Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 24-апрели N 291
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облуcунун Чаткал
районундагы Бешарал мамлекеттик коругунда "Сандалаш" корук
участогун уюштуруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 31-мартындагы N 130 токтомунун
редакциясына ылайык)
Экологиялык абалды жакшыртуу жана региондун кайталангыс биологиялык ресурстарын коргоону жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Биологиялык түрлөр жөнүндө конвенцияга кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Биологиялык түрлөр жөнүндө конвенциянын талаптарын аткаруу үчүн, ошондой эле жалпы республикадагы биологиялык түрлөрдү сактоо максатында, Биологиялык түрлөр жөнүндө конвенциянын 8-статьясына таянып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Сандалаш мамлекеттик аңчылык заказнигинин жерлеринин бөлүгүндө 25715,3 га аянттагы "Сандалаш" корук участогу уюштурулсун.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы N 130 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтомдун N 1 тиркемесинде көрсөтүлгөн жерлер "Запастагы (мам.) жерлер" категориясынан "Өзгөчө коргоолуучу жаратылыштык аймактардын жерлери" категориясына которулсун.
3. "Сандалаш" корук участогу Бешарал мамлекеттик коругунун карамагына өткөрүп берилсин.
4. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 1-тиркемеге ылайык "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулуучу жер участогунун экспликациясы;
- 2-тиркемеге ылайык "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулуучу жер участогунун чек араларынын баяндамасы.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы N 130 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик "Сандалаш" корук участогунун тийиштүү режимин 2006-жылга республикалык бюджетте анын ведомстволук уюмдары үчүн каралган каражаттардын эсебинен каржылоо менен камсыздасын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясы:
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин бөлүү боюнча материалдарды белгиленген тартипте тариздешсин;
- "Сандалаш" корук участогуна бөлүнүүчү жерлерди ушул токтомдон келип чыгуучу "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө белгиленген тартипте сунуш киргизишсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы N 130 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетикалык комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы N 130 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 24-апрелиндеги
N 291 токтомуна N 1 тиркеме
"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери"
категориясына которулуучу жер участогунун
экспликациясы
(Тиркеменин аталышы КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 31-мартындагы N 130 токтомунун
редакциясына ылайык)
┌───────────┬────────┬────────────────────────────────────────────────┐
│Чарбалардын│Жерлер │ анын ичинде, га │
│аталышы │дин ├──────┬───────────┬──────┬─────────┬────────────┤
│ │жалпы │жайыт-│дарак-бадал│суу │жолдордун│башка жерлер│
│ │аянты, │тар │өсүмдүктөр │астын-│астында │ │
│ │га │ │ │ │ │ │
├───────────┼────────┼──────┼───────────┼──────┼─────────┼────────────┤
│Сандалаш │25269,5 │5610,7│ 1058,2 │ 37,3 │ 4,5 │ 18559,2 │
│аңчылык │ │ │ │ │ │ │
│заказниги │ │ │ │ │ │ │
├───────────┼────────┼──────┼───────────┼──────┼─────────┼────────────┤
│Район │25270 │5611 │ 1058 │ 37 │ 5 │ 18559 │
│боюнча │ │ │ │ │ │ │
│бардыгы │ │ │ │ │ │ │
└───────────┴────────┴──────┴───────────┴──────┴─────────┴────────────┘
Премьер-министрдин
Аппарат жетекчиси - министр Т.Коеналиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 24-апрелиндеги
N 291 токтомуна N 2 тиркеме
"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери"
категориясына которулуучу жер участогунун чек
араларынын баяндамасы
(Тиркеменин аталышы КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 31-мартындагы N 130 токтомунун
редакциясына ылайык)
Чегараны сүрөттөөнүн башталышы катары N 1 чекит - Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чегарасы тогошкон чекит алынды. Бул жерден чегара (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1984-жылдын 15-майындагы N 5930-Х Указы) Талас тоо кыркасы, Талас Алатоо тоосунун кыркасы менен жанаша Музбел жана Корумтөр ашуулары аркылуу 1260,0 м аралыктагы 4202,4 м белгилүү бийиктиктен түндүк-батыш тарапта жайгашкан N 2 чекитке чыгат.
Чегара N 2 чекиттен түштүк-батышты карай адегенде каксоо менен, андан ары Аюутөр суусу боюнча Айтпайөлдү (Ашуутөр) суусу менен кесилишкенге чейин 9200,0 м барып, - N 3 чекит, андан ары Айтпайөлдү (Ашуутөр) суусу менен түштүк-батыш багытта жалпы аралыгы 4610,0 м барып Ашуутөр ашуусуна, N 4 чекитке чыгат.
Чегара N 4 чекиттен түштүк-батыш багытта, Сандалаш тоо кыркасы боюнча, 3786,1 м жана 3816,1 м белгилүү тригопункттар аркылуу жалпы аралыгы 23400,0 м аралыкта 4118,1 м белгиси бар бийиктикке Кумбел ашуусуна - N 5 чекитке чыгат. Чегара Кумбел ашуусунан түштүк-батыш багытта 3685,5 белгиси бар тригопункт аркылуу жалпы узундугу 3300,0 м аралыкта Аксай суусуна чыгып, ал боюнча 4200,0 м жүрүп отуруп Сандалаш дарыясы менен кесилишкен N 6 чекитке чейин барат.
Чегара бул жерден Сандалаш суусу боюнча түндүк-чыгышты карай, сай менен кесилишкен N 7 чекитке чейин барат. Чегара бул жерден адегенде түштүк-чыгышты карай сай боюнча 1400,0 м барып, анан ийри каксоо линия боюнча 2600,0 м (түз) барып суу бөлгүчкө чыгат, андан ары суу бөлгүч боюнча сайга жетип, сай боюнча түндүк-чыгышка жалпы аралыгы 2400,0 м барып (түз), Сандалаш суусуна, N 8 чекитке чыгат.
Чегара N 8 чекиттен түндүк-батышты карай Таялмыш жана Чор-Эшек-Өлдү сууларынын ажырымы боюнча, 3730,5 м белгиси бар бийиктик аркылуу Таялмыш тоосуна барып, Пскем тоо кыркасында жайгашкан, тригопункттан түштүгүрөөктөгү, 1860,0 м аралыктагы N 9 чекитке чыгат. N 9 чекит Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чегараларынын тогошуусу болот. Бул жерден чегара кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасы боюнча N 1 чекитке - сүрөттөлүштүн башталышына чыгат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 24-апрелиндеги
N 291 токтомуна
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал
районундагы Бешарал мамлекеттик коругундагы
"Сандалаш" корук участогунун чек араларынын
БАЯНДАМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 31-мартындагы N 130 токтомунун
редакциясына ылайык)
Чек араны баяндап жазуунун башталышы үчүн 3559 тригопункттан түндүктө жайгашкан N 1 чекит (X: 12661214.274, У: 4648000.0) кабыл алынган.
N 1 чекиттен чек ара N 2 чекитке чейин жалпы аралыгы 7214,278 м болгон түз сызык боюнча батыш багытты карай кетет, N 2 чекит Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасында жайгашкан жана төмөнкү координаттарда турат (X: 12654000.0, У: 4648000.0).
N 2 чекиттен чек ара Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын бойлото жалпы аралыгы 64632,21 м барат жана N 3 чекитке - Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасынын тогошуу чекитине чыгат.
N 3 чекиттен чек ара (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1984-жылдын 15-майындагы N 5930-Х Указы) Музбел ашуусу аркылуу Талас Ала-Тоосунун кыры боюнча Талас облусу менен жандашып жалпы 8134,531 м аралыкты өтүп N 4 чекитке (X: 12693909.142, У: 4677542.135) чыгат.
N 4 чекиттен чек ара жалпы аралыгы 5542,128 м болгон түз сызык боюнча түштүк багытта өтөт жана N 5 чекитке чыгат, ал 3590 тригопункттан түндүктө жайгашкан жана төмөнкүдөй координаттарга ээ (X: 12693909.142, У: 467222000.0).
N 5 чекиттен чек ара жалпы аралыгы 6134,014 м болгон түз сызык боюнча түштүк-батыш багытта N 6 чекитке (X: 12687775.551, У: 4672000.0) чейин барат.
N 6 чекиттен чек ара жалпы аралыгы 35798,067 м болгон түз сызык боюнча түштүк-чыгыш багытта кетип жана N 1 чекитке (X: 12661214.274, У: 4648000.0) чыгат.
Корук участогунун аянты 25715,328 гектарды түзөт.
Премьер-министрдин
Аппарат жетекчиси - министр Т.Коеналиев