Редакцияот 04.04.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 4-апрели № 239                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ             "Кумтор Оперейтинг Компани" компаниясынан алтын               сатып алууну каржылоону камсыз кылуу үчүн            "Центерра Голд Инк." компаниясынын акцияларынын            "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна таандык               12 млн. АКШ доллары суммасындагы бөлүгүн                             сатуу жөнүндө      "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун Аффинаждоо  заводунун  ту-руктуу иштешин камсыз кылуу, Кара-Балта шаарындагы Аффинаждоо заводундаэритиндини андан ары кайра иштетүү жана аффинаждалган алтынды кийин са-туу  үчүн "Кумтор Оперейтинг Компани" компаниясынан Доре алтын кармаганэритиндисин сатып алуу маселесин жөнгө салуу максатында Кыргыз  Респуб-ликасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Акцияларды сатууда Дүйнөлүк банк жана Эл  аралык  валюта  фондутарабынан  аныкталган  шарттарды  эске  алуу менен "Центерра Голд Инк."компаниясынын акцияларынын "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна таан-дык  бөлүгүн  сатууда  процесстин  ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жанауюштуруу маселелерин чечүү үчүн тиркемеге ылайык  курамда  жумушчу  топтүзүлсүн.     2. Жумушчу  топ  ушул  токтом  чыккан  күндөн  баштап  беш  күндүкмөөнөттө:     - акцияларды жана башкаларды сатуу боюнча ортомчулардын жана  кон-сультанттардын  кызмат  көрсөтүүлөрүнө  төлөө  менен  байланышкан салыкалуу,  тикелей жана кыйыр  чыгымдар  маселелерин  комплекстүү  баалоонужүргүзсүн;     - "Центерра Голд Инк."  компаниясынын  акцияларынын  "Кыргызалтын"ачык акционердик коомуна таандык 12,0 млн.  АКШ долларынан (он эки мил-лион АКШ доллары) кем эмес суммадагы бөлүгүн,  ага  акцияларды  ушундайсатуу  менен  байланышкан  салыктардын,  тикелей жана кыйыр чыгымдардынсуммасы кошулат, сатуу үчүн зарыл болгон юридикалык жана финансылык до-кументтердин макулдашылган вариантын даярдасын;     - жумушчу топтун Торонто шаарындагы (Канада)  Эл  аралык  фондулукбиржанын  турган  жерине  барышына зарылдык пайда болгон учурда жумушчутоптун баруусу менен байланышкан чыгымдарды төлөө "Центерра Голд  Инк."компаниясынын акцияларын сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен "Кыргы-залтын" ачык акционердик коомуна чыгымдарды кийин кайтарып берүү  менен"Кыргызалтын"   ачык   акционердик   коомунун  каражаттарынын  эсебиненжүргүзүлсүн.     3. Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети белгиленген тартипте "Кыргызалтын"  ачык  акционердиккоомунун акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда:     - "Центерра Голд Инк."  компаниясынын  акцияларынын  "Кыргызалтын"ачык акционердик коомуна таандык 12,0 млн.  АКШ долларынан (он эки мил-лион АКШ доллары) кем эмес суммадагы бөлүгүн,  ага  акцияларды  ушундайсатуу  менен  байланышкан  салыктардын,  тикелей жана кыйыр чыгымдардынсуммасы кошулат, сатууга "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна уруксатберүү жөнүндө маселени карасын;     - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы  №  2токтому   менен   жактырылган  жана  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн2006-жылдын 10-мартындагы № 150 токтому менен  2006-жылдын  14-мартындаузартылган,  2005-жылдын 22-декабрындагы "Кыргызалтын" ачык акционердиккоому, "Центерра Голд Инк.", "Кумтор Голд Компани" жана "Кумтор Оперей-тинг Компани" компанияларынын ортосундагы алтын сатып алууга макулдашу-уга ылайык атайын эсепке "Центерра Голд Инк." компаниясынын  акцияларынсатуу  менен  байланышкан тикелей чыгымдарды чыгарып салуу менен акция-ларды сатуудан түшкөн каражаттарды жиберүүгө "Кыргызалтын" ачык  акцио-нердик коомуна уруксат берүү жөнүндө маселени карасын;     - "Центерра Голд Инк."  компаниясынын  акцияларынын  "Кыргызалтын"ачык  акционердик  коомуна  таандык  бөлүгүн сатууну ишке ашыруу боюнчабардык зарыл документтерге кол коюуга  "Кыргызалтын"  ачык  акционердиккоомунун президентине ыйгарым укук берилсин.     4. Бул  токтомун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынПремьер-министринин  Аппаратынын  отун-энергетика комплекси,  кен казыпалуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.      Премьер-министр                                 Ф.Кулов                                         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                                        2006-жылдын 4-апрелиндеги № 239                                                      токтомуна тиркеме             "Центерра Голд Инк." компаниясынын акцияларынын            "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна таандык           бөлүгүн сатуу маселесин чечүү үчүн жумушчу топтун                                КУРАМЫ      Макаров А.М.     - Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик мүлктү баш-                        каруу боюнча мамлекеттик комитетинин  төрагасы-                        нын орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;     Дикамбаев А.Ш.   - Кыргыз Республикасынын Экономика  жана  финансы                        министрлигинин  статс-катчысынын милдетин атка-                        руучу;     Мамыров Э.Т.     - Кыргыз Республикасынын  Юстиция  министрлигинин                        статс-катчысы;     Жунушалиев Т.Ш.  - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана ту-                        ризм министринин орун басары;     Тойчубеков Ю.Ж.  - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финан-                        сылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мамлекет-                        тик агенттиктин директору;     Ишенбаев М.Б.    - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрага-                        сынын орун басары (макулдашуу боюнча);     Жумалиев К.Н.    - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин  Ап-                        паратынын отун-энергетика комплекси,  кен казып                        алуу  тармагы   жана   жаратылыштык   ресурстар                        бөлүмүнүн башчысы;     Орозбаева А.Ж.   - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин  Ап-                        паратынын реформаларды,  мамлекеттик программа-                        ларды жана долбоорлорду укуктук жактан  камсыз-                        доо башкармалыгынын начальниги;     Казакбаев Ж.И.   - "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ачык акционердик                        коомунун  башкармасынын  төрагасынын  кењешчиси                        (макулдашуу боюнча);     Жакыпов А.С.     - "Кыргызалтын" ачык  акционердик коомунун прези-                        денти - башкармасынын төрагасы (макулдашул  бо-                        юнча);     Андрю Луис       - "Кумтөр Оперейтинг Компани" компаниясынын  пре-                        зиденти (макулдашуу боюнча),     Крис Лавлейс     - Дүйнөлүк банктын Кыргыз  Республикасындагы  ту-                        руктуу  өкүлчүлүгүнүн башчысы (макулдашуу боюн-                        ча);     Майкл Меред      - Эл аралык  валюталык фонддун Кыргыз Республика-                        сындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы  (макуд-                        цашуу боюнча).      Кыргыз Республякасынын     Премьер-минитсринин Аппаратынын     Жетекчиси - министр                             Т.Коеналиев