Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 26-апрелиндеги № 304
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик
администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты М.А.Султанов
тарабынан демилге кылынган "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жерги-
ликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 26-апрели
№ 17-50/212
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-
сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты М.А.Султанов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация-
лар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны ка-
был алууга төмөнкүдөй негиздер боюнча макулдук бере албайт.
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-статьясына ылайык тењеш-
тирүүчү гранттар - бул минималдуу мамлекеттик социалдык стандарттарга
ылайык туруктуу социалдык-экономикалык абалды колдоо боюнча чыгымдарды
каржылоого жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен берилүүчү
трансферттер.
Республикалык бюджеттен тењештирүүчү гранттарды бөлүү өздүк чыгым-
дарды жабуу үчүн жетиштүү ресурстары жок региондор (Ош, Баткен, Жалала-
бат, Талас, Нарын облустары) үчүн жергиликтүү бюджеттердин киреше жана
чыгаша бөлүктөрүн тењештирүү болуп саналат, ал эми өздүк киреше булак-
тарынын эсебинен өзүлөрүн камсыздоого жөндөмдүү региондор үчүн (Чүй,
Ысыккөл облустары жана Бишкек менен Ош шаарлары) тењештирүүчү гранттар
каралбайт. Калктын жан башына алганда жылдык орточо чыгашаны эсепке
алуу менен тењештирүүчү гранттардын өлчөмү да өзгөрөт.
Айыл башчыларыным эмгек акысын тењештирүүчү гранттын эсебинен кар-
жылоого өткөрүү "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги прин-
циптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-статьясына каршы
келе тургандыгын белгилей кетүү керек, анда республикалык бюджеттен
мамлекеттик жалпы мааниси бар иш-чаралар каржылана тургандыгы айтылат,
ал эми айыл башчыларынын иш-аракеттери жергиликтүү маанидеги мүнөзгө
ээ, анткени айыл башчысы жергиликтүү иштерди оперативдүү чечүү үчүн
айыл өкмөтүнүн чечими менен берилген иш милдеттерди аткарат.
Мындан тышкары айыл башчысынын эмгек акысын каржылоо механизми
"Кыргыз Республикасынын айыл башчыларынын эмгек акыларын каржылоо боюн-
ча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-мар-
тындагы № 137 токтому менен жөнгө салынган, анда айыл башчысынын кызмат
маянасы поселкалык башкаруунун жана айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адистери-
нин кызмат маяналарынын дењгээлинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен кар-
жыланууга тийиш экендиги белгиленген.
2006-жылга жергиликтүү бюджеттер үчүн контролдук параметрлерди
жеткирүүдө айыл башчыларынын эмгек акысын төлөө үчүн каражат
бөлүнбөгөндүгүнө байланыштуу маселени чечүү максатында мындай каражат
жергиликтүү бюджетке өткөрүлүп берилүүчү каражат катары республикалык
бюджетте кошумча изделип чыккан, ал эми 2007-жылдан тартып айыл башчы-
ларынын эмгек акысын каржылоо жергиликтүү бюджеттен жүргүзүлөт.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик
администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоо-
рун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Премьер-министр Ф.Кулов