Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 жылдын 8 апрелинен № 128
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 19-апрели № 280 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2007-жылга Кыргыз Республикасынын бюджетинин долбоорун даярдоо боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптерижөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 40-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,администрациялык ведомстволору 2007-2009-жылдарга карата министрликтер,мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор үчүн контролдукцифраларды эсептөө үчүн өнүктүрүүнүн мамлекеттик тармактык программала-рына негизделген негизги экономикалык жана каржылык көрсөткүчтөрдү2006-жылдын 25-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Эконо-мика жана каржы министрлигине беришсин. 2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети региондор боюнча 2007-2009-жылдарга, анын ичинде2007-жылга акционердик коомдордун акцияларынын мамлекеттин үлүшүнө ди-виденддерден түшүүчү кирешелердин жана мамлекеттик менчикти менчиктеш-тирүүдөн түшүүчү каражаттардын божомолун Кыргыз Республикасынын Эконо-мика жана каржы министрлигине 2006-жылдын 25-апрелине чейинки мөөнөттөберсин. 3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясатыминистрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыр-гыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги,Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр-жайминистрлиги тиешелүү багыттар боюнча 2007-2009-жылдарга белгиленген ор-точо мөөнөттүү стратегияларды Кыргыз Республикасынын Экономика жанакаржы министрлигине 2006-жылдын 25-апрелине чейинки мөөнөттө беришсин. 4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги: - 2006-жылдын 5-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнчакоординациялык кењеште жактырылган, 2007-2009-жылдарга бюджеттин орточомөөнөтүү болжолунун негизинде министрликтер, мамлекеттик комитеттер,административдик ведомстволор үчүн жалпы контролдук цифраларды даярда-сын. - 2006-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча 2007-жылга баалардынболжолдуу иштелип чыккан индекстерин жана социалдык-экономикалыкөнүгүүнүн башка негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн эсепке алууменен 2007-жылга бюджеттин долбоорун түзүү боюнча нускама материалдар-ды, ошондой эле 2007-жылга контролдук цифраларды даярдасын жана алардыминистрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомство-лорго жана республикалык бюджеттен каржылануучу башка бюджеттик мекеме-лерге 2006-жылдын 31-майына чейин жеткирсин. 5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана республикалыкбюджеттен каржылануучу башка бюджеттик уюмдар 2006-жылдын 1-июлуна че-йин Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинетөмөнкүлөрдү берсин: - Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги тарабы-нан берилген сунуштарга жана сметалардын формаларына ылайык зарыл бол-гон эсептөөлөр жана негиздемелер менен мамлекеттик тармактык өнүктүрүүпрограммаларына негизделген 2007-жылга чыгашалардын жалпыланган смета-ларынын жана атайын каражаттар боюнча кирешелер менен чыгашалардын сме-таларынын долбоорлорун, ошондой эле 2007-2009-жылдарга болжолдук маалы-маттарды. Мында контролдук цифралардын кыйшаюусуз сакталышын камсыз кы-лышсын; - 2007-жылга бюджеттик мекемелердин тармактары, штаттары жана кон-тингенттери боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү. 6. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республи-касынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналыккамсыздандыруу фондуна 2006-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө КыргызРеспубликасынын Экономика жана каржы министрлигине 2007-жылга каражат-тардын түшүрүүлөрүнүн жана чыгашалардын болжолун берүү сунуш кылынсын. 7. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор жана республикалык бюджеттен каржылануучу башка бюджеттик меке-мелер 2006-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Эко-номика жана каржы министрлигине төмөнкүлөрдү берсин: - программалык форматта 2007-жылга бюджеттик документтерди; - программалардын түрлөрү боюнча бюджеттик каражаттарды потенциал-дуу үнөмдөөнүн варианттарын; - 2007-жылдын бюджетинин долбооруна киргизилбеген артыкчылык бе-рилген сарптоолорду. 8. Мэрлерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын баш-чыларына Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин ай-мактык подразделениелерине төмөнкүлөрдү берүү сунушталсын: - 2006-жылдын 15-июнуна чейинки мөөнөттө жергиликтүү бюджеттердинкиреше бөлүгүнүн макулдашылган долбоорлорун; - 2006-жылдын 15-июлуна чейинки мөөнөттө жергиликтүү бюджеттердинчыгыша бөлүгүнүн макулдашылган долбоорун. 9. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жана Кыргыз Республикасы-нын Экономика жана каржы министрлигинин аймактык подразделениелерининжетекчилерине төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржыминистрлигине берүү сунушталсын: - 2006-жылдын 1-июлуна чейин жалпыланган жергиликтүү бюджеттердинкиреше бөлүгүнүн макулдашылган долбоорлорун; - 2006-жылдын 1-августуна чейин жалпыланган жергиликтүү бюджеттер-дин чыгаша бөлүгүнүн макулдашылган долбоорлорун. 10. Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги: - жергиликтүү бюджеттердин долбоорун кароонун графигин иштеп чык-сын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин; - 2006-жылдын 15-августуна чейин белгиленген тартипте 2007-жылгаКыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун программалыкнегизде администрациялык жана экономикалык классификация боюнча КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин. 11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов