Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 3-апрели, № 220 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Тажикстан Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышынын жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундаЖарандыкты алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө 2004-жылдын 26-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган макулдашууну ишке ашыруумаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тажикстан Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынынжарандыгын алышынын жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө тиркелген
жобобекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министрлиги Тажикстан Республикасынынжарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышынын жөнөкөйлөтүлгөнтартиби жөнүндө жобонун аткарылышын камсыз кылышсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштерибоюнча бөлүмүнө жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов