Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 10-апрели, № 253
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Мамлекеттик пошлина жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-июнундагы № 253
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Мамлекеттик пошлина жөнүндө» Кыргыз Реснубликасынын
Мыйзам долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 22-июнундагы № 253 токтомуна төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр киргизилсин:
- «Мамлекеттик пошлина жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоорунун 7-статьясы төмөндөгүдөй редакцияда
баяндалсын:
«Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан алынуучу
мамлекеттик пошлина:
- сотко кайрылууда республикалык бюджетке түшөт;
- жарандык абал актыларын каттоочу органдарга
кайрылганда -70 процент өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке, 30
процент өлчөмүндө - юстиция мекемелерин өнүктүрүү жана
материалдык жактан колдоо фондука түшөт;
- нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн мамлекеттик
нотариалдык кењселерге кайрылганда - 70 процент өлчөмүндө
жергиликтүү бюджетке, 30 процент өлчөмүндө - юстиция
мекемелерин өнүктүрүү жана материалдык жактан колдоо фондуна
түшөт;
- нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн жеке нотариалдык
кењселерге айрылганда - 70 процент өлчөмүндө жергиликтүү
бюджетке, 10 процент өлчөмүндө жеке нотариус кењсесинин
тескөөсүнө, 20 процент өлчөмүндө - юстиция мекемелерин
өнүктүрүү жана материалдык жактан колдоо фондуна түшөт;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз
Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү
үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылганда 5
процент өлчөмүндө - республикалык бюджетке, 90 проценти -
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын блокирленген
эсебине; 5 процент өлчөмүндө ички иштер органдарын өнүктүрүү
фондуна түшөт.».
2. Бул, токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов