Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 10-майы № 339
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду
киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты С.Ш.Жеенбеков
демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду
киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген
корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 10-майы № 17-10/95
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Кыргыэ Республнкасынын Салык кодексине
толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз
Республнкасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-
сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты С.Ш.Жеенбеков демилге кылган "Кыргыз Республикасынын
Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкү негиздер боюнча аны кабыл алууга
макулдук бербейт.
Айрым чарбакер субъекттерге берилүүчү Кыргыз Республикасынын салык
мыйзамдарында каралбаган ар кандай салыктык жењилдиктер салык салуунун
негизги принциптеринин бири - бардык чарбакер субъекттер үчүн чарба
жүргүзүүнүн бирдей шарттарын түзүүнү, адилеттүүлүк жана бардыгына бир-
дейлик принциби боюнча айрым чарбакер субъекттердин ортосундагы салык-
тарды бөлүштүрүү механизмин түзүүнү болжолдогон адилеттүүлүк принцибин
бузууга алып келет. Экономикалык ишмердиктин кээ бир түрлөрүндө салык-
тык жењилдиктерди берүү менен мамлекет төмөндөп бараткан кирешелерди
толуктоо үчүн ишмердиктин башка түрлөрүнө салыктык төлөмдөрдү жогорула-
тууга аргасыз болот. Ошентип, иш жүзүндө салыктык оорчулукту көз
көрүнөө бирдей эмес бөлүштүрүү келип чыгат.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору, ошондой эле "Кыргыз Республикасын-
да Салык саясатын өнүктүрүү концепциясынын долбоору жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 29-майындагы № 255 токтому жана
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын
2001-жылдын 26-июнундагы № 410-II токтому менен жактырылган колдонулуу-
дагы 2001-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын Салык саясатын
өркүндөтүү концепциясынын жоболоруна карама-каршы келет.
Андан дагы киргизилген мыйзам долбоорунда айыл чарба техникаларын
жана аларга комплектөөчү буюмдарды берүүлөрдү КНСтен бошотуу каралат,
бул МВФнын миссиясынын жүрүшүндө жетишилген келишимдерге карама-каршы
келет.
Ошондой эле айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү КНС төлөөчүлөр
болуп эсептелбеген субъекттердеги рыноктордон техника жана комплектөөчү
буюмдарды сатып аларын белгилөө керек. Ички рынокто айыл чарба техника-
ларын берүү менен негизинен айыл чарба өндүрүүчүлөрү эмес, ортомчулар
иш жүргүзүшөт. Ушуга байланыштуу ички берүүлөргө КНСти алып салуу баа-
нын төмөндөшүнө алып келбейт, бирок бюджеттин белгилүү жоготууларына
алып келет.
Чарбакер субъекттерди колдоо максатында 2006-жылдын 1-февралында
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор-
ду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, анда
наркы 100000 сомдон ашкан өздүк өндүрүштөр үчүн импорттолуучу негизги
каражаттарды КНС төлөөдөн бошотуу каралган.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары
А.Келдибеков жана Р.Мамыров тарабынан "Кыргыз Республикасынын Салык ко-
дексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзам дол-
боору демилге кылынганын билдиребиз, ага ылайык Кыргыз Республикасынын
Салык кодексинин 9 жана 148-статьяларына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү
каралган, атап айтканда:
- негизги фонддордун чектик наркын бир жылдан ашык пайдалануу
мөөнөтү менен - 10000 сом өлчөмүндө белгилөө (9-статьянын 36 жана
37-пункттары);
- айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн КНС төлөөчү катары каттоо факты-
сына карабастан КНС төлөөдөн бошотуу (148-ст.).
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги бул мый-
зам долбоорун колдогон, анткени ал негизинен жогорудагы айтылган проб-
лемаларды алып салат.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү
жөнүндө" Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Премьер-министр Ф.Кулов