Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 17-апрели № 278
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү
активдештирүү жана коомдук коопсуздукту
камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар
жөнүндө
Бул токтом криминалдык лидерлер өздөрүнүн кылмыштык иш-аракеттери
менен саясий ишке аралашууга, бийлик структураларына кирүүгө жана рес-
публикадагы туруктуулукту сактоо үчүн түзүлгөн Бакиев-Кулов саясий тан-
демин бөлүп-жарууга жанталашып жаткан шартта өлкөдөгү кырдаалдын соњку
өнүгүшүнө байланыштуу кабыл алынууда.
Уюшкан кылмыштуу топтор жагынан бийлик институттарына жана коомго
жасалган психологиялык жана күч колдонуу кысымы Кыргыз Республикасынын
мамлекеттүүлүгүн иш жүзүндө ыдыратат.
Кылмышкерлер укук коргоо кызматкерлерин жөнү жок уруп-сабап, мам-
лекеттин жогорку кызмат адамдарына карата күч колдонуу тууралуу корку-
туп-үркүтүүлөргө чейин барышууда. Криминал кээ бир мамлекеттик кызмат-
чылардын калкалоосу, айрым учурларда түздөн-түз көмөгү менен Кыргызс-
танда мамлекетке гана эмес, ошондой эле коомго дагы чыныгы согуш жарыя-
лап отурат. Мунун далили - "Демократия жана жарандык коом үчүн"
өкмөттүк эмес уюмдар коалициясынын лидери Эдил Байсаловдун өмүрүнө кол
салуу.
Криминалдын республикадагы абалды бүлүндүрүүгө жасаган аракеттери
өлкөдөгү саясий, ошондой эле экономикалык абалга дагы терс таасир тий-
гизүүдө. Өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабы-
нан тиешелүү коргоо ала албай мамлекеттик бийлик органдарына ишенимин
жоготууда.
Бийлик структураларына кирүү боюнча уюшкан кылмыштуу топтордун
иш-аракеттери республиканын карапайым жарандары жана Кыргыз Республика-
сынын аймагында иштеген дипломатиялык миссиялар менен эл аралык уюмдар-
дын өкүлдөрү жагынан да акыйкат нааразылыктарды жаратууда. Дүйнөнүн ал-
дынкы өлкөлөрү биздин өлкөдөгү криминалдын таасиринин күчөшүнө жана
анын социалдык күчкө айлануу аракетине байланыштуу өздөрүнүн тынчсыз-
дангандыктарын расмий түрдө билдирүүдө.
Мамлекеттик бийлик органдарынын мындан аркы аракетсиздиги өлкөнүн
келечеги үчүн коркунучтуу болуп баратат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуулук-
ка каршы күрөшүүдө өздөрүнүн өтө чечкинсиздигин жана компетенттүү эмес-
тигин көрсөтүшүп, муну рекэттердин зордук-зомбулуктарына дуушар болуш-
кан адамдар жагынан арыз материалдарынын жоктугуна шылтоолоодо. Ошол
эле мезгилде ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери милиция кыз-
маткеринин кызмат кызыкчылыктарына, ар-намысына карабастан криминалдык
адамдардын кылмыштык изине түшүүдөн баш тартууда.
Кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү уюштурууда координатор болуп сана-
лышкан прокуратура органдары да көњүлкоштук көрсөтүүдө. Сот органдары-
нын дарегине коомдо олуттуу нааразылыктар айтылууда.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтү республикада коомдук тартипти камсыз кылуу, уюшкан кылмышту-
улукка каршы күрөшүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Ушундай шарттарда коомдун чечкиндүү маанайына таянуу менен Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги төмөнкүлөр боюнча
шашылыш жана таасирдүү чараларды көрсүн:
- Кыргыз Республикасынын коому үчүн "№ 1 криминалдык душманды"
аныктоо жана аны тез арада бейтарапташтыруу үчүн бардык мыйзамдуу чара-
ларды көрүү;
- уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлерине жана мүчөлөрүнө карата
козголгон кылмыш иштеринин өндүрүшүн аяктоо;
- 2006-жылдын 12-апрелинде Э.Байсаловго жасалган кылмышты териш-
тирүү жана тез арада толук ачуу;
- уюшкан кылмыштуу топторду табуу жана жоюу боюнча профилактикалык
жана оперативдүү-издөө чараларын жүргүзүү;
- уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн жана аларга катышы бар
адамдарды, ошондой эле куралдуу адамдарды аныктоо жана кармоо максатын-
да мыйзамда белгиленген тартипте шектүү адамдарды жана автотранспорт
каражаттарын текшерүү үчүн убактылуу мобилдүү топторду түзүү;
- уюшкан кылмыштуу топтор менен укук коргоо органдарынын кызмат-
керлеринин кызматташуусу жөнүндө бардык маалыматтарды кылдат текшерүү;
- уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери жана мүчөлөрү жөнүндө
ММКнын, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу-
ларды уюштуруу аркылуу калктын кењири чөйрөсүнө маалымат берүү.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри:
- адистештирилген оперативдүү-тергөө топторуна Кыргыз Республика-
сынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын башкармалык на-
чальнигинен төмөн болбогон Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрли-
гинин жетекчи курамынын ичинен адамдарды бекитип берсин жана алардын
жекече жоопкерчилигин аныктасын;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында криминалдык эле-
менттер жагынан зордук-зомбулукка дуушар болушкан жана анын ичинде
Ысыккөл облусунун аймагында аларды кылмыштык иликтөөдөн баш тартышкан
кызматкерлердин андан аркы кызмат өтөшү жөнүндө маселени карасын;
- бул токтомдун аткарылышын жеке контролдукка алсын жана иштин жы-
йынтыктары тууралуу жума сайын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри-
не билдирип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана сот органда-
рынын дарегине өзүнүн тынчсыздануусун билдирүүнү зарыл деп эсептейт жа-
на бул маселеде алар тарабынан конструктивдүү өз ара түшүнүү жана кол-
доо табат деп ишенет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-
юнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов