Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 4-майы № 320
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Тамеки тартууну чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары
А.М.Марипов, О.М.Артыкбаев, Б.Э.Шерниязов, С.Ш.Жеенбеков, Б.М.Мурзубра-
имов жана М.Т.Мамасаидов демилге кылышкан "Кыргыз Республикасынын жа-
рандарын тамекинин зыяндуу таасиринен сактоо жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамынын альтернативалуу долбоорун көњүлгө алуу менен Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Тамеки тартууну чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мынын долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз, Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 4-майы № 20-5/147
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Тамеки тартууну чектөө женүнде" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты А.Т.Абжалиев киргизген "Тамеки тартууну чектөө
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иликтеп көрүп, Кыргыз
Республикасы 2006-жылдын 2-мартында ратификациялаган тамекиге каршы
күрөш боюнча ВОЗдун Алкактык конвенциясын жетекчиликке алып, ошондой
эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары тарабынан де-
милге кылынган "Кыргыз Республикасынын жарандарын тамекинин зыяндуу та-
асиринен сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын альтернати-
валуу долбоорун көњүлгө алуу менен төмөнкү сын-пикирлердин негизинде
аны кабыл алууга макулдук бербейт.
"Кыргыз Республикасынын жарандарын тамекинин зыяндуу таасиринен
сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын альтернативалуу дол-
боору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты А.Т.Абжалиев
демилге кылган "Тамеки тартууну чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоорунан айырмапанып, калктын ден соолугун коргоо жана чыњдоо
максатында тамеки буюмдарын колдонуу жаатында коомдук мамилелерди кыйла
катуу жөнгө салууга мүмкүндүк берет.
Тиешелүү министрликтердин сын-пикирлерине ылайык "Кыргыз Республи-
касынын жарандарын тамекинин зыяндуу таасиринен сактоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоорун негиз катары алып эки мыйзам дол-
боорун бириктирүүнү сунуш кылабыз, анткени акыркы мыйзам долбоору таме-
киге каршы күрөшүү боюнча ВОЗдун Алкактык конвенциясынын принциптерин
эске алуу менен иштелип чыккан.
Аларды бириктирүү эл аралык талаптарга жооп берүүчү оптималдуу
долбоорду иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
Премьер-министр Ф.Кулов