Редакцияот 03.04.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 3-апрели № 215           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин              күчүн жоготту деп таануу жөнүндө    Ашыкча    административдик    тоскоолдуктарды    четтетүүмаксатында  ошондой  эле  Кыргыз  Республикасынын  аймагынанстанокторду  жабдууларды  жана  аларга  запастык  бөлүктөрдүташып кетүүнү жөнгө салуу боюнча мыйзамдык базанын жоктугунабайланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:   1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөндөгү токтомдорукүчүн жоготту деп табылсын:   -     2004-жылдын    12-мартындагы    №    160    «КыргызРеспубликасыныи аймагынан станокторду жана жабдууларды ташыпкетүүгө тыюу салуу жөнүндө»;   -  2004-жылдын 21-июнундагы № 457 «Кыргыз Республикасынынаймагынан  станокторду,  жабдууларды  жана  аларга  запастыкбөлүктөрдү ташып кетүүнүн тартиби тууралуу Убактылуу  жобонубекитүү жөнүндө»;   -     2005-жылдын    31-январындагы    №    43    «КыргызРеспубликасынын  Өкмөтүнүн «Кыргыз  Республикасынын аймагынан станокторду,  жабдуулардыжана  аларга  запастык  бөлүктөрдү  ташып  кетүүнүн  тартибитууралуу   Убактылуу   жобону  бекитүү  жөнүндө»   токтомунаөзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу».   2.    Бул    токтом   жалпыга   маалымдоо   каражаттарынажарыялансын.   3.    Бул   токтомдун   аткарылышын   контролдоо   КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалыкөнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.   4.  Бул  токтом  ага  кол коюлган  күндөн  тартып  күчүнөкирет.         Премьер-министр                               Ф.Кулов