Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 28-апрели, №313
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык
стратегиялар борборун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-февралындагы № 71 токтомуна
толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасьшын мамлекеттик органдарынын түзүмүн
оптималдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-
жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-
февралындагы № 49 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык
стратегиялар борборун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 7-февралындагы № 71 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана
өзгөртүү киргизилсин:
2.1-пункт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык
стратегиялар борбору жөнүндө жобо (мындан ары - Борбор жөнүндө жобо)
төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи жана он үчүнчү абзацтар менен
толукталсын:
«агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү программаларын жана божомолдорун
иштеп чыгуу, анын натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн
жогорулатуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу;
агрардык сектордо кооперацияны, интеграцияны жана кластеризацияны
өнүктүрүү зарылчылыгынын негиздемелери;»;
- Борбор жөнүндө жобонун 2.1-пунктунун он экинчи абзацы он төртүнчү
абзац деп эсептелсин.
Премьер-министр Ф.Кулов