КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 795 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 12-апрелиндеги № 269 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чернобыль АЭСиндеги жана башка ядролук объекттердеги кыйроолордун кесепетинен жабыр тартышкан адамдарды социалдык колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" 2006-жылдын 6-апрелиндеги Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чернобыль АЭСиндеги жанабашка ядролук объекттердеги кыйроолордун кесепетинен жабыр тартышканадамдарды социалдык колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" 2006-жылдын 6-апрелиндеги № 163 Жарлыгын ишке ашыруу жана Чернобыль АЭСиндегиавариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдарды анданары социалдык коргоону камсыздоо максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштергекатышкан адамдарга бир жолку акчалай пособие төлөөнүн тиркелгентартиби бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги"Калкка жењилдиктер" деген чыгымдардын статьясы боюнча 2006-жылгаКыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргооминистрлигинин сметасы боюнча бекитилген каражаттардын чектериндечыгымдарды толук көлөмүндө каржылоону 2006-жылдын 15-апрелине каратакамсыз кылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, КыргызРеспубликасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттуккоопсуздук кызматы (макулдашуу боюнча) республиканын райондорунакарата бир жолку акчалай пособие алууга укуктуу адамдардын тизмесин2006-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Эмгекжана социалдык жактан коргоо министрлигине беришсин. 4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргооминистрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникацияларминистрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларыжана Бишкек менен Ош шаарларынын мэриялары бир жолку акчалайпособиелерди өз учурунда төлеө боюнча иштерди уюштурушсун. 5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-мцнистринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүүбашкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов