Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 24-апрелиндеги № 289 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы Кыргыз Республикасынын "Коомдуктелекөрсөтүү- ЭЛТР" телерадиокомпаниясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу тууралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн
2007-жылдын 10-апрелиндеги №106 токтомуна ылайык) "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы№632 "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиокомпаниясы жөнүндө"
Жарлыгын аткаруу жана калкка объективдүү маапымат берүүнү камсыздоо,коомдук телерадиоберүүнүн ролун жогорулатуу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги КыргызРеспубликасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиокомпаниясынынишин каржылоого "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалыкбюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жөнүндө каралганфинансы каражаттарын толук көлөмүндө бөлүп берүүнү камсыз кылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитети белгиленген тартипте Бишкек шаары, Эркиндикбульвары, 122 дареги боюнча жайгашкан имараттын бөлүгүн КыргызРеспубликасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын балансынан КыргызРеспубликасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясынынбалансына жана Ош шаары, Учительская көчөсү, 36 дареги боюнчажайгашкан имараттын бөлүгүн тиешелүү аймагы менен КыргызРеспубликасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясынынбалансынан Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынынбалансына тиркемеге ылайык өткөрүп берүү жөнүндө маселени чечсин. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Улуттуктелерадиокорпорациясынын жана Кыргыз Республикасынын «Коомдуктелекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясынын имараттарын өткөрүпберүүнү белгиленген тартипте тариздесин». 4. Ош шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Улуттуктелерадиокорпорациясына батыш тарабынан Улуттуктелерадиокорпорациясына бекитилген жер участкасынан тартып «СулайманТоо» улуттук тарых музейи археологиялык комплексинин азыркы чегарасыначейин жана музей комплексинин азыркы чегарасынын түштүк тарабына чейинкошумча жер участкасын берүү жөнүндө маселени карасын. 5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиокомпаниясы КыргызРеспубликасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы № 632
Жарлыгынын 6-пунктуна ылайык "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР"телерадиокомпаниясына эфирдик аппараттык-монтаждоо комплексин бөлүпберсин жана башка техникалык, чыгармачылык жана уюштуруу маселелеринчечсин. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри А.К.Мадумаровго жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов