жалпы жоболор 1.1. Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 102дарегинде жайгашкан Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун,кыскартылган аталышы ААБ (мындан ары - Борбор), Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн ушул токтомунун негизинде түзүлгөн филиалы болот. 1.2. Филиалдын жайгашкан жери: Ош шаары, Ноокат көчөсү, 5/1 үй. 1.3. Филиал Борбордун структуралык подразделениеси болуп саналат,ал өз ишин Борбор караган ыйгарым укуктардын чектеринде Борбордунатынан жүргүзөт. 1.4. Филиал өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын,белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларды жанакелишимдерди, Борбордун уставын, ушул Жобону, Дүйнөлүк банктын жол-жоболорун жана Борбордун ички нормативдик укуктук актыларынжетекчиликке алат. 1.5. Филиал юридикалык жак болуп саналбайт жана бекитилген Жобонуннегизинде иштейт. 1.6. Филиал өз ишин Борбордун жетекчилиги менен ишке ашырат жанаанын пайдалануусуна Борбор бөлүп берген мүлктү пайдаланат. 1.7. Филиал мүлктү өзүнчө балансында эсепке алат. Мында филиалдынбалансы Борбордун топтомо балансына кирет. 1.8. Филиал келишимдерди түзүүгө, укуктарга ээ болууга жанамилдеттенмелерди тартууга, ушул Жободо аныкталган компетенциянынчектеринде соттордо Борбордун атынан доогер жана жоопкер катарычыгууга укуктуу. 1.9. Филиалдын өзүнүн аталышы менен мөөрү, штамптары, бланктарыжана башка реквизиттери болот, Борбордун желегин жана логотибинпайдаланууга укуктуу. 1.10. Филиалдын иш-аракети Кыргыз Республикасынын юстицияоргандарында катталган күндөн башталат. 1.11. Филиалдын иш-аракети Борбордун иштөө мезгили менен чектелетжана жалпысынан юридикалык жак катары Борбордун иш-аракети токтогонмезгилде токтотулат. 2. Негизги максаттары жана милдеттери 2.1. Филиал Борбордун уставдык максаттары менен милдеттерин ишкеашыруу үчүн түзүлгөн. Филиалдын негизги максаттары жана милдеттери: 2.2. Айыл чарба продукцияларын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатууменен иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын товар өндүрүүчүлөрүнө колдоокөрсөтүү. 2.3. Башкаруу консалтинги жагында профессионалдуу жергиликтүүкадрларды даярдоо. 2.4. Товардык берүүлөргө ишке тартылган кайра иштетүүчү,маркетингдик жана соода ишканаларынын активдүүлүк дењгээлинжогорулатуу. 2.5. Рыноктордун иштешин жакшыртуу жана товар өндүрүүчүлөр мененсоода уюмдарынын ортосундагы соода байланышын чыњдоо. 3. Ыйгарым укуктары Филиал төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ: 3.1. Менеджердик илимдерди жана тажрыйбаларды жакшыртуу, ошондой элебизнес-чөйрөнүн элементтерин жакшыртуу аркылуу айыл чарбапродукцияларын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу менен иш жүргүзгөнтовар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтөт. 3.2. Тышкы соода маселелери боюнча маалыматтык камсыздоо,консалтинг кызматтарын көрсөтүү жана окутууну уюштуруу аркылууагроөнөр жай продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн экспорттук потенциалынчыњдоо менен иш жүргүзөт. 3.3. Агробизнес жүргүзүүнүн кењири чөйрөсү боюнча айыл чарбапродукциясын жана аны кайра иштетүү продуктуларын өндүрүүчүлөргөконсультациялык кызматтарды көрсөтөт. 3.4. Агробизнес ишканаларын башкаруу маселелери боюнча жергиликтүүконсультанттарды окутууну уюштурат жана жүргүзөт. 3.5. Борбордун өз алдынча консалтинг компания катары түзүлүшүнөжана өнүгүшүнө көмөктөшөт. 3.6. Чет өлкөлүк, ошондой эле жергиликтүү консалтинг кызматтарынсатып алууда тендердик процесстерди башкарууга көмөктөшөт. 3.7. Кардар ишканаларды диагностикалоо программасын жана Филиалдынкардарларын тандоо процессин башкаруу менен иш жүргүзөт. 3.8. Филиалдын жергиликтүү консультанттарынын резервин түзүүгө жанабашкарууга көмөктөшөт. 3.9. Кардар ишканаларга техникалык жардам көрсөтүү боюнча өз арааракеттенүүнү жана мониторингди уюштурат. 3.10. Филиал Борбордун максаттары менен милдеттерине, анынУставына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жанаДүйнөлүк банктын талаптарына каршы келбеген башка бардык укуктардыжана милдеттерди ишке ашырат. 4. Филиалды башкаруу 4.1. Филиалга анын директору жетекчилик кылат, ал Дүйнөлүк банктынсатып алуулар жол-жоболоруна ылайык Борбордун директору тарабынан ишкедайындалат жана бошотулат. 4.2. Филиалдын кызматкерлерин ишке жалдоо жана андан бошотууДүйнөлүк банктын сатып алуулар жол-жоболоруна ылайык Борбордундиректору тарабынан жүргүзүлөт. 4.3. Филиалдын директору Борбордун директору тарабынан берилгенишеним каттын негизинде аракеттенет. 4.4. Директор филиалдын иш-аракетине жетекчилик кылат жана анынжыйынтыгы үчүн Борбордун алдында жоопкерчилик тартат. Филиалдындиректору Борбордун директоруна отчет берет. 4.5. Филиалдын директору филиалдын атынан чыгат, менчигинин түрүнөкарабастан бардык мекемелерде, уюмдарда, чарбакер субъекттерде анынталамын көрсөтөт. Филиалдын директору төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды ишке ашырат: - филиалдын учурдагы иш-аракетине байланыштуу келишимдерди,макулдашууларды, контракттарды түзөт, ишеним каттарды берет; - банктарда филиалдын расчеттук жана башка эсептерин ачат; - Борбордун директорунун көрсөтмөлөрүн, буйруктарын жанаприказдарын аткарууну камсыздайт; - Борбордун жетекчилигинин талабы боюнча филиалдын иш-аракетинебайланыштуу бардык зарыл документтерди берет; - өз компетенциясынын чектеринде филиалдын бардык кызматкерлерининаткарышына милдеттүү приказдарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет; - Борбордун директору менен макулдашуу боюнча филиалдын иш-планынбекитет; - филиалдын учурдагы иш-аракетине түздөн-түз жетекчилик жүргүзөт; - Борбордун директорунун тапшыруусу боюнча башка дагы функциялардыишке ашырат. 5. Иш-аракетин токтотуу 5.1. Филиалды жоюу Дүйнөлүк банктын макулдугу менен уюштуруучунунчечиминин негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындакаралган учурларда ишке ашырылат; 5.2. Филиалдын иш-аракети Кыргыз Республикасынын юстиция органдарыюридикалык жактардын, анын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүнБирдиктүү мамлекеттик реестрине анын ишин токтотуу жөнүндө жазуукиргизилгенде токтотулду деп эсептелет.