Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 4-апрели N 240 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Ысыккөл облусунун Жетиөгүз районунун тургундарына төлөп берүү ишке үчүн "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан процентсиз ссуда алуу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-ноябрындагы N 821 токтомунун редакциясына ылайык) 1998-жылдагы Барскоон авариясынын кесепетинен жапа чеккен КыргызРеспубликасынын Ысыккөл облусунун Жетиөгүз районунун тургундарынын2005-жылдын августунда автомобиль жолун жаап салышына байланыштуу тү-зүлгөн кырдаалды турукташтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердиккоому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана "ЦентерраГолд Инк." компаниясынын ортосундагы Ысыккөл облусунун Жетиөгүз району-нун тургундарынын пайдасына төлөөлөр жөнүндө макулдашуунун долбоорунуншарттарында 4,4 млн. АКШ доллары өлчөмүндө процентсиз ссуданы "КумтөрГолд Компани" жабык акционердик коомунан алууга макулдук берилсин. 2. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын: - Ысыккөл облусунун Жетиөгүз районунун жашоочуларынын пайдасынатөлөмдөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" ачыкакционердик коомунун, "Кумтөр Голд Компании" жабык акционердик коомунунжана "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы Макулдашуунун дол-боору; - "Кумтөр Голд Компании" жабык акционердик коомунун жана "ЦентерраГолд Инк." компаниясынын пайдасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун ортосундагы күрөө келишими. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-ноябрындагы N 821токтомунун редакциясына ылайык) 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун акционерлери-нин кезексиз жалпы чогулушунда: - 4400000 АКШ долларына барабар болгон Узак мөөнөттүү процентсизссуданын эки эселенген суммасынын наркына эквиваленттүү 450 мињ даана-дан ашык эмес санда күрөөгө "Центерра Голд Инктин" акцияларын берүү ма-селеси боюнча чечим кабыл алсын жана жогоруда аталган Макулдашууга жанаКүрөө жөнүндө келишимге, ошондой эле башка зарыл документтерге кол ко-юуга "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун президентине - башкармасы-нын төрагасына ыйгарым укук берсин. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-ноябрындагы N 821токтомунун редакциясына ылайык) 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казыпалуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов