Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 14-апрели № 271
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Токтогул Гидроэлектр станцияларынын каскадынын
жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын
өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук
жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү туу-
ралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 14-апрели
№ 15-50/165
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана
улуттук жогорку вольттуу электр берүү линняларынын
өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргнзүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты Р.С.Мамыров тарабынан демилге көтөрүлгөн "Токтогул
гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу
электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конститу-
циясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык аны төмөнкүдөй пикирлерди эс-
ке алуу менен кабыл алууга макулдук берет.
Бишкек 1-ТЭЦинин майнаптуу иштешин камсыздоо, айрыкча күз-кыш мез-
гилдерде отун менен камсыздоо максатында мыйзам долбоорунун 2-статьясын
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толуктоо керек деп эсептейбиз:
"Камбарата ГЭС-1, ГЭС-2 жана Бишкек шаарынын 2-ТЭЦинин (курулушу
бүтпөгөн объекттер) курулушун бүтүрүүгө инвестицияларды тартуу жана иш-
ке киргизүү, ошондой эле Бишкек шаарынын 1-ТЭЦинин туруктуу жана натый-
жалуу иштешин камсыздоо максатында көрсөтүлгөн объекттер концессияга,
ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилиши же жањы түзүлүп жаткан чарбакер
субъекттин уставдык капиталына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыла-
йык уюштуруу взносу катары кошулушу мүмкүн.".
"Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жо-
горку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясында:
экинчи абзацтын акыркы сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү боюнча ыйгарым укуктуу
органга таандык негизги, өндүрүштүк көмөкчү, тиричиликтик, транспорт-
тук, ремонттук жана кампалык арналыштагы жабдуулар, курулмалар, имарат-
тар (же алардын бөлүгү), байланыш каражаттары, инженердик коммуникация-
лар, тазалоочу курулмалар, абатталган аймак жана саламаттык сактоо
пункттары аварияларда, табигый кырсыктарда жана башка өзгөчө кырдаал-
дарда керектен чыккан жана зксплуатациялоого, реконструкциялоого, жоюу-
га жараксыз болгондон жана табигый жана моралдык жактан толук эскирген-
ден башкалары ажыратуунун бардык түрлөрүнө, анын ичинде кыйыр ажыратуу-
га жатпайт.".
"Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жо-
горку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясында:
экинчи абзацынын акыркы сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Электр энергиясын берүү боюнча ыйгарым укуктуу органга таандык
негизги, көмөкчү, өндүрүштүк, тиричиликтик, транспорттук, ремонттук жа-
на кампалык арналыштагы жабдуулар, курулмалар, имараттар (же алардын
бөлүгү), байланыш каражаттары, инженердик коммуникациялар, тазалоочу
курулмалар, абатталган аймак жана саламаттык сактоо пункттары авария-
ларда, табигый кырсыктарда жана башка өзгөчө кырдаалдарда керектен чык-
кан жана эксплуатациялоого, реконструкциялоого, жоюуга жараксыз болгон-
дон жана табигый жана моралдык жактан толук эскиргенден башкалары ажы-
ратуунун бардык түрлөрүнө, анын ичинде кыйыр ажыратууга жатпайт.".
Премьер-министр Ф.Кулов