Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы № 183
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-тарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Мамкатгоо)кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча региондор аралык борборлоружөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын "Кыймылсызмүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоожөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын30-ноябрындагы N 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынынтүзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык иштелип чыкты. 2. Мамкаттоонун кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча регион-дор аралык борборлору (мындан ары - Борборлор) Мамкаттоонун аймактыкоргандары болушат жана өз иштерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы-на, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин жарлыктары менен буйруктарына, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарына жана ушул Жобого ылайыкжүргүзүшөт. 3. Борборлор юридикалык жак болушат жана "мекеме" деген уюшту-руу-укуктук формада түзүлүшөт, оперативдүү башкаруу укугунда бекитипберилген мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтүтүшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тнлдерде жазыл-ган тегерек мөөрү, өз алдынча баланстары жана Кыргыз РеспубликасынынЭкономика жана финансы министрлигинин Борбордук казыналык системасындаэсептери болот, өз иштерине байланыштуу келип чыгуучу укуктардан пайда-ланышат жана милдеттерди аткарышат. II. Борборлордун милдеттери жана функциялары 1. Борборлордун милдеттери жана функциялары төмөнкүлөр: - кыймылсыз мүлктүн, анын ичинде бардык категориядагы жерлердинрыногун түзүү жана өнүктүрүү боюнча бирдиктүү саясатын ишке ашыруу; - жергиликтүү кыймылсыз мүлк рынокторунда суроо-талапты жана су-нушту изилдөө, байкоого алуу жана кыймылсыз мүлктүн рыноктук баасынатаасир этүүчү факторлорду талдоо; - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдары менен бирдикте кыймылсыз мүлк рыногундагы иш-мердиктин жүргүзүлүшүнө, кыймылсыз мүлктү сатуу, жер участокторуна мен-чик укугун жана пайдалануу укугун берүү, анын ичинде ижарага берүү бо-юнча ачык тооруктарды жана конкурстарды өткөрүүнүн шарттары жана тарти-би сакталышына көмөктөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү; - жергиликтүү каттоо органдарынын архивдик жана статистикалык маа-лыматтарын, ошондой эле мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматта-рын компьютерлештирүү боюнча этаптуу жумуштарды уюштуруунун негизиндекыймылсыз мүлк жөнүндө, анын ичинде бардык категориялардагы жер ресурс-тары жөнүндө маалыматтар банкын түзүү; - жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын, ошондой эле бардык керектөөчүлөрдү кыймыл-сыз мүлк рыногу жана жер кадастры жөнүндө маалыматтар менен камсыздоо; - Мамкаттоонун борбордук аппаратына кыймылсыз мүлктү, анын ичиндебардык категориялардагы жерлерди баалоо методикасын өркүндөтүү боюнчасунуштарды киргизүү; - кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү боюнча кењири жарнамалык-маалы-маттык өнөктүктү уюштуруу. 2. Облустардын мамлекеттик администрациялары карашы үчүн алардынкомпетенциясына кирген маселелер боюнча материалдарды даярдоо. 3. Жерлердин пайдаланылышын, менчигинин түрүнө карабастан бардыкжер пайдалануучулар Кыргыз Республикасынын жер жөнүндө мыйзамдарын, жеручастогун максаттуу арналышына жараша пайдалануунун белгиленген режиминсактоосуна мамлекеттик контроль жүргүзүү. 4. Кыймылсыз мүлк, анын ичинде жер маселеси боюнча пайда болгонталаш жагдайларды кароого катышуу жана аларды жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мененбиргелешип чечүү. 5. Отчетторду түзүү жана Мамкаттоого берүү, алар: - жер фондунун канча экени жана анын категориялар, жерлер, менчикээлери жана пайдалануучулар боюнча бөлүштүрүлүшү, бузулган жерлердинрекультивациясы, кыртыштын түрдүү катмарынын алынганы жана пайдаланыл-ганы жөнүндө отчетторду облустук мамлекеттик администрациялардын бе-китүүсүнө берүү менен; - жерлердин корголушун жана пайдаланылышын мамлекеттик контролдоо-нун жыйынтыктары жөнүндө; - кыймылсыз мүлк рыногунун абалы, жергиликтүү кыймылсыз мүлк ры-нокторундагы суроо-талап жана сунуш жөнүндө, кыймылсыз мүлктүн рыноктукбаасына таасир тийгизүүчү факторлордун талдоосу жөнүндө. 6. Жергиликтүү каттоо органдарынын сатылчу жер участокторунун жанабашка кыймылсыз мүлктүн рыноктук баалары жөнүндө статистикалык отчетто-рун контролдооону, жерлердин укуктук режими, жердин менчик ээлери боюн-ча бөлүштүрүлүшү, жер ээлери жана жер пайдалануучулар боюнчабөлүштүрүлүшү жөнүндө керектүү маалыматтарды камтыган информацияны топ-тоону, классификациялоону жана жалпылоону ишке ашыруу. 7. Мамлекеттик чегараны жана демаркациялоого катышат. III. Борборлордун укуктары Борборлор төмөнкүдөй укуктарга ээ: 1 Төмөнкүлөрдү аныкталган тартипте кароого киргизүүгө. а) Мамкатоого: - Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча нормативдикукуктук актылардын долбоорлорун; - жер жайгаштыруучу, мониторингдөөчү, изилдөөчү, картографиялыкжумуштардын жүргүзүлүшүн камсыздоочу инвестицияларды жана технология-ларды тартуу боюнча, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттиккаттоо, жер ресурстары пайдаланылышын жана корголушун контролдоо жанакыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү боюнча сунуштарды; б) облустук мамлекеттик администрацияга: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген ведомстволукнормативдик укуктук актыларды жоюу жөнүндө сунуштарды; - жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынынсакталышы, жер ресурстарынын сарамжалдуу пайдаланышы тууралуу отчетто-рун угуу жөнүндө сунуштарды; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жеручастокторун кайра алып коюу жөнүндө сунуштарды. 2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан жер ресурстары, жерлерди жакшыртуу, ре-культивациялоо, сугат системаларын реконструкциялоо, жерлердиөздөштүрүү жана пайдаланууга киргизүү боюнча жумуштардын учурдагы жанажыйынтык натыйжалары жөнүндө маалыматтарды жана жер жайгаштыруучу, гео-дезиялык жана картографиялык жумуштардын бүткүл комплексин жүргүзүүгөкеректүү башка материалдарды акысыз алат. 3. Кыймылсыз мүлктүн менчик ээлерине жана пайдалануучуларына алар-дын ведомстволук караштуулугуна жана менчиктеринин түрүнө карабастан,ошондой эле чет өлкөлүктөргө, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга,жарандыгы жок адамдарга келтирилген төмөнкүдөй зыяндардын ордун толту-руу жөнүндө доолорду коет: - жер ресурстарына аларды сарамжалсыз жана башка максаттарга пай-далангандыктан келтирилген зыяндын ордун; - каттоочу органдарга келтирилген зыян үчүн; - Гарантиялык фондго келтирген зыян үчүн; - геодезиялык пункттарга келтирилген зыян үчүн. 4. Мыйзамсыз чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө өз ыйгарым укуктары-нын чектеринде бийлик органдарына, ал эми зарыл учурларда сот органда-рына кайрылат. IV. Борборлордун иштеринин уюштурулушу 1. Борборду анын директору түздөн түз башкарат. Борбордун Директо-ру кызматка Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун директору тарабынандайындалат жана бошотулат. 2. Борбордун башкы бухгалтерин Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу-нун директору Борбордун директорунун сунушу боюнча кызматка дайындайтжана бошотот. 3. Борбордун директору жокто анын милдетин Борбордун директоруКыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун директоруна макулдашуу боюнча да-йындоочу Борбордун кызматкери аткарат. 4. Борбордун директору: - Борборго жалпы жетекчилик кылат; - Борборго жүктөлгөн милдеттердин өз убагында жана так аткарылышыүчүн жеке жоопкерчиликте болот; - Борбордун кызматкерлерин эмгек жөнүндө мыйзамдарга ылайык кыз-матка дайындайт жана бошотот; - өз компетенциясынын чегинде буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү чыга-рат жана алардын аткарылышын контролдойт; - Мамкаттоонун директорунун буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн атка-рат; - Борбордо финансылык тартиптин кынтыксыз сакталышы жана финансы-лык-чарбалык иштердин туура жүргүзүлүшү үчүн жооп берет; - эмгек тартибинин сакталышы үчүн жооп берет жана Борбордун ишинкамсыздоого байланышкан башка маселелерди чечет; - региондун жерлерин пайдаланууну жана коргоону контролдоо боюнчабашкы мамлекеттик инспектор болуп саналат жана райондордун, шаарлардынжерлерин пайдаланууну жана коргоону контролдоо боюнча улук мамлекеттикинспекторлорду мамлекеттик инспекторлордун курамында бардык категория-лардагы жерлерди пайдалануунун абалын текшерүүгө тартат; - мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда Борбордун атынан чы-гат. V. Борборлордун мүлкү жана аны каржылоонун тартиби Мүлк Борборго оперативдүү башкаруу укугу менен бекитип берилет жа-на арналышына ылайык пайдаланылат. Борбордун иши төмөнкүдөй каржыланат: - мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен; - өзүн өзү каржылоодо турган жергиликтүү каттоо органдарынын кото-рууларынан. VI. Борборлордун ишинин токтотулушу Борборду өзгөртүп уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мый-замдарына ылайык ишке ашырылат. Борбордун ишинин натыйжасында пайда болгон документтер ал жоюлган(өзгөртүп уюштурулган) учурда "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивфонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталууга ти-йиш.