Сравнение редакций…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 6-апрелиндеги, № 245
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Жалданмачылыкка каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты А.А.Сабиров
тарабынан демилге кылынган "Жалданмачылыкка каршы күрөшүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун
негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул тактом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Жалданмачылыкка каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты А.А.Сабиров
демилге көтөргөн "Жалданмачылыкка каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү аны кабыл алууга төмөнкүдөй сын-пикирлердин жана сунуштардын
негизинде макулдук бере албайт.
Мыйзам долбоору Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу
өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясы иштеп чыккан ушундай
аталыштагы моделдик мыйзам долбоору менен толук түрдө окшош, мыйзам
долбоорунун айрым жоболору бири-бирин кайталайт. Мыйзам долбоорунда
улуттук мыйзамдардын өзгөчөлүктөрү эске алынган эмес, аны мамлекеттин
ичинде колдонуу үчүн зарыл болгон редакциялык түзөтүүлөр
киргизилбеген, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана
Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршылыктар орун алган.
Долбоорлорду даярдоодо колдонулуучу юридикалык техниканын
талаптарына ылайык нормативдик укуктук актынын долбоорунун тексти
мүмкүн болушунча ар кандай түшүнүктөрдү болтурбоо жана нормаларды
колдонуу үчүн кыска сүйлөмдөр менен жазылышы керек. Сунуш кылынган
мыйзам долбоорунун айрым жоболору стилистикалык жактан жеткиликтүү так
эмес, бул мыйзам долбоорун кароодо кыйынчылык жаратат.
Алсак, атап айтканда 1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында
"мамлекетге", "мамлекеттин аймагында" деген сөздөрдү "Кыргыз
Республикасында", "Кыргыз Республикасынын аймагында" деген сөздөр
менен тийиштүү түрдө алмаштыруу менен нормативдик актынын конкреттүү
мамлекетке таандуулугун көрсөтүү керек эле. Мыйзам долбоорунун башка
бир катар статьяларына да ушундай эле сын-пикирлер бар.
Мыйзам долбоорунун 2-статьясы жалданмачылык үчүн кылмыш
жоопкерчилигин белгилейт, бул Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза
мыйзамдарына каршы келет, анткени Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза
кодексинин 1-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза
мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинен турат, ал эми
кылмыш жоопкерчилигин кароочу жањы мыйзамдар Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза кодексине киргизилүүгө тийиш. Мындан тышкары мыйзам
долбоорунун бул статьясы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
жалданмачылык үчүн кылмыш жоопкерчилигин кароочу 375-статьясынын
жобосун кайталайт. Мында ушул статьяга эскертүүдө "жалдоочу" терминине
rүшүнүк берилгендигин эскерте кетүү керек, ал "1949-жылдагы Женева
конвенциясын жана 1977-жылдагы ага Кошумча протоколдорду Кыргыз
Республикасынын ратификациялагандыгы тууралуу" Кыргыз Республикасынын
1999-жылдын 21-июлундагы № 86 Мыйзамы менен ратификацияланган 1949-
жылдагы Женева конвенциясына № 1 кошумча протоколдун 47-статьясына
ылайык келет.
Ошондой эле жалдагычтарды тартууга, пайдаланууга, каржылоого жана
окутууга каршы күрөшүү жөнүндө 1989-жылдын 4-декабрындагы Эл аралык
конвенциянын бар экендиги жөнүндө да белгилей кетүү керек, Кыргыз
Республикасы али анын катышуучусу болуп саналбайт.
Мыйзам долбоорунун 8-статьясы аткаруу бийлигинин тигил же башка
органдарынын иштөө тармагын саноо менен гана чектелет, алардын да
аталыштары жок. үлгү катарында моделдик актыны колдонуу же
имплиментациялоо процессине катышкан мамлекет тиешелүү нормага
мамлекеттик органдын реалдуу аталышын киргизе тургандыгын эске алуу
менен мындай ыкмага эл аралык укуктук актыларда, моделдик мыйзамдарда
жол берилет. Мыйзам долбоорунда "улуттук мыйзамдар", "жогорку мыйзам
чыгаруу органы", "жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоочу ыйгарым
укуктуу мамлекеттик орган" терминдерин колдонууга карата да ушундай
эле сын-пикирлер бар.
Мыйзам долбоорунун 10-статьясында координациялык иш-аракетти
жүргүзүүчү конкреттүү органды көрсөтүү керек, анткени концепцияларды,
программаларды, мониторинг жүргүзүү, иштеп чыгуу, эл аралык
кызматташтыкты жөнгө салуу боюнча чоњ иштер турат. Мыйзам долбоорунун
17-статьясында жалданмачылык жөнүндө материалдарды жайылткан учурда
жалпыга маалымдоо каражаттарына эскертүү берүү, ал эми мындай
жарыялоолор кайталанган учурда анын иш-аракетин токтотуу жөнүндө
маселени сот тартибинде чечүү көрсөтүлөт, бирок жалпыга маалымдоо
каражаттарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу негизги нормативдик акты
болуп саналган "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясында каралган жалпыга жайылтууга
тийиш болбогон маалыматтардын тизмесине мындай материалдар киргизилген
эмес.
Ошондой эле "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясында ушул Мыйзамдын талаптарын
бузган учурда уюштуруунун же болбосо соттун чечими боюнча жалпыга
маалымдоо каражаттарынын иш-аракетин токтото туруу же токтотуп коюу
мүмкүнчүлүгү түздөн-түз каралган, ушуга байланыштуу жалпыга маалымдоо
каражаттарынын иш-аракетин регламенттөө маселеси, анын ичинде алардын
иш-аракетин токтотуу негизи сөзсүз түрдө атайын мыйзамдык актыда -
"Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамында чагылдырылышы керек, анткени бул маселелер ой жүгүртүүгө,
сөз жана басма сөз эркиндигине, ошондой эле мындай ой жүгүртүүлөрдү
жана ынанымдарды тоскоолдуксуз билдирүүгө жарандардын конституциялык
укуктарын сактоого түздөн-түз байланыштуу.
Мыйзам долбоорунун 19-статьясында Кыргыз Республикасынын
жалданмачылыкка катышуучу жарандары үчүн мамлекеттик жана муниципалдык
кызматка, контракт боюнча аскердик кызматка жана укук коргоо
органдарындагы кызматка, ошондой эле билим берүү мекемелериндеги ишке,
жеке детективдик жана күзөт иштерин жүргүзүүгө жеткиликтүүлүктү чектөө
киргизилет, мындай чектөөлөр "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамында, бардык дењгээлдеги билим берүү жөнүндө,
жеке детективдик жана күзөт иштери жөнүндө мыйзамдарда жок. Мындан
тышкары "жалданмачылыкка катышуучу" деген баяндаманы тактоо керек,
анткени кылмыш жасоого күнөөлүү адам сот тарабынан гана аныкталышы
мүмкүн.
Уюмдардын уюштуруу-укуктук формаларын саноодо мыйзам долбоорунун 21-
статьясында так эместикке жол берилген жана аны редакциялык түзөтүү
зарыл, анткени "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык "коммерциялык эмес уюмдар" деген
түшүнүккө коомдук бирикмелер да кирет.
Мыйзам долбоорунун 31 -статьясын алып салуу же болбосо Кыргыз
Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарынын мазмунуна ылайык келтирүү
керек, анткени Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси "саясий"
жана "саясий ишке байланышкан" деген сыяктуу кылмыштардын
категорияларын карабайт.
Мындан тышкары "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-статьясы Кыргыз
Республикасынын мыйзамдары республиканын аймагындагы жана анын чегинен
сырткары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына карата колдонула
тургандыгын карайт. Мында бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында
жүрүшкөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга да
колдонулат.
Демек, сунуш кылынган мыйзам долбоору көрсөтүлгөн талаптарга жооп
бериши керек, башкача айтканда келечектеги мыйзам Кыргыз
Республикасынын аймагындагыларга гана, өз кезегинде анын чегинен
сырткары - Кыргыз Республикасынын жарандарына карата колдонулууга
тийиш.
Ошондой эле мыйзам долбоорунда "улуттук мыйзам", "жогорку мыйзам
чыгаруучу орган" деген түшүнүктөр бар, булар Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында каралган эмес.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, бул мыйзам долбоорунун
маанисин жана мањызын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
"Жалданмачылыкка каршы күрөшүү жөнүндө" Мыйзам долбоорун жеткире иштеп
чыгуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык
келтирүү үчүн барыдан мурда мыйзам долбоорунун авторунун өкүлдөрүнөн,
тиешелүү министрликтерден жана ведомстволордон жумушчу тобун түзүү
максатка ылайыктуу деп эсептейт.
Премьер-министр Ф.Кулов