Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 10-майы № 338 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-апрелиндеги № 164 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу "Кадр маселелери боюнча нормативдик документтерди бекитүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-мартындагы № 154
токто-му менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президенти дайындоодо КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин сунушу талап кылынуучу кызмат орун-дарынын
тизмесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инс-пекциясынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2005-жылдын 25-апрелиндеги № 164
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жанатолуктоо киргизилсин: - 3-пунктта "директордун үч орун басары, анын ичинде бир биринчи"деген сөздөр "статс-катчы, эки орун басары" деген сөздөр менен алмашты-рылсын; - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы жөнүндө
жободо: 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "19. КРӨгө караштуу МСИни Кыргыз Республикасынын Премьер-министри-нин сунушу (көрсөтүүсү) боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кыз-матка дайындоочу жана бошотуучу директор башкарат."; 20-пунктта: биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "20. КРӨгө караштуу МСИнин директорунун статс-катчысы жана экиорун басары болот."; пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу боюнча жанаКРӨгө караштуу МСИнин директорунун макулдугу менен Кыргыз Республикасы-нын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошо-тулат.". Премьер-министр Ф.Кулов