Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 14-апрелиндеги № 273
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын
6-сентябрындагы № 575 токтомуна ылайык
2008-жылдын 23-октябрындагы № 593)
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери
боюнча Улуттук агенттигинин ишин камсыз кылуу маселелери жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 23-январындагы №27
Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-сентябрындагы
№ 575 токтомунун негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2. «Кыргызстандын балдарынын укуктарын ишке ашыруу боюнча 2010-
жылга чейинки мезгилге «Жањы муун» мамлекеттик программасын аткаруу
боюнча Ведомство аралык комиссия жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-декабрындагы №894 токтомуна төмөнкүдөй
өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктуннун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча);».
3. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-октябрындагы № 593 токтомуна ылай-
ык күчүн жоготту)
4. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана
курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын Мамлекеттик турак жай курулуш
департаментинин атайын эсебинен тоголок жетим балдар үчүн субсчету
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-
жылдын 24-майында №378 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын Мамлекеттик
турак жай курулуш департаментинин атайын эсебинин тоголок жетим
балдар үчүн субсчету жөнүндө жобонун аталышында жана бүткүл тексти
боюнча «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитекткра жана
курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын» деген сөздөр «Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитекткра жана курулуш боюнча
мамлекеттик агенттигинин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Жобонун 4.3-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз
алдынча башкаруу иштери жана региондук өнүкгүрүү иштери боюнча
министри» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча
башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги (макулдашуу боюнча)» деген
сөздөргө алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президенттинин «Кыргыз Республикасынын
2010– жылга чейин элетти комплекстүү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы
жөнүндө» 2004-жылдын 24-июнундагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-августундагы №636
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча
башкаруу жана региондук өнүкгүрүү иштери боюнча министри» деген
сөздөр «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча улуттук агенттиги (макулдашуу боюнча)» деген сөздөргө
алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз
Республикасынын «2010 –жылга чейин элетти комплекстүү өнүктүрүү»
Улуттук стратегиясынын чектеринде иштелип чыгуучу 2010-жылга чейин
элетти комплекстүү өнүктүрүү боюнча чаралардын пакеттеринин тизмесинин
бүткүл тексти боюнча «ММСРР» деген кыскартуулар «НАМС (макулдашуу
боюнча)» деген кыскартууларга алмаштырылсын.
6. «Студенттик отряддардын иш аракеттерин өнүктүрүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004- жылдын 13-ноябрындагы №839
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча
башкаруу жана региондук өнүкгүрүү иштери боюнча министри» деген
сөздөр «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча улуттук агенттиги (макулдашуу боюнча)» деген сөздөргө менен
алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Студенттик отряддардын
иштери боюнча уюштуруу комитетинин курамынын тогузунчу абзацы
төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча)».
7. «2010-жылга чейин айыл жерлеринде жер жана кыймылсыз мүлк
рыногун өнүктүрүү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-
февралындагы №76 токтому менен бекитилген «2010-жылга чейин айыл
жерлеринде жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү» Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик программасына төмөнкүдөй өзгөртүү
киргизилсин:
- 1-бөлүгүнүн «Программаны жүзөгө ашырууга жооптуулар» деген
графасында «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча министри» деген сөздөр «Кыргыз
Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук
агенттиги (макулдашуу боюнча)» деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. «Кыргыз Республикасынын айыл жеринде саламаттык сактоону
өнүктүрүү боюнча 2010-жылга чейинки чаралар пакетин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-февралындагы №111
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын айыл жеринде
саламаттык сактоону өнүктүрүү боюнча 2010-жылга чейинки чаралар
пакетине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- «Паспорт» деген бөлүмүнүн үчүнчү абзацындагы «Кыргыз
Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук
өнүкгүрүү иштери боюнча министри» деген сөздөр «Кыргыз
Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук
агенттиги » деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. «2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын айыл жеринде суу
менен камсыздоону өнүктүрүү» чараларынын пакетин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-февралындагы №113
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы «Кыргыз Республикасынын
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча
министрине» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз
алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги» деген сөздөргө
алмаштырылсын;
- 3-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча
башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча министри» деген сөздөр
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча
улуттук агенттигине сунушталсын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген «2010-жылга чейин
Кыргыз Республикасынын айыл жеринде суу менен камсыздоону өнүктүрүү»
чараларынын пакетинин бүткүл тексти боюнча «Кыргыз Республикасынын
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча
министри» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «Кыргыз Республикасынын
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги» деген
сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министр Ф.Кулов