Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-апрелиндеги № 255
токтому менен бекитилген "Кыргызкино" улуттук концерни жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. "Кыргызкино" улуттук концерни (мындан ары - Концерн) КыргызРеспубликасынын Президентинин 2006-жылдын 7-февралындагы № 56 "КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик киновидеокомпаниясын кайра түзүү жөнүндө"
Жарлыгына ылайык түзүлгөн. 2. Концернди түзүү максаты улуттук кинематографияны башкаруу сис-темасын өркүндөтүү, улуттук кинематографты өнүктүрүү үчүн керектүүшарттарды камсыздоо, рухий жана элдик салттарды кайра жандандырууда ки-ноискусствонун ролун жогорулатуу болуп эсептелет. 3. Концерндин курамына бардык мамлекеттик кинематография уюмдарыкирет. Кинематография уюмдарынын негизги иши Концерндин президенти бе-киткен өздөрүнүн жоболоруна ылайык чарбалык эсептин принцибинде кинови-деофильмдерди тартуу, прокаттоо, көрсөтүү жана сактоо болот. 4. Концерн өз ишин Кыргыз Республикасынын
Конституциясына, КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жар-лыктарына жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдо-руна жана буйруктарына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт. 5. Концерн юридикалык жак болот, өз алдынча балансы, Кыргыз Рес-публикасынын Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери,өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган гербдүү мөөрү,штамптары, бланктары болот. Концерн өзүнүн атынан келишимдерди түзө алат, мүлктүк жана мүлктүкэмес башка укуктарды жана милдеттерди ала алат, сотто доочу жана жооп-кер боло алат. 6. Концерндин турган жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,720040, Логвиненко көчөсү, 13. II. Концерндин мүлкү 7. Концерндин мүлкү Концернге оперативдүү башкаруу укугунда, ажы-ратуу укугусуз өткөрүп берилген мамлекеттик мүлк болуп эсептелет. Концерндин мүлкүн негизги фонддор, жүгүртүлүүчү каражаттар, наркыКонцерндин мамлекеттик кинематография уюмдарынын өз алдынча баланста-рында чагылдырылчу башка баалуулуктар түзөт. 8. Концерндин мүлкүн түзүүнүн булактары төмөнкүлөр болот: а) республикалык бюджет, анын каражаттары төмөнкүдөй жумшалышымүмкүн: - Концерндин башкаруу аппаратын кармоого; - кинофильмдерди, мезгилдүү кинобаяндарды, киносанжыраларды тарту-уга, кинофильмдерди кыргыз тилине которууга, мамлекеттик фильм фондунтолуктоого; - толук метраждуу көркөм, документтүү жана мультипликациялык филь-мдерди тартуу үчүн мамлекеттик заказга. б) башка булактар: - Концерндин кинематография уюмдарынын продукцияларын, жумуштарынжана көрсөтүүчү кызматтарын сатуудан, ошондой эле Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарына каршы келбеген ишкердиктин башка түрлөрүнөн алынчу ки-решелер; - ишканалардын, уюмдардын, жарандардын, анын ичинде четөлкөлүктөрдүн акысыз жана кайрымдуулук кошумчалары; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка бу-лактар. III. Концерндин милдеттери жана функциялары 9. Концерндин негизги милдеттери: - жогорку көркөмдүктөгү киноискусство чыгармаларын жаратуу үчүнматериалдык-техникалык базаны, кинематографиялык кадрлардын чыгармачылпотенциалын болушунча пайдалануу; - кинонун каражаттары аркылуу Кыргыз Республикасындагы социал-дык-экономикалык өзгөртүүлөрдү тездетүүгө, коомдун турмушун жањылоогокөмөктөшүү; - мамлекеттик улуттук фильмдер фондун Кыргызстандын элдеринин ма-даний байлыгы катары кийинки муундар үчүн сактоо; - калктын кыргыздын жана дүйнөлүк киноискусствонун чыгармаларынакењири жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүү; - кыргыз кинематографынын өндүрүштүк, техникалык, окуулук жнна ма-алыматтык базасын өнүктүрүү. 10. Концерн негизги милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функциялардыаткарат: - улуттук киноискусствону сактоонун жана келечекте өнүктүрүүнүнконцепциясын иштеп чыгат; - кино тартуучулардын, кинопрокатчылардын, кино коюучулардын мам-лекеттик кинематографиянын чыгармачыл-өндүрүштүк жана материалдык-тех-никалык базасын өркүндөтүү боюнча, киноискусство чыгармаларын калктынкењири катмарына жеткирүү боюнча жалпы милдеттерди аткаруусун координа-циялайт; - мамлекеттик киностудияда тематикалык өндүрүштүк программалардынтүзүлүшүн, мамлекеттик каражаттын эсебинен фильмдерди тартууга смета-ларды жана сарптоолорду түзүүнүн тууралыгын контролдойт; - фильмдерди тартууга тапшырмалардын аткарылышын контролдойт, жа-салып бүткөн фильмдерди кабыл алат; - калкты киновидео тейлөөнү жакшыртуу боюнча иш-чараларды иштепчыгат жана аткарат; - мамлекеттик кинотеатрлардын репертуардык саясатын иштеп чыгатжана ишке ашырат; - киновидео жабдууларды техникалык эксплуатациялоонун эрежелерисакталышын контролдойт; - Кыргыз Республикасынын аймагында элге киновидеофильмдердикөрсөтүүчү кинопроекциялык, видеопроекциялык, видеотелевизиондуктүзүлүштөрдү алардын ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнөкарабастан каттайт; - ата мекендик жана чет өлкөлүк кинофирмалар жана компаниялар ме-нен кино өндүрүшү жана кинопрокат чөйрөсүндө кызматташат; - кадрларды даярдоо, алардын квалификациясын жогорулатуу боюнчаиш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат; - маданий (кинофестивалдар, кино жумалыктар, фильмдердин бет ачар-лары) жана башка программаларды уюштурат. IV. Концерндин укуктары 11. Концерн төмөнкүдөй укуктарга ээ: - уюштуруу, чыгармачыл-өндүрүштүк, чарбалык-финансылык, кадрлык,фильмдерди прокаттоо маселелерин өз алдынча чечүүгө; - өндүрүлчү продукцияга, жасалчу жумуштарга жана көрсөтүлчү кыз-маттарга чыгымдардын көлөмүн аныктоого; - мамлекеттик башкаруу органдарында өзүнүн жана Концернге киргенмамлекеттик кинематография уюмдарынын кызыкчылыктарынын атынан чыгууга; - Концернге кирген мамлекеттик кинематография уюмдарын өзгөртүпуюштурууга; - Концерндин кино уюмдарында технологиялык, өндүрүштүк-экономика-лык процесстерди, эмгекке акы төлөөнү жөнгө салуучу нормативдерди иштепчыгууга; - кинотеатрларды каттоого, ачууга жана эксплуатациялоого; - өндүрүштүк жана башка жайларды, ошондой эле кыймылсыз жана кый-мылдуу мүлктү ижарага берүүгө; - жабдууларды, шаймандарды, транспорттук каражаттарды жана башкаматериалдык баалуулуктарды мамлекеттик ишканалар жана уюмдар, юридика-лык жактар жана жеке адамдар менен келишимдер боюнча алууга, сатууга,алмашууга. Концерндин оперативдүү башкаруусунда турган мүлк менен ушул пунк-тта көрсөтүлгөн иш-аракеттер менчик ээсинин макулдугу менен ишке ашыры-лат. V. Концернди башкаруу 12. Концернде 9 адамдан турган коллегия түзүлөт, ага Концерндинпрезидентинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрининАппаратынын өкүлү, Концерндин кинематография уюмдарынын башкаруу орган-дарынын, республиканын чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү, мамле-кеттик кинематография уюмдарынын кызматкерлери кирет. Концерндин президенти кызмат орду боюнча коллегиянын төрагасы бо-лот. Коллегия мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кон-церндин президентинин сунушу боюнча дайындайт. Коллегия жөнүндө жобону Концерн иштеп чыгат жана Концерндин прези-денти бекитет. Жободо коллегияны ротациялоонун шарттары өэүнчө пунктменен сөзсүз көрсөтүлөт. 13. Коллегия: - улуттук кинематографты өнүктүрүүнүн жалпы багыттарын, анын иши-нин натыйжалуулугун жана азыркы коомдогу маанисин арттыруунун жолдорунаныктайт; - Концерн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү үчүн иштеп чык-кан мыйзамдардын, мамлекеттик жогорку башкаруу органдарынын жарлыктары-нын, токтомдорунун, буйруктарынын долбоорлорун карайт жана талкуулайт; - Концерндин кинематография уюмдарынын жетекчилеринин өндүрүштүкмаселе боюнча отчетторун угат жана тийииштүү чечимдерди чыгарат; - Концерндин кинематография уюмдарынын финансылык-чарбалык иштери-не ревизиялардын жыйынтыктарын карайт; - Концерндин кинематография уюмдарынын ортосунда болгон талаш кыр-даалды карап, аларды жайгаруу боюнча чара колдонот. 14. Коллегия өзүнүн заседаниелеринде анын компетенциясына берилгенмаселелерди чечет. Коллегиянын чечими Концерндин президентинин буйругуменен ишке ашырылат. Коллегиянын Концерндин кинематография уюмдарынын аппаратынын опе-ративдүү-тескөө иштерине кийлигишүүсүнө жол берилбейт. 15. Концернди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындоо-чу президент башкарат. Президенттин бир орун басары - вице-президентболот, аны кызматка Концерндин президентинин сунушу боюнча Кыргыз Рес-публикасынын Премьер-министри дайындайт. 16. Концерндин президенти: - Концерндин башкаруу аппаратынын кызматкерлеринин штатын, анынперсоналдык курамын түзөт жана бекитет; - Концерндин башкаруу аппаратынын кызматкерлеринин милдеттеринбөлүштүрөт, алардын иштерин координациялайт жана багыттайт; - Концерндин башкаруу аппаратынын кызматкерлеринин эмгегине акытөлөөнүн формасын жана шарттарын, ошондой эле эмгек акыларга кошумча-ларды аныктайт; - кинематография уюмдарынын жетекчилерин, ошондой эле Концерндинаппарат кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот, аларды сыйлайтжана тартиптик жаза чараларын колдонот; - ведомствого таандык уюмдардын укуктук мамилелерин жана статуста-рын аныктайт, алар жөнүндө жоболорду (уставдарды), структураларын жанаштаттык сандарын бекитет; - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынынмыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде жана аларды атка-руу үчүн Концерндин компетенциясына берилген маселелер боюнча, ошондойэле Концерндин ишин ички уюштуруу маселеси боюнча буйруктарды, нускама-ларды жана башка актыларды чыгарат; - Концерндин атынан келишимдерди жана юридикалык жактар жана жекеадамдар менен бүтүмдөрдү жасайт, андай бүтүмдөрдү жасоого ишеним кат-тарды берет; - Концерндин компетенциясына кирген маселелерге тиешелүү КыргызРеспубликасынын нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун кароогокатышат; - мамлекеттик бюджеттен, ошондой эле башка финансылык булактардаништин бардык түрлөрүн жүргүзүү үчүн каражат алуучу жана тескөөчү функ-цияларды ишке ашырат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Концерндин мүлкүн жа-на каражаттарын тескейт; - тийиштүү структуралык бөлүмдөрдүн сунуштары боюнча Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарында каралган ишмердикти жүргүзүү укугуна лицен-зия берүү жөнүндө чечим чыгарат; - Концерн кабыл алуучу бардык документтерге кол коет; - кино уюмдары аткарышы үчүн Концерндин көрсөтмөлөрүн жиберет; - Кыргыз Республикасынын аймагында кинотеатрларды жана киновидеотүзүлүштөрдү каттоо жана кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алат; - Концерндин вице-президентине берилген укуктардын, милдеттердин,иш милдеттердин тизмесин бекитет; - Концерндин жана анын аймактык органдарынын кызматкерлерин анык-талган тартипте Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын жана мамлекеттиксыйлыктарын ыйгарууга көрсөтөт; - мамлекеттик материалдык-техникалык каражаттардын эсебинен тар-тылчу кинофильмдердин бардык түрлөрүн, ошондой эле "Кыргызфильм" кинос-тудиясына заказ берилген пландан тышкаркы кино продукцияны тартуугасметаларды бекитет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып Кыргыз Республикасы-нын мамлекеттик кино тармагындагы кинотеатрларда баа түзүү жана белет-терди сатуу системасын бекитет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык бар-дык дењгээлдерде Концерндин кызыкчылыгынын атынан чыгат. VI. Концерндин ишинин токтотулушу 17. Концерндин ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен өзгөртүп уюштурууже жоюу формасында ишке ашырылат.