Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 6-майындагы № 329 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабинетинин ортосунда 2003-жылдын 28-мартында Киев шаарында кол коюлган Маалымат тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын МинистрлерКабинетинин ортосунда 2003-жылдын 28-мартында Киев шаарында колкоюлган Маалымат тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун 13-статьясына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында,
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана
"КыргызРеспубликасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" КыргызРеспубликасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын МинистрлерКабинетинин ортосунда 2003-жылдын 28-мартында Киев шаарында колкоюлган Маалымат тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги украина тарапкаКыргыз Республикасы ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүүмамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы тууралуу билдирсин. 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов