КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 7-апрели, № 249 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Мамлекеттик кызматкерлердин үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүсү жөнүндө Улуттук каада-салттарды шөкөттүү өткөрүү боюнча жасалматарлтылып жаткан адаттардан арылуу, элдин чыгымдарыназайтуу, улуттук каада-салттарды кармануудагы куру намысүчүн ашыкча ысырапкорчулукту токтотуу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындасаясий жана администрациялык кызматтарды ээлеп турушканмамлекеттик кызматкерлерге үй-бүлөлүк иш-чараларды (аш-тойлор, мааракелер) элди көп чакырбастан, тамак-ашты жайнатадаярдабастан, жылкы жана мүйүздүү бодо мал сойбостон өткөрүүсунушталсын. 2. Мындай иш-чаралар жупуну, үй-бүлө ичиндеги мамилелеркатары жагдайга жараша жөнөкөй өткөрүлсүн. 3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынасөөк коюу расымын өткөрүүдө тамак-ашты алыстан келгенадамдар жана туугандары үчүн гана уюштуруу практикасыколдонулуп жүргөн айрым жамааттардын тажрыйбасын бардыкжерлерге таратуу сунушталсын. 4. Кыргьгз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратыжана Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги булдемилгени жалпыга маалымдоо каражаттары, жергиликтүү коомдукжана диний уюмдар аркылуу түшүндүрүү боюнча иш-чаралардынпрограммасын даярдашсын. Премьер-министр Ф.Кулов