Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296
токтому менен бекитилген Кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыккан адамдарга зыяндын ордун толтуруу боюнча бир жолку жөлөкпул төлөп берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО 1. «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» КыргызРеспубликасынын
Мыйзамынын 14-статьясына ылайык медициналык,фармацевтикалык, социалдык жана башка кызматкерлер адамдыниммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыккан учурда социалдык жактанкоргоо алынат. 2. Медициналык, фармацевтикалык, социалдык жана башка кызматкерлеркызматтык милдеттерин аткаруу учурунда адамдын иммуножетишсиздигининвирусуна чалдыккан учурда зыяндын орду төмөнкүдөй толтурулат: - жапа чеккен адамга кесиптик эмгекке жарактуулугун жоготуударажасына жараша эмгек акысынын (же анын бир бөлүгүнүн) өлчөмүндөакчалай сумма төлөп берүү; - белгиленген учурларда бир жолку жөлөкпул төлөп берүү; - кошумча чыгымдардын ордун толтуруу. 3. Кесиптик оорунун кесепетинен кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүнжоготуу даражасы, майыптыгынын тобу медициналык текшерүүнүн натыйжасыбоюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) тарабынананыкталат. 4. Жабыр тартуучуга зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү анын орточоайлык эмгек акысына жана анын эмгекке жарактуулугун жоготушунунбелгиленген даражасына негизденүү менен аныкталат. Эмгек акысынын ордун толтурууда кесиптик оорунун кесепетинендайындалган майыптуулугу боюнча пенсия, ошондой эле кесиптик ооругачейин жана андан кийин дайындалган пенсиянын бардык түрлөрү, ошондойэле жапа чегүүчү ооруп калгандан кийин зыяндын ордун толтуруунунэсебинен алган эмгек акысы эсептелбейт. 5. Кызматгык милдеттерин аткаруу учурунда адамдыниммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыккан медициналык, фармацевтикалык,социалдык жана башка кызматкерлерге жоголгон эмгек акысынын ордунтолтуруудан тышкары төмөнкү өлчөмдөрдө бир жолку жөлөкпул төлөнөт: - I топтогу майыптуулугу боюнча - жапа чегүүчүнүн он орточо жылдыкэмгек акысы; - II топтогу майыптуулугу боюнча- жапа чегүүчүнүн беш орточожылдык эмгек акысы; - III топтогу майыптуулугу боюнча- жапа чегүүчүнүн үч орточожылдык эмгек акысы. Орточо айлык эмгек акыны эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык аныкталат. 6. Эмгектик милдеттерин аткарууда адамдын иммуножетишсиздигининвирусуна чалдыккан кызматкерлер жоготкон эмгек акысынын ордунтолтуруудан тышкары бир жолку төлөмдөр менен кошумча чыгымдардын ордунтолтурууга укуктуу. Кошумча чыгымдарга булар кирет: - кошумча тамактануу: - дары-дармектерди сатып алуу; - протез жасоо; - жапа чеккендерге башка адамдардын же анын үйбүлө мүчөлөрүнүн көзболушу; - санаторий-курорттук дарылоо; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чыгымдардын башкатүрлөрү. Чыгымдардын кошумча түрлөрү МСЭКнын же жапа чегүүчүнүн муктаждыгыжөнүндө дарылоо-алдын алуу мекемесинин корутундусуна ылайыкжүргүзүлөт. Чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Окмөтү аныктагантартипте жүргүзүлөт. 7. Кызматтык тикелей милдеттерин аткаруу учурунда адамдыниммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыккан медициналык, фармацевтикалык,социалдык жана башка кызматкерлер каза болгон учурда КыргызРеспубликасынын Эмгек
кодексинин 249-статьясына ылайык зыяндын ордунтолтуртуп алууга укугу бар адамдарга жапа чегүүчүнүн эмгек акысынынжыйырма орточо жылдык өлчөмүндө, бирок төлөп берүү күнүндө ошол жерүчүн белгиленген жашоо минимумунун төрт жылдык өлчөмүнөн кем болбогонбир жолку жөлөкпул төлөнөт. 8. Ушул Жободо каралган чыгымдар Кыргыз Республикасынын Окмөтүаныктаган тартипте орду толтурулат. 9. Бир жолку жөлөкпулдарды дайындаган жана төлөп бергенкомпетенттүү орган кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда адамдыниммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыккан адамдарга зыяндын ордунтолтуруу боюнча бир жолку жөлөкпулдарды төлөп берүү мөөнөттөрүн КыргызРеспубликасынын мыйзамына ылайык аныкталат.