Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 3-апрели, № 226 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө"Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын ишке ашыруу, Кыргыз Реслубликасынын
Конституциясы менен кепилдикке алынуучу өзүнүн ден соолугун, башкаадамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого жана коргоого жарандардынажыралгыс укугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоожөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга жалпыжетекчилик Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинежүктөлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги: - "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылсын; - эки айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин: элдик медицина (табыптарды) жагынан адистерди даярдоо тартибин; саламаттык сактоо адистерин (клиникалык базаларды) даярдоопроцессинде саламаттык сактоо уюмдарынын жана кесиптик медициналыкбилим берүү уюмдарынын ортосунда өз ара мамилелердин тартибин; медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди кесиптикмедициналык жана фармацевтик уюмдар, ассоциациялар (союздар) тарабынанаттестация жүргүзүү тартибин; медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлер аттестацияданөткөндөн кийин аларды каттоо тартибин; - Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза кодексине, КыргызРеспубликасынын
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине"Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 101 жана 102-статьяларына ылайыкжарандардын, медициналык персоналдын жоопкерчилигин күчөтүү маселелерибоюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштардыиштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин. 3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигиКыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигименен бирдикте "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоожөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-статьясынын экинчибөлүгүндө белгиленген окумуштуулук даража жана иш стажысы үчүнмедициналык кызматкерлерге үстөктөрдү төлөө жөнүндө 2006-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушкиргизсин. 4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары: - бийик тоолуу жана алыскы айыл жерлеринде иштеген медициналыкжана фармацевтикалык кызматкерлерди турак жай менен камсыз кылышсын; - саламаттык сактоонун муниципалдык уюмдарында иштөөгө жиберилгенжаш адистерге турак жай аянтын жана башка мүлк беришсин; - биологиялык материалдарды жана медициналык калдыктардыутилдештирүүгө, талап кылынбаган өлүктөрдү көмүүгө каражаттарды өзучурунда бөлүүнү камсыз кылышсын; - жеке медициналык практикада жана коммерциялык эмес негиздегифармацевтикалык иш жүргүзгөн юридикалык жактарга жана жеке адамдаргадайыма колдоо көрсөтүшсүн. 5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жанаКыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясатыминистрлиги төмөнкүлөрдү иштеп чыгышсын жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн бекитүүсүнө беришсин: - жаш адис жолдомо боюнча иштөөдөн баш тартса окутуунун (бюджеттикнегизде) наркынын ордун толтуртуп алуу тартибин; - медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлердимедициналык жана фармацевтикапык иш жүргүзүүдөн четтетүү тартибин. 6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тийиштүүминистрликтер жана ведомстволор менен бирдикте жарандарга, анын ичиндедене тарбия жана спорт менен машыккан адамдарга, алыскы гарнизондордунаскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздукоргандарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аскердик кызматкаралган аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерине,ошондой эле эркиндиги чектелген адамдарга дартты аныктоо, медициналык-санитардык жана адистештирилген жардам көрсөтүү боюнча келишимдикмамилелерди иштеп чыгуу жөнүндө 2006-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттөКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин. 7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги КыргызРеспубликасынын Юстиция министрлиги менен бирдикте "КыргызРеспубликасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына каршы келген нормативдик укуктук актылардыкайра карап чыгууну жана жоюуну камсыздасын. 8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун коргоону жакшыртуубоюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын29-июлундагы № 340 токтому; - "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигининмедициналык жардамынын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу)түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 токтомунун 2-пункту. 9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүүбашкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов