Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 26-апрели № 301
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кылмыш-жазык сот өндүрүшүнө катышуучу
күбөлөрдүн жана жабырлангандардын
укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам
долбооруна макулдук берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Д.М.Сабиров
тарабынан демилге кылынган "Кылмыш-жазык сот өндүрүшүнө катышуучу
күбөлөрдүн жана жабырлангандардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макул-
дук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 26-апрели №24-3/70
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Кылмыш-жазык сот өндүрүшүнө катышуучу күбөлөрдүн
жана жабырлангандардын укуктарын коргоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-
сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты Д.М.Сабиров тарабынан демилге кылынган "Кылмыш-жазык
сот өндүрүшүнө катышуучу күбөлөрдүн жана жабырлангандардын укуктарын
коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып,
аны кабыл алууга төмөнкүдөй сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу
менен макулдук берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү териштирүүдө жана соттук калыс чечим
чыгарууда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жана сотторуна
көмөк көрсөтүүчү адамдарды коргоонун укуктук механизмдерин өркүндөтүү
идеясын колдойт.
Ошону менен бирге жалпысынан Мыйзам долбоору боюнча, бул мыйзам
долбоорун сотко кирүүдө корголуучу адамдарга алардын тышкы кейпин
чүмбөттөөгө, ошондой эле соттук тергөөнүн жүрүшүндө алардын ким экенди-
гин жалпыга дайын кылуучу анкеталык жана башка маалыматтарын жарыялабо-
ого, ошондой эле зарыл болгондо өзгөчө учурларда аталган адамдарды сот
процессинде көрүнбөш үчүн кошумча изоляциялоо укуктарын караштырган
укукту камсыз кылуучу жоболор менен толуктоо керектигин белгилейбиз.
Ошондой эле шектүү адамды кылмыш ишинин материалдары менен тааныш-
тыруунун жүрүшүндө күбөлөр (жабырлануучулар) жөнүндө маалыматтарды
билүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоо үчүн мыйзам долбоорун кылмыш ишинин айрым
материалдарындагы тиешелүү маалыматтарды "жашыруун" деген гриф менен
сактоону кароочу нормалар менен толуктоону сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунда сот адилеттигине жардам берүүчү кылмыш сот
өндүрүшүнүн катышуучуларынын жеке коопсуздугун камсыз кылууга багыттал-
ган процесстик жол-жоболор каралган. Кылмыш сот өндүрүшүндө күбөлөр ме-
нен жабырлангандардан башка адамдар дагы сот адилеттигине жардам бериши
мүмкүн экендигин көњүлгө алуу менен мамлекеттик коргоого алынчу кылмыш
сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын тизмесин кењейтүүнү сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 3-статьясынын 2-пунктунда "эгерде Кыргыз Рес-
публикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында башкача каралбаса" деген
сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз.
3-статьянын 3-пунктундагы "бањги каражаттарды жана психотроптук
заттардын жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча органдар" деген сөздөрдү
"бањгизаттарды контролдоо боюнча органдар" деген сөздөр менен алмашты-
рууну сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 18-статьясынын 3-пунктунда, 19-статьясынын
5-пунктунда жана 20-статьясынын 4-пунктунда тиешелүү токтомдордун
үстүнөн жогору турган органдарга даттануунун мөөнөтүн көрсөтүү максатка
ылайык деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорунун 5-статьясын "Кыргыз Республикасынын эл аралык
келишимдери" деген сөздөрдөн мурда "белгиленген тартипте күчүнө кирген"
деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 6-статьясынын 1-пунктунун 5-пунктчасында "доку-
менттерди алмаштыруу" деген сөздөрдөн кийин "корголуучу адамга карата
да, зарыл учурда анын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата да анкеталык маалымат-
тарын өзгөртүү менен" деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз.
Сунушталган мыйзам долбоорунун 15-статьясынын 1 жана 2-пункттарын
"пенсия дайындалат" деген сөздөрдөн кийин "же Кыргыз Республикасындагы
мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
"ай сайын берилүүчү социалдык пособие" деген сөздөр менен толуктоону
сунуш кылабыз.
Ушул мыйзамды кабыл алуу менен бир мезгилде Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине
жана Кыргыз Республикасынын Жаза-процесстик кодексине тиешелүү
өзгөртүүлөрдү киргизүүнү зарыл деп эсептейбиз, атап айтканда:
- корголууда турган күбөнүн, жабырлангандын маалыматтарын ачыкка
чыгаргандыгы үчүн кызмат адамдарынын кылмыш жоопкерчилигин киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана Кыргыз
Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине оор жана өзгөчө оор кылмыш жа-
саган адамдарды ашкерелеген учурунда шектүүнү кылмыш жоопкерчилигинен,
ал эми соттолгондорду жазадан бошотууну караган нормаларды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине күбөлөрдү (жа-
бырлангандарды) коргоону караган атайын нормаларды киргизүү, атап айт-
канда: өзүнчө тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү, мисалы, таануучу адам ме-
нен таанылуучу адамдын бирин-бири көрүүсүн жокко чыгаруучу күњүрттөлгөн
айнек аркылуу адамдарды таануу.
Мында азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кыз-
маты тарабынан "Күбөлөрдү кайтаруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзамынын альтернативалуу долбоору иштелип чыккандыгын
көњүлгө алууну өтүнөбүз.
Премьер-министр Ф.Кулов