Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 20-апрели №281
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кара-Кече" көмүр кениндеги кырдаалды
жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө
Н.Мотуев башында турган "Жоомарт" кыймылынын "Кара-Кече" көмүр ке-
нинин карьерлерин басып алуу жана технологиялык процесстерди жана кооп-
суздук техникасынын нормаларын одоно буэуу менен көмүрдү өз алдынча ка-
зуудан келип чыккан Нарын облусунун Жумгал районундагы түзүлгөн социал-
дык-саясий жагдай көмүр казуунун жылдык программасы үзгүлтүккө учурашы-
на алып келди жана кендин масштабдуу урап, кайгылуу кесепеттерге дуу-
шарлантуу мүмкүндүгүнө шарт түздү.
Нарын облусунун Жумгал районундагы жагдайды турукташтыруу, "Ка-
ра-Кече" кенинде көмүр казып алууну тартипке келтирүү максатында жана
"Жер казнасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 16 жана
18-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-
дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик:
- "Кара-Кече" кенинде көмүр казууну жүргүзүүчү бардык ишканалардын
жер казнасын пайдалануу укугуна лицензияларынын колдонулушун үч айга
чейинки мөөнөткө токтото турсун;
- "Кара-Кече" көмүр кенин иштетүүгө лицензиялардын колдонулуу
мөөнөттөрүн андан ары узартуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулду-
гу менен гана жүргүзүлсүн.
2. Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мам-
лекеттик агенттик, "Көмүр" мамлекеттик ишканасы жана Кыргыз Республика-
сынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жа-
на тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте:
- "Кара-Кече" кенинде көмүр казуу боюнча иштердин бардык түрлөрүн
токтотууга карата чечкиндүү чараларды көрсүн;
- көмүр казуучу ишканаларга келтирилген материалдык зыянды аныктоо
боюнча комиссия түзсүн.
Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө тиешелүү сунуш киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнүн ушул токтомунун 2-пунктун ишке ашырууда коомдук тар-
типти камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети "Көмүр" мамлекеттик ишканасы менен бирдикте бир жума-
лык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Ак-Улак" раз-
рези" акционердик коомун кайра уюштуруу боюнча конкреттүү сунуш берсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып
алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов