Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 28-апрелиндеги № 311
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын
«Элита» мамлекеттик көмөкчү чарбасына мамлекеттик
колдоо көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын «Элита»
мамлекеттик көмөкчү чарбасына мамлекеттик колдоо көрсөтүү, айыл чарба
өндүрүшүн жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды
түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз
Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын «Элита» мамлекеттик
көмөкчү чарбасынын 2006-жылдын 15-мартына карата 405 239 сом суммасына
мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча карызынын калдыгын төлөө
мөөнөтүн 2007-жылдын 1-декабрына чейин узартсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин
алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду белгиленген
тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгьшын «Элита»
мамлекеттик көмөкчү чарбасы менен мамлекеттик заемдук каражаттар
боюнча карыздын калдык суммасына заемдук каражаттарды пайдаланганы
үчүн процештерди эсептебестен болгон мүлккө күрөөлүк камсыздоо менен
кредиттик келишимдерди кайра түзсүн;
- төлөмдөрдүн мөөнөтү өтүп кеткен учурда айыптык санкцияларды
жылына 10 процент өлчөмүндө белгилесин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра
иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов