Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2006-жылдын 4-апрели №240 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ Ысыккөл облусунун Жетиөгүз районунун тургундарына төлөп берүү ишке үчүн "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан процентсиз ссуда алуу жөнүндө 1998-жылдагы Барскоон авариясынын кесепетинен жапа чеккен КыргызРеспубликасынын Ысыккөл облусунун Жетиөгүз районунун тургундарынын 2005-жылдынавгустунда автомобиль жолун жаап салышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалдытурукташтыруу максатында Кыргыз Реслубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому,«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому жана "Центерра Голд Инк."компаниясынын ортосундагы Ысыккөл облусунун Жетиөгүз районунун тургундарынынпайдасына төлөөлөр жөнүндө макулдашуунун долбоорунун шарттарында 4,4 млн. АКШдоллары өлчөмүндө процентсиз ссуданы «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердиккоомунан алууга макулдук берилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому,«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому жана "Центерра Голд Инк."компаниясынын ортосундагы Ысыккөл облусунун Жетиөгүз районунун тургундарынынпайдасына төлөөлөр жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттиккомитети "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун акционерлеринин кезексиз жалпычогулушунда: - 4 400 000 АКШ долларына барабар болгон Узак мөөнөттүү процентсиз ссуданынэки эселенген суммасынын наркына эквиваленттүү 150 мињ даанадан ашык эмес сандакүрөөгө "Центерра Голд Инктин" акцияларын берүү маселеси боюнча чечим кабылалсын жана жогоруда аталган Макулдашууга жана Күрөө жөнүндө келишимге, ошондойэле башка зарыл документтерге кол коюуга "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунунпрезидентине - башкармасынын төрагасына ыйгарым укук берсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып алуу тармагы жанажаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов