КҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 11-апрелиндеги №110 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-апрелиндеги №543
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги жөнүндөө ЖОБО I. Жалпы жобо 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстаржана технологиялар мамлекеттик агенттиги (мындан ары -Агенттик)маалыматтык ресурстар жана технологиялар тармагында жөнгө салууну ишкеашыруучу мамлекеттик бийликтин аткаруу органы болуп эсептелет. 2. Агенттик өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясыи,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынынбашка ченемдик укук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте күчүнө кирген, эларалык макулдашууларды, ошондойэле ушул Жобону жетекчиликке алат. 3. Агенттик маалыматтык ресурстардын жана технологиялардынмилдеттерин аткаруу жана иш милдеттерин жүзөгө ашыруу бөлүгүндө КыргызРеспубликасынын Маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланышулуттук агенттигинин укук улантуучусу болуп эсептелет. 4. Агенттик юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик герби түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмийтилдерде жазылган мөөрү жана Кыргыз Республикасынын казыначылыктутумунда алыш-бериш эсеби бар. 5. Агенттик өзүнүн ишин түздүн-түз жана өзүнүн түзүмдүк жанааймактык органдарынын бөлүмчөлөрү аркылуу аткаруу бийлигинин башкамамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,коомдук бирикмелер жана башка ую.мдар менен өз ара алакада ишкеашырат. 6. Агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмү жана кызматкерлерининштаттык саны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынанбекитилет. 7. Агенттиктин расмий аталышы: - мамлекеттик тилде - «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууМаалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агентгиги»; - расмий тилде - «Государственное агентство информационных ресурсови технологий при Правительстве Кыргызской Республики». 8. Юридикалык дареги: Кыргьгз Республикасы, Бишкек шаары, Москвакөчөсү, 172 үй. II. Агенттиктин милдеттери 9. Агенттиктин негизги милдетгери төмөнкүлөр болуп эсептелет: - Кыргыз Республикасынын бирдиктүү мамлекеттик маалыматресурстарын түзүү жана тейлөө; - «Мамлекеттик жашыруун сырларды коргоо жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Мыйзамына ылайык Агентттиктин компетенциясына киргенмамлекеттик маалымат ресурстарынын, маалымат түзүмдөрүнүн жанатармактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана коргоо; - маалыматтык ресурстар жана технологиялар жаатында жөнгө салуу; - заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен калктыбирдиктүү, толук документтештирүүнү уюштуруу жана мамлекеттикмаанидеги документтер менен иштөө тутумун өркүндөтүү. III. Агенттиктин иш милдеттери жана укугу 10. Агенттик өзүнө жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык төмөнкү ишмилдеттерди ишке ашырат: - жалпы мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду, ошондой элемаалыматташтыруу жаатындагы ченемдик укук актыларынын долбоорлоруништеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат; - маалыматташтыруу тармагын жөнгө салуу, мамлекеттик маалыматресурстарын түзүү, сактоо жана пайдалануу, маалыматтык тутумдарды жанатармактарды, программалык-техникалык комплекстерди, жањы маалыматтыктехнологияларды, иштешин камсыз кылуу каражаттарын түзүү жана ишкекиргизүү иш милдеттерин жүзөгө ашырат; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде маалыматгаштыруу жаатындагыпрограммаларды, долбоорлорду жана сунуштарды -экспертизадан өткөрүү,маалыматтык продуктуларды, процесстерди жана технологиялардысертификациялоо аркылуу маалыматтык ресүрстар жана технологияларчөйрөсүнде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы үчүнконтролду ишке ашырат, ошондой эле персонификацияланган документтердинмамлекеттик реестрин түзүүдө, жүргүзүүдө жана тейлөөдө стандарттардын,формалардын, түзүмдөрдүн сакталышына контролду ишке ашырат; - жањы технологияларды, программалык-техникалык комплекстерди,маалыматтык тутумдар менен тармактарды, алардын иштешин камсыз кылуукаражаттарын түзүү, пайдалануу жана ишке киргизүү жаатында иштердиктижүзөгө ашырат; - маалыматташтыруу каражаттарын, улуттук жана эларалык маалыматресурстарынын жана кызматтардын улуттук жана эларалык рыногунөнүктүрүүнүн абалы жана тенденциясы тууралуу аналитикалыкматериалдарды даярдайт; - колдонуудагы жана кайрадан түзүлгөн регистрлердин, ресурстардынжана тутумдардын базасында мамлекеттик маалымат ресурстарын түзүүнү,алып барууну, сактоону, пайдаланууну жана актуалдаштырууну камсызкылат; - Агенттиктин компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынынмамлекеттик маалымат ресурстарын маалыматтык коргоону камсыз кылат; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынынперсонификациялаштырылган документтеринин мамлекеттик реестри жөнүндө»жобого ылайык Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылгандокументтеринин мамлекеттик реестрин түзөт жана тейлейт, ошондой элемамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү жана тейлөө үчүн маалыматтыктехнологияларды колдонуу менен мамлекеттик маанидегиперсонификациялаштырылган, бир түргө келтирилген жана башкадокументтердин автоматташтырылган эсебин жүргүзөт; - үлгүлөрдү долбоорлойт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкмамлекеттик маанидеги персонификациялаштырылган, бир түргө келтирелгенжана башка документтерди (ырастоочу документтерди анын ичиндепаспортторду, айдоочунун ырастамасын, транспортту каттоодон өткөрүүтууралуу документтерди ж.б.) чыгарууну, персонификациялаштырууну жанаберүүнү камсыз кылат, алдынкы технологияларды колдонуу менен алардыкоргоону камсыз кылат; - Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды жанаКыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарды жанажарандыгы жок адамдарды, жашоо уруксат алган чет өлкөлүк жарандарды,Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алган жана жарандыгынан чыкканадамдарды, Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып жаткан КыргызРеспубликасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнчажарандардын автоматташтырылган эсебин түзөт, тейлейт жана алып барат; - жарандык абалдын актыларынын жазууларынын автоматташтырылгапэсебин жүргүзөг; - менчигинин жана ишмердик чөйрөсүнүн түрүнө карабастан юридикалыкжактардын, Кыргыз Республикасынын резиденттерин жана резидентэместерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык КыргызРеспубликасынын аймагында иштеп жаткан жеке ишкерлердинавтоматташтырылган эсебин жүргүзөт; - автомототранспорт каражаттарынын, номердик белгилерди,автомототранспорт каражаттарынын башкаруу укугунун ырастамасын,автомототранспорт каражаттарынын башкаруу, тескөө, ажыратуу жана кайраишеним берүү укугуна ишеним каттарын, техникалык кароодон өткөрүүнүнжыйынтыктарынын автоматташтырылган эсебин жүргүзөт; - транспорттун мамлекеттик регистринде менчигинин түрүнөкарабастан автомототранспорт каражаттарын каттоону жана кайра каттоонужүргүзөт; - зарыл болгон учурда мамлекеттик башкаруу органдарын маалыматтыккамсыз кылуу аркылуу бирдиктүү электрондук документ жүгүртүү тутумунтүзүүгө катышат; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынынбирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүү жаатында башкаруунун мамлекеттикоргандарынын ишин координациялайт жана усулдук жетекчиликти ишкеашырат; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде чет өлкөлөр жана эларалыкуюмдар менен маалыматташтыруу тармагындагы илимий-техникалыкбайланыштарды координациялоону жана кызматташууну ишке ашырат; - аткаруу бийлигинин органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүтарабынан көрсөтүлүүчү мамлекетгик акысыз жана акы төлөнгөнкызматтардын реестрине ылайык кызмат көрсөтөт; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынынаймагында маалыматты коддоштуруунун жана классификациялоонун бирдиктүүтутумун жөнгө салууга катышат; - илимий-практикалык, изилдөө иштерин жүргүзүүгө КыргызРеспубликасынын юридикалык жактарын, ошондой эле чет өлкөлүк уюмдардыжана мекемелерди тартууга, зарыл болгон учурда өз ыйгарым укуктарынынчегинде алар менен макулдашуу жана келишим түзүүтө укуктуу; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз РеспубликасынынМыйзамдарына ылайык уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерденмаалыматтарды жана документтерди сурап алууга укуктуу; - Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен аныкталган жана башка ишмилдеттерди жана укуктарды ишке ашырат. 11. Агенттиктин өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде токтомдор,оуйруктар, нускамалар түрүндө кабыл алган чечимдери КыргызРеспубликасынын Мыйзамдарына ылайык менчигинин түрүнө карабастанмаалыматтык ресурстар тармагындагы бардык субъекттер үчүн милдеттүүболуп саналат. IV. Агенттиктин ишин уюштуруу 12. Агенттикти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушубоюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындоочу жанакызматтан оошотуучу директор башкарат. 13. Директорунун сунушу боюнча Кыргыз Респуоликасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызмагган бошотудуучудиректордун бир орун басары болот. Директордун орун басары директорготүздөн-түз баш ийет жана Агенттиктин ишин ага тагылган милдеттердинчегинде уюштурат. 14. Агенттикте директордун биринчи орун басарынын статусу бармамлекеттик жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат статс-катчынынкызматы уюштурулган. Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кењештинсунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгентартипте директордун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Статс-катчынын иш милдеттери жана ыйгарым укуктары Мамлекеттик кызмат боюнчакењеш тарабынан бекитилген мамлекеттик органдын статс-катчысы жөнүндөжобо менен аныкталат. Директор тарабынан статс-катчыга аткаруу үчүнбашка иш милдеттер жана ыйгарым укуктар жүктөлүшү мүмкүн. 15. Агенттиктин директору: - Агенттикке жүктөлгөн иш милдеттердин жана милдеттердин аткарылышыүчүн жеке жоопкерчилик тартат; - Агенттиктин директорунун орун басарларынын милдеттерин бөлүштүрөтжана жоопкерчилик даражаларын белгилейт; - Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык карамагындагыбөлүмчөлөрдүн жоболорун, түзүмдөрүн, штаттык расписаниесин бекитет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартиптеАгенттиктин борбордук аппаратынын, аймактык органдарынын мамлекеттиккызматчыларын жана кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтанбошотот; - Агенттиктин ишинин маселелери боюнча Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн алдында отчет берет; - маалыматташтыруу чөйрөсүндө адистсрдин квалификациясынжогорулатууну уюштурат; - Агенттиктин иш чөйрөсүндө конгресстерди, конференцияларды,семинарларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш чараларды уюштурат; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укуктар жүктөлгөнучурунда өз компетенциясынын чектеринде эларалык келишимдерди түзөт,сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана тиешелүү чет өлкөлүк ведомстволор,эларалык уюмдар менен келишимдерге кол коёт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайыкАгенттиктин ишине жетекчилик кылуу боюнча башка иш милдеттерди жанаыйгарым укукту жүзөгө ашырат. 16. Агенттикте курамы 9 адамдан турган коллегия түзүлөт. Кызматыбоюнча директор, статс-катчы жана директордун орун басары коллегиямүчөлөрү болуп зсептелет. Коллегияныи курамына Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын өкүлдөрү кирет. 17. Коллегиянын курамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынанбекитилет. 18. Агенттиктин коллегиясы Кыргыз Республикасынын Өкмотүнө караштууМаалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигининишинин өтө маанилүү маселелерин карайт. 19. Коллегиянын чечими токтом түрүндө кабыл алынат жана директордунбуйруктары менен ишке ашырылат. Коллегиянын ишинин тартиби директортарабынан бекитилүүчү регламент менен аныкталат. 20. Агенттиктин борбордук аппаратын, аймактык органдарын жана башийүүдөгү уюмдарын кармоо үчүн чыгымдарды каржылоо республикалыкбюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттабашка каржылоо булактарынын эсебинен ишке ашырылат. V. Кайра уюштуруу жана жоюу 21. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында аныкталган тартипте ишке ашырылат.