Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 12-апрели, № 264 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Арашан айыл өкмөтүнө жеке турак жай куруу үчүн жер берүү жөнүндө 2006-жылдын 1-январына карата жер участкаларды алууга КыргызРеспубликасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Арашан айылөкмөтүндө жашаган турак жай шарттарын жакшыртууга өтө муктаж 285 үй-бүлөдөн арыз келип түшкөн. 1994-2005-жылдарда аталган айыл өкмөтүнүн калкы 1843төн 3117 адамгачейин өскөн жана ушул мөөнөттүн аралыгында жеке турак жай куруу үчүнжер берилген эмес. Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Арашанайыл өкмөтүнүн тургандарынын социалдык маселелерин чечүү максатында,Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Чүй облустук мамлекеттикадминистрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнчареспубликалык комиссия менен макулдашылган, жеке турак жай куруу үчүнАйыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 13,7 га сугат айдоосунЧүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айыл өкмөтүнө берүү жөнүндөсунушу кабыл алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Арашанайыл өкмөтүнүн 13,7 га сугат айдоосу "Айыл чарба багытындагы жерлер"категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун. 3. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы: - жалпы пайдалануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сырттасоциалдык-маданий багыттагы объекттерди жана инженердиккоммуникацияларды жайгаштырууну эске алуу менен ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участкасына курулуш курууну пландоочу жанажумушчу документтерди иштеп чыксын; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдүкиргизсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроонөр жай комплекси жана кайраиштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов